Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 22-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 08:32

Жарандардын даты, Жакупованын каты


Чолпон Жакупова.

«Адилет» укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова президент Сооронбай Жээнбековго ачык кайрылуу жазды. Анда укук коргоочу элдин коррупцияга каршы күрөш тууралуу бийликтин сөздөрүнө ишенбей жатышынын себептери талданган.

Кайрылууда 2019-жылдын 1-январынан тартып жазык мыйзамдарынын жаңы блогу күчүнө киргени кеп болуп, «Адилет» клиникасы бул реформанын негизги багыттарын колдой турганы айтылат.

Ошону менен катар кайрылууда мыйзам колдонуу тажрыйбасы жаңы мыйзамдардагы олуттуу кемчиликтерди, ошондой эле укук коргоо жана сот органдары тарабынан жол берилген мыйзам бузуу фактыларын ашкерелеп жатканы белгиленет.

Уюмдун маалыматы боюнча юристтер чөйрөсүндө укук коргоо органдары тиешелүү иликтөө жүргүзбөстөн эле кайсы бир кылмыштар тууралуу арыздарды Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоодон мыйзамсыз жана негизсиз баш тарткан учурлар талкууланууда.

«Коомдо жана ЖМКда өлкөдөн капиталдын эбегейсиз өлчөмдө чыгарылышы согуш жүрүп жаткан мамлекеттердеги деңгээлге жетип калганы ачык эле айтылып жатат»

Чолпон Жакупованын баамында, мындай шартта Кыргызстанга инвестиция тартуу жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. «Коомдо жана ЖМКда өлкөдөн капиталдын эбегейсиз өлчөмдө чыгарылышы согуш жүрүп жаткан мамлекеттердеги деңгээлге жетип калганы ачык эле айтылып жатат», дейт ал. «Укук коргоо органдары коррупция менен күрөш боюнча эсеп деген нерсени толтурууда өз ара мелдеш уюштуруп жиберишти, бирок алардын Сиздин атыңызды пайдаланып «саап» бөрк ал десе баш алган аракеттеринен жөнөкөй жарандар жана ишкерлер жабыр тартып жатышат».

Чолпон Жакупованын кайрылуусунда өлкөдөгү кылмыш чөйрөсү менен күч түзүмдөрү тыгыз аралашып, ишкерлер өлтүрүлүп жатканынын мисалы катары «Мадина» кафесинин ээсинин киши колдуу болгонун эске салган.

Бул окуя ишкерлер чөйрөсүндө эле эмес, саясий деңгээлде да кеп болуп жатканы маалым. Жакында эле ишкердин өлтүрүлүшүнө байланышкан маселени депутат Жанарбек Акаев да козгоп, өлкөдө криминал баш көтөргөнүн айтып чыкты:

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

- Мамлекет, өкмөт ушундай маселеде өзүнүн алсыздыгын көрсөтүп жатат. Криминал азыр Кыргызстанда кадимкидей баш көтөрдү. Мына, Кыргызстандан чыгып кеткен акчанын суммасын карагыла, жарым жылда 247 миллион сом акча чыгарылып кетти. Жалаң эле чоң компаниялар эмес, азыр орто бизнестин өкүлдөрү да акчасын өлкөдө чыгарып кетип жатат. ИИМ болсо криминал менен күрөшпөй отурат. Макул, чоң реформаларга акча керек, бюджетте акча жок дейли, бирок ушул криминал менен күрөшкөнгө, кылмыш дүйнөсүнүн «авторитеттерин» четинен түрмөгө тыкканга да акча керекпи? Буга саясий эрк гана керек.

Көп өтпөй дооматтарга буга чейин премьер-министрдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев жооп берип, бизнестин кызыкчылыгын коргоодо укук коргоо органдарынын жана сот органдарынын ишинде кээ бир маселелер бар экенин моюнга алды, бирок инвестициялык климат үчүн мындай билдирүүлөрдө этият болууга үндөдү:

- Борбор шаардагы ишкердин өлүмү боюнча кечиктирилгис тапшырмалар берилди. Милициянын ыкчам аракети жана «Коопсуз шаар» долбоорунун техникалык мүмкүнчүлүктөрүнүн шарапаты менен кыска убакытта кылмыштын бети ачылды. Биз атамекендик бизнестин жана ишкерликтин, инвестициялык климаттын кызыкчылыгы үчүн мындай кескин билдирүүлөрдү жасоодон карманууга чакырат элек.

Адилет Султаналиев капиталдын качышы боюнча дооматтарга да жооп берип, саясатчыларды сын айтууда объективдүүлүккө чакырды:

Адилет Султаналиев.
Адилет Султаналиев.

- Капиталдын чыгып кетиши эсептелип, бирок ошол эле кезде сырттан келген түз инвестиция да байкаларлык көп болуп жатат. Ушунун өзү өлкөдөгү жеңил эмес саясий процесстерге карабай өкмөт инвестицияны коргоодо жетиштүү аракеттенип жатканын көргөзүүдө. Депутат экономиканын саясатташуусунан бизнес жабыр тарткан 2005-жылды жакшы мисал келтирди. Бул жылы, тилекке каршы, чуулуу саясий процесстер, Солтон-Сарыдагы, Кой-Таштагы, Кызыл-Омполдогу окуялар экономикага таасир этпей койгон жок.

«Адилет» клиникасынын жетекчиси өз кайрылуусунда белгилегендей, жарандык тартипте сотто карала турган жарандык-укуктук бүтүмдөр боюнча тергөө жүргүзүлгөн учурлар бар. Мисалы, машинелердин же батирлердин алды-сатты келишимдери жокко чыгарылбаса да алар боюнча кылмыш иштери козголгон учурлар кездешет. Анын көз карашында, ушундан улам жарандардын кайсы гана өз ара келишими болбосун алдамчылар жана колу туткак тергөөчүлөр үчүн жем жеген акырга айланышы ыктымал.

«Эми адамдар келишим түзүп, акчасын берип жатканын видеокамерага тарткандан башка айласы калбай калды», деп айтылат кайрылууда.

Чолпон Жакупова мүлк мыйзамсыз камакка коюлган фактылар, кылмыш иштери боюнча күбө катары өтүп жаткан адамдардын чет өлкөгө чыгышына мыйзамсыз тыюу салынган учурлар бар экенин эске салган. Анын пикиринде, «уюмдардын жана башка юридикалык жактардын жетекчиси катары күбөлөрдүн атынан банктарга жайгаштырылган акча каражаттарынын жана баалуу кагаздардын камакка коюлушу өзгөчө кооптонууга түрткү берет. Мында адам укуктарынын бузулушу үчүн эч ким жооп бербейт».

Кайрылууда айтылгандай, укук коргоо, прокуратура жана сот органдары мыйзамды өз кызыкчылыгына жараша колдонуп, айрым учурларда мыйзам базасынын кемчиликтери даана байкалууда.

Азыркы кабыл алынган мыйзам базасынын сапаты тууралуу эксперттердин деңгээлинде мурда да кеп болгон. Мисалы, мурдагы аскер прокурору Кубатбек Кожоналиев да жаңы кодекстердин күчүнө кириши менен жаза аткарууну гумандаштыруудан көп учурда коррупциялык жана кызматтык кылмыштар боюнча соттолгондор пайдаланып жатышканын белгилеген:

Кубатбек Кожоналиев.
Кубатбек Кожоналиев.

- Жаза аткаруу тутумуна байланыштуу мыйзамдарды реформалоо максатына жеткен жок. Азыр аябай чоң жана коркунучтуу кылмыш кылгандар деле мыйзамдардагы жылчыктан пайдаланып, эркиндикке чыгып кетип жатышат. Бул эми ошол жаңы кодекстердин кемчилиги.

Чолпон Жакупова өз кайрылуусунда адвокатура институтунун маселесин да козгогон. «Адвокатура институтунун иши жокко деле чыгып калды, анткени адвокаттардын сурамдарын тоготпой койгон тиешелүү кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартууга мыйзам да, тажрыйба да жол бербейт. Бул болсо иш жүзүндө коргоосуз калган катардагы жарандардын укуктарына түздөн-түз таасир этет», деп эсептейт «Адилет» клиникасы.

«Мындай шартта Сиздин коррупция менен күрөш тууралуу убадаларыңыздын баары мурдагы жетекчилердин баары эле кайталаган, коомчулуктун кыжырына тийген ураандарга эле айланып калып жатат», деп айтылат уюмдун кайрылуусунда.

Белгилей кетсек, коррупцияга каршы күрөштүн сапаты тууралуу саясий чөйрөдө ар кандай пикирлер бар. Жогору Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев өлкөдө коррупцияга каршы күрөш катуу жүрүп жатат деп эсептейт.

Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

- Коррупцияга каршы укмуштуудай катуу күрөш болуп жатат. Ал эми коррупция менен күрөш болуп жатканда каршылыктар боло берет. Бирок негизинен ири коррупциялык иштер ачылып жатат, - деген эле ал «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» телеберүүсүндө.

Бирок саясат талдоочу Турат Акимов өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөштө сот менен прокуратуранын ишмердүүлүгү мамлекет башчысына көлөкө түшүрүп жатат деп эсептейт.

- Азыр президентке ишенбестик пайда болушу мүмкүн. Бүгүнкүдөй соттун чечимдери, тергөөнүн начар жүрүшү боло берсе, кечээ камалгандар чыгып кетсе президентин аброюна шек келтирет, - дейт ал.

Чолпон Жакупованын катында айтылгандай, коом менен кайра байланыш жок, бийлик элден улам алыстап баратат. «Жогоруда айтылган жагдайлардын баары биригип келип өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалдын оорчулугу менен татаалдашып, коомдук-саясий процесстердин күтүүсүз мүнөзү менен кошул-ташыл болуп кайгылуу натыйжаларга алып келиши мүмкүн», деп айтылат кайрылуунун аягында.

Президенттик администрация бул кайрылууга азырынча жооп кайтара элек.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (20)

XS
SM
MD
LG