Линктер

жекшемби, 22-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 23:11

Жаңы кодекс Арпачиевдин сообуна калды


Кылычбек Арпачиев.

Төрт жыл мурун ири өлчөмдө пара алуу иши боюнча кармалып, 14 жылга кесилген, Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Кылычбек Арпачиевдин жаза мөөнөтү жеңилдеп, жатак абагына которулду.

Бул тууралуу билдирген Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) басма сөз кызматы сот Арпачиевдин кылмыш ишин жаңыдан күчүнө кирген кодекстерге ылайык жаңы жагдай катары карап, анын жаза мөөнөтүн кыскартуу менен жатак абакка чыгаруу тууралуу чечим кабыл алганын жарыялады. Талдоочулар жаңы кодекстердин кемчилиги катары жазаны гумандаштыруу шартынан оор кызматтык жана коррупциялык кылмыштар үчүн айыпталгандар пайдаланып, боштондукка чыгып кетип жатышканын айтышууда.

Арпачиевге арналган «айкөлдүк»

ЖАМКтын басма сөз өкүлү Элеонора Сабатарованын айтымында, Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын 2015-жылы кармалып, камакка алынып, кийин 14 жылга кесилген мурдагы башчысы Кылычбек Арпачиевдин кылмыш иши быйыл 17-июлда жаңы кодекстерге ылайык жаңы жагдай катары кайра каралган. Кылычбек Арпачиев жаза мөөнөтүнүн үчтөн бирин өтөгөндүктөн анын ишин караган сот аны жатак абакка которуу жөнүндө чечим кабыл алган.

Элеонора Сабатарова.
Элеонора Сабатарова.

«Бул иш сотто мурда эле, 17-июлда каралып, ошонун негизинде бул адам жаза мөөнөтүнүн үчтөн бирин өтөп койгонуна байланыштуу аны жатак абакка чыгаруу мыйзамда каралган тартипте жүргөн. Себеби жаңы кодекстер күчүнө киргендиктен буга чейин чыккан сот өкүмдөрү боюнча соттолуучулар иштерин жаңы жагдай катары кайра каратууга укуктуу. Ошонун негизинде азыр Арпачиев жатак абакка которулуп, жаза мөөнөтүн өтөөнү ошол жактан улантууда», - деди Элеонора Сабатарова.

2015-жылы УКМКнын басма сөз кызматы Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Кылычбек Арпачиев бирөөнүн кылмыш ишин жабуу үчүн 200 миң доллар пара талап кылып, өзүнүн иш бөлмөсүндө суралган акчанын 100 миң долларын алып жаткан учурда колго түшкөнүн билдирген болчу. Бул ошол кездеги эң ири пара талап кылуу фактысы катары каралган. Кылычбек Арпачиев Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун кылмыш ишин жабыш үчүн андан 100 миң доллар пара талап кылганы тергөө учурунда аныкталганы кийин кабарланган.

Учурунда коомчулукта бул окуя укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы паракорлук менен коррупциянын масштабынын көрсөткүчү катары сыпатталган да жайы бар.

«Гумандуулуктун» жарыгы кимдерге тийди?

«Прогресс» коомдук фондунун жетекчиси Адил Турдукулов ири өлчөмдө пара алуу үчүн айыпталып, соттолгон адамга карата гумандуулук принцибин колдонуунун өзүндө коррупциялык коркунуч болушу мүмкүн экенин эске салды:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

«Эми «гумандуулук» деген шылтоо менен Арпачиевге окшогон, абдан ири өлчөмдө пара алуу сыяктуу чуулгандуу кылмыш иштерине кириптер болгон адамдардын иштерин кайра кароо өнөкөтү күч алды. Узак мөөнөткө кесилгенине карабастан, көп убакыт өтпөй эле аны жатак абакка чыгарып койгону бул жерде жең ичинен сүйлөшүүлөр болгонун ырастайт. Тилекке каршы, мындай гумандуулук жеңил кылмыш кылып, бирок жазадан кутула албай калган адамдарга карата эмес, коррупциялык-кызматтык кылмыштар кылгандарга же оор кылмыштар менен отургандарга колдонулуп жатканы таң калтырат. Бул коом үчүн абдан коркунучтуу өнөкөт. Анткени азыр мамлекеттик кызматта иштеп турган адамдар бул мисалдарды көрүп, «жоопкерчиликтен оңой эле кутулуп кетсе болот турбайбы» деген ой менен жаңы кылмыштарга барышына өбөлгө түзүлүп жатат».

Мурдагы аскер прокурору Кубатбек Кожоналиев да жаңы кодекстердин күчүнө кириши менен жаза аткарууну гумандаштыруудан көп учурда коррупциялык жана кызматтык кылмыштар боюнча соттолгондор пайдаланып жатышканын белгиледи. Ал жеңил же анча оор эмес кылмыштар боюнча соттолгондордун көпчүлүгү колу жука болгондуктан, алар кызыкчылыгын коргоп, иштерин соттон кайра карата албай, караткан күндө да жаза мөөнөттөрү өзгөртүүсүз калган учурлар арбын экенин айтты. Адис муну жаңы кодекстердин кемчилиги катары баалады:

Кубатбек Кожоналиев.
Кубатбек Кожоналиев.

«Жаза аткаруу тутумуна байланыштуу мыйзамдарды реформалоо максатына жеткен жок. Азыр аябай чоң жана коркунучтуу кылмыш кылгандар деле мыйзамдардагы жылчыктан пайдаланып, эркиндикке чыгып кетип жатышат. Бул эми ошол жаңы кодекстердин кемчилиги. Азыр жүз миңден пара менен кармалган Арпачиев сыяктуулар жатак абакка чыгып, анан андан ары боштондукка чыгып кетишине мыйзамдын өзүндө чоң шарттар түзүлүп калган. Өз убагында Текебаев эски кодекске «кызматтык, коррупциялык кылмыш кылгандардын же башка оор кылмыштар менен соттолгондордун жаза мөөнөтү кыскартылбасын, алардын жазасын шарттуу түрдө жазага алмаштыруу сыяктуу жеңилдиктер берилбесин» деген өзгөртүү киргизген. Бирок жаңы кодекстерде андай чаралар каралбай калыптыр. Мындай жагдайдан азыр аябай эле пайдаланып жатышат окшойт».

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кылычбек Арпачиевди «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча актап, «Опузалап пара талап кылуу» беренеси боюнча 14 жылга эркинен ажыраткан. Мындан сырткары сот муну менен катар «анын үй-мүлкү мамлекеттин карамагына чегерилип, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөсүн, иш бөлмөсүнөн табылган 30 миң доллар мамлекетке өткөрүлсүн» деп чечкен. Биринчи май райондук сотунун бул өкүмүн 2016-жылы Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (13)

XS
SM
MD
LG