Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:29

Өкмөт депутат Акаевдин «криминал баш көтөрдү» дегенине комментарий берди


Өкмөт Үйү.
Өкмөт Үйү.

Премьер-министрдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаевдин билдирүүсү боюнча комментарий берип, саясатчыларды сын айтууда объективдүүккө чакырды.

«Капиталдын чыгып кетиши эсептелип, бирок ошол эле кезде сырттан келген түз инвестиция да байкаларлык көп болуп жатат. Ушунун өзү өлкөдөгү жеңил эмес саясий процесстерге карабай өкмөт инвестицияны коргоодо жетиштүү аракеттенип жатканын көргөзүүдө. Депутат экономиканын саясатташуусунан бизнес жабыр тарткан 2005-жылды жакшы мисал келтирди. Бул жылы, тилекке каршы, чуулуу саясий процесстер, Солтон-Сарыдагы, Кой-Таштагы, Кызыл-Омполдогу окуялар экономикага таасир этпей койгон жок», - деди ал.

Басма сөз катчы бизнестин кызыкчылыгын коргоодо укук коргоо органдарынын жана сот органдарынын иши тууралуу да кеп кылып, мында кээ бир маселелер бар экенин айтты.

«Борбор шаардагы ишкердин өлүмү боюнча кечиктирилгис тапшырмалар берилди. Милициянын ыкчам аракети жана «Коопсуз шаар» долбоорунун техникалык мүмкүнчүлүктөрүнүн шарапаты менен кыска убакытта кылмыштын бети ачылды. Биз атамекендик бизнестин жана ишкерликтин, инвестициялык климаттын кызыкчылыгы үчүн мындай кескин билдирүүлөрдү жасоодон карманууга чакырат элек», - деп сөзүн жыйынтыктады Адилет Султаналиев.

Жогорку Кеңештин 23-октябрдагы жыйынында депутат Жанарбек Акаев жеке ишкер Хуфур Абдурахемандын өлүмүнө байланыштуу парламентте маселе көтөрүп, бул фактыны өлкөдөгү криминалдын күчөшү катары сыпаттады. Бул үчүн ал Ички иштер министрлигин айыптап, өкмөт кылмыш чөйрөсү менен күрөшүүдө алсыздыгын көрсөткөнүн белгиледи. Ушундай окуялардан улам ишкерлер бизнесин чет өлкөгө чыгарып кетип жатканын белгиледи.

Ишкер Хуфур Абдурахеман 4-октябрдан бери дайынсыз болуп, анын сөөгү 19-октябрда Нарындын Кочкор районунан табылган. Милиция алгач аны өлтүрүүгө байланыштуу шектүү катары төрт киши кармалганын кабарласа, кийинчерээк Ички иштер министрлиги сегиз киши колго түшкөнүн жарыялаган.

39 жаштагы жаш ишкер Хуфур Абдурахеман «Мадина» базарындагы «Мадина» кафесинин ээси болгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG