Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:47

Өзбек президенти жаңы резиденцияга көчтү


Жаңы резиденциянын Google картасындагы көрүнүшү
Жаңы резиденциянын Google картасындагы көрүнүшү

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 60 жашка толгон күнү Ташкенттин жанындагы Байткурган айылындагы жаңы резиденцияга көчтү. Бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматы өз булактарына таянып жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, бийик дубалдар менен курчалган резиденциянын аянты бир нече гектарга барабар. Ал Ташкент облусунун табияты кооз Кирбай районунда жайгашкан.

Бул райондун атын атабаган аткаминеринин айтымында, резиденцияны курууга президенттин администрациясы буюртма берген. Курулуш ишин администрация башчысынын орун басары Ойбек Турсунов жетектейт. Турсунов - президент Шавкат Мирзиёевдин кызы Саиданын күйөөсү.

Курулуш ишине катышкан инженердин "Азаттыктын" өзбек кызматына билдиришинче, резиденциянын курулуп бүткөн негизги бөлүгүнүн ачылыш аземи 24-июлда - Шавкат Мирзиёевдин туулган күнүндө болгон.

Маркум президент Ислам Каримовдун ордун баскан Шавкат Мирзиёев "Оксарой" резиденциясында эмес, сенаттын имаратында иштеп баштаган. Жакынкы күндөргө чейин өзбек президенти Ташкенттин Карасув-2 районундагы үйүндө жашап келген.

XS
SM
MD
LG