Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:18

Акимов: сот менен прокуратуранын начар иштеши президентке көлөкө түшүрөт


Турат Акимов.
Турат Акимов.

Саясат талдоочу Турат Акимов «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» теле берүүсүндө өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөштө сот менен прокуратуранын ишмердүүлүгү мамлекет башчысына көлөкө түшүрүп жатканын айтты.

- Азыр президентке ишенбестик пайда болушу мүмкүн. Бүгүнкүдөй соттун чечимдери, тергөөнүн начар жүрүшү боло берсе, кечээ камалгандар чыгып кетсе президентин аброюна шек келтирет, - деди Акимов.

Коомчулукта «ири өлчөмдө пара менен кармалып, узак мөөнөткө соттолгондор кийинки соттук инстанциялардан айып пул төлөп коюп, бошонуп чыгып жатат» деген сын айтылып жатат.

2014-жылы «Манас» аэропортуна келтирилген 5 миллион доллар өлчөмүндөгү зыян боюнча шектүү катары кармалган, аэропорттун Бишкек филиалынын директору Мирлан Бегалиев үй камагына чыгарылган.

Ири суммадагы пара менен кармалып, 14 жылга кесилгени кеп болгон транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевдин жаза мөөнөтү эки жылга кыскарды.

Ири өлчөмдөгү пара менен кармалып, 12,5 жылга соттолгон автотранспортту каттоо департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматовдун жаза мөөнөтү 3 миллион 300 миң сом өлчөмүндөгү айып пулга алмашкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG