Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:46

Мирзиёевдин күйөө баласына ишкерлер нааразы


Ойбек Турсунов жана Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров. Сүрөт Рамзан Кадыровдун Instagram баракчасына чыккан.
Ойбек Турсунов жана Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров. Сүрөт Рамзан Кадыровдун Instagram баракчасына чыккан.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин улуу күйөө баласы Ойбек Турсуновго ишкерлер нааразы болуп жатышат.

Самарканд жана Сурхандарыя облусунан бир нече ишкер "Азаттык" радиосунун өзбек кызматына кайрылып, эки жыл мурда 300 доллардан сатып алган терминалдары азыр колдонууга да, сатууга да жарабай калды деп даттанышты.

Алар бул үчүн президент Шавкат Мирзиёевдин күйөө баласы Ойбек Турсуновду ишкерлерди жаңы терминалдарды "кымбат баада сатып алууга мажбурлап жатат" деп күнөөлөп жатышат.

Өткөн айда төлөө терминалдардын тиркемесине ээлик кылган Uzcard компаниясынын 75 пайыз акциясы Ойбек Турсуновго өткөн. Ошондон көп узабай Uzcardдын төлөө терминалдары иштебей калган.

Uzcard терминалдарын иштетип жүргөн ишкерлердин бири атын атабоону суранып буларды айтты.

"Uzcard мурда иштеп турган терминалдары атайлап жараксыз кылды. Терминалдар эмне үчүн иштебей калганын банк кызматкерлеринен сурадык. Алар терминалдардын ишин Uzcard өзү токтотуп койгонун, эми аларды таштандыга ыргытыш керектигин, анын ордуна жаңысын сатып алышыбыз керектигин айтышты. Мен бир терминалды эки жыл мурун 300 долларга алгам. Эгер жаңысын сатып алып орнотпосом, соода болбой калат. Анын үстүнө чоң өлчөмдө айып пул төлөп калышым да мүмкүн. Ошентип, күйөө бала биздин иштеп аткан терминалдарды жараксыз кылып, жаңы терминал сатып алууга мажбурлап отурат. Жаңысы 350 доллар турат экен. Банк кызматкерлери болсо кааласаңар кредит алгыла деди. Биз ансыз деле карантиндин айынан зыян тарттык".

15-июнда Uzcard компаниясынын терминалдар бөлүмүнүн кызматкери 325, 326, 327, номурлуу терминалдар эскиргендигине байланыштуу колдонуудан чыгарылганын ырастады.

"Бул терминалдар жаңы тиркемени кабыл албайт. Алар жаңыланыш керек. Аны жаңылоону биз же Uzcard айтып аткан жок. Терминалды эл бизден эмес, банктан алышат".

Ал эми "Азаттыктын" кабарчылары байланышкан банк кызматкери сөз болуп жаткан терминалдарды иштен чыгарууну Uzcard талап кылганын ырастады. Эми элде жаңы терминал сатып алуудан башка айласы жок экенин билдирди.

"Булар эми иштебейт. Жаңысын сатып алууга үч ай убакыт берди да, эми өчүрүп салды. Булар эскирген, эл эми жаңысын алыш керек. Жаңысы биздин банкта бар. Кааласаңыз, кредитке алсаңыз да болот. Жаңысы 350 доллар турат".

Өзбекстандын борбордук банкынын расмий сайтындагы төлөө операторлорунун тизмесинде эки гана оператор катталган. Бири UZCARD, экинчиси HUMO деген бренддин астында иштейт.

Мирзиёевдин үй-бүлөсү. Шавкат Мирзиёевдин расмий өмүр баянында эки кыз, бир уулу, беш небереси бар экени көрсөтүлгөн.
Мирзиёевдин үй-бүлөсү. Шавкат Мирзиёевдин расмий өмүр баянында эки кыз, бир уулу, беш небереси бар экени көрсөтүлгөн.

Борбордук банктын төлөө терминалдары боюнча бөлүмүнүн кызматкери өлкө боюнча 420 миңден ашык төлөө терминалы бар экенин, анын ичинен 220 миңден ашыгы Uzcardга тийиштүү экенин билдирди.

"Бул терминалдардын ичинен азыр жарактан чыгып жаткандарынын саны 2 миңден көп, 10 миңден аз десем туура болот. Так санын билбейм".

Ишкерлерди наразы кылган терминал чыры накталай эмес төлөмдөрдү камсыздай турган Uzcard компаниясынын 75 пайызына президенттин улуу күйөө баласы Ойбек Турсуновго өткөндөн кийин башталды.

Ошол эле учурда бул чыр президенттин күйөө баласы “Капиталбанктын” акцияларынын 36 пайызын, Uzcard компаниясынын 75 пайызын кайсыл капиталына сатып алды деген суроону жаратты. Турсунов буга чейин негизинен мамлекеттик кызматтарда гана иштеп келген.

Мирзиёевдин экинчи күйөө баласы Отабек Умаров (ортодо).
Мирзиёевдин экинчи күйөө баласы Отабек Умаров (ортодо).

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин эки күйөө баласы бар.

Мирзиёевдин улуу күйөө баласы Ойбек Турсунов президенттик администрациянын башчысынын биринчи орун басары, кичүү күйөө баласы Отабек Умаров президенттин коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштейт.​

Отабек Умаров февралда Борбор Азиядагы MMA (Эрежесиз эр уруш) конфедерациясынын башчылыгына да дайындалган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG