Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:55

Зулушев: Коррупцияга каршы укмуштай катуу күрөш болуп жатат


Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

Жогору Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев өлкөдө коррупцияга каршы күрөш катуу жүрүп жатат деп эсептейт. Ал мындай пикирин «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» телеберүүсүндө билдирди.

- Коррупцияга каршы укмуштуудай катуу күрөш болуп жатат. Ал эми коррупция менен күрөш болуп жатканда каршылыктар боло берет. Бирок негизинен ири коррупциялык иштер ачылып жатат, - деди депутат.

Коомчулукта «ири өлчөмдө пара менен кармалып, узак мөөнөткө соттолгондор кийинки соттук инстанциялардан айып пул төлөп коюп, бошонуп чыгып жатат» деген сын айтылып жатат.

2014-жылы «Манас» аэропортуна келтирилген 5 миллион доллар өлчөмүндөгү зыян боюнча шектүү катары кармалган, аэропорттун Бишкек филиалынын директору Мирлан Бегалиев үй камагына чыгарылган.

Ири суммадагы пара менен кармалып, 14 жылга кесилгени кеп болгон транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевдин жаза мөөнөтү эки жылга кыскарып, 12 жыл болуп калды.

Ири өлчөмдөгү пара менен кармалып, 12,5 жылга соттолгон автотранспортту каттоо департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматовдун жаза мөөнөтү 3 миллион 300 миң сом өлчөмүндөгү айып пулга алмашылып, сот залынан эркиндикке коё берилген. (TSh)

XS
SM
MD
LG