Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:22

Мирзиёевге көлөкө түшүргөн эрке күйөө бала


Подполковник Отабек Умаров
Подполковник Отабек Умаров

Ташкентте президенттин коопсуздугу боюнча мамлекеттик кызмат Шавкат Мирзиёевдин кенже күйөө баласы кабылган жол кырсыгынын чоо-жайын иликтеп жатат. 37 жашка таяп калган Отабек Умаров - Мирзиёевдин кичүү кызы Шахнозахондун күйөөсү.

13-февралда Ташкендин «президенттик маршрут» деп аталган борбордук көчөсүндө мотоцикл кырсыктады.

Катуу ылдамдыкта сызгырылтып эки дөңгөлөктүү транспортту минип бараткан адамдын оң буту үч жеринен чорт сынып кетти. Кырсыктаган киши - президент Шавкат Мирзиёевдин кичүү кызы Шахнозахондун күйөөсү Отабек Умаров болчу. Кийин Германиядан атайын жалданып алынып келинген учак менен бейтап Түштүк Кореяга дарыланууга жеткирилгени маалым болгон.

Кырсыктан кийин Өзбекстандын күч органдары окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгоп, тергөө, сурак процедуралары ишке кирди. Биринчилерден болуп шектүүлөрдүн катарына Умаровдун жанында ага бутуна бут, колуна кол болуп катуу ылдамдыктагы унаалардын жарышын уюштуруп жургөн спортчу балдар кабылды.

Алардын кээ бирине жол коопсуздугун сактабай, транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузган деп кылмыш иши козголду. Мындай маалыматтарды президенттин айланасындагы булактар «Азаттыктын» өзбек кызматына билдиришти.

«Азаттыктын» өз булактары да муну тастыктады. Маалыматта коомчулукту уйгу-туйгуга салган бул окуяга Шавкат Мирзиёев катуу ачууланганы айтылат. Ал күйөө баласы менен анын жан сакчысынын акыркы убактарда жасаган иштери, жүрүм-туруму тууралуу отчет талап кылган. Ага кошумча жол кырсыгын иликтөөнү өзүнүн Коопсуздук кызматына тапшырган.

Миризёевдин үй-бүлөсү
Миризёевдин үй-бүлөсү

Өзбекстанда президенттик шайлоо октябрга жылдырылган. Мирзиёевдин үй-бүлө мүчөсүнүн мындай жоруктары коомдо кызуу талкууга алынууда. Социалдык тармактарда Германиядан атайын медициналык учак жалдап, күйөө баланын Түштүк Кореяга дарыланууга учушу канча тураары талкууланып, анын акысы 30 миң доллардан 90 миң долларга чейин деп бааланып жаткан чак.

Дагы бир маалымат булагы «Азаттыктын» өзбек кызматына "13-февралда Умаров Ташкендин көчөлөрүндө автоунаанын алды-артына көздү уялта турган фонарларды тагып алып, авариялык кырдаал түзгөнүн" билдирген. Ал эми кырсыктаган кезде "ал мотоциклди саатына 180 чакырым ылдамдыкта" башкарып баратканы айтылат.

Өзбекстандагы бир дагы мамлекеттик орган же болбосо маалымат каражаты бул жол кырсыгы жөнүндө, Отабек Умаровдун азыркы саламаттыгы, кайсы жакта дарыланып жатканы тууралуу расмий кабар берген жок.

Жадагалса жол кырсыгы тиешелүү мамлекеттик органдарда да каттоого алынган эмес. Ал эми окуя болгон көчөдөгү бардык видеокамералар ордунан чечилип кеткен.

Отабек түркиялык интернет жылдызы менен
Отабек түркиялык интернет жылдызы менен

Отабек Умаров Мирзиёевдин жанына жакын, эрке күйөө баласы.

Ал Мирзиёевди бардык чет өлкөлүк сапарларда коштоп жүрөт. Расмий кызматы - президенттин коопсуздук кызматынын башчысынын биринчи орун басары. Былтыр Борбор Азиядагы Эрежесиз эр уруш конфедерациясынын башчылыгына шайланган.

Анын кымбат баалуу маркадагы автоунааларга кызыгып, түнү менен унаа жарыштарында кумар жазаары көпчүлүккө маалым.

Отабек 2019-жылы жайында Ташкенде машинесин саатына 200 чакырым ылдамдыкта айдап бараткан тасма Интернетке жарыялангандан кийин көпчүлүктүн көзүнө түшкөн. «Азаттыктын» өзбек кызматынын жаңылыгынан кийин президенттин күйөө баласы бул жоругу үчүн 200 доллар айып төлөгөнү кабарланган.

Андан бир ай өтпөй эле Умаровго таандык делген бир автоунаа дагы бир кырсыкка кабылып, окуя болгон жер дароо курчоого алынып, тез арада тазаланганы кабарланган.

Отабек Умаров социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу. Анын «Инстаграмдагы» барагынан араб ханзадалары менен бирге тамактанган сүрөттөрдү көрүүгө болот. Мындан тышкары белгилүү блогерлерди, куудулдарды, ырчыларды жана спортчуларды Өзбекстанга чакырып, кымбат машинелер менен тосуп алып, коноктогонду жакшы көрөт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG