Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:08

Мирзиеёв кудасын Коопсуздук кызматына дайындаганы кабарланууда


Президент Шавкат Мирзиеёвдин үй бүлөсү. 4-декабрь, 2016-жыл.
Президент Шавкат Мирзиеёвдин үй бүлөсү. 4-декабрь, 2016-жыл.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв кудасы Батыр Турсуновду Коопсуздук кызматынын биринчи орун басарлыгына дайындаганы тууралуу кабар тарады. "Азаттык" радиосунун өзбек кызматы өз булактарына таянып жазганына караганда, генерал Батыр Турсунов былтыр жыл соңунда кызматтан кеткен Жахангир Эгамовдун ордуна дайындалды.

46 жаштагы Эгамовго "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголгону да айтылып жатат, бирок бул боюнча расмий маалымат чыга элек. Башкы прокуратура мындай маалыматты четке кагууда.

72 жаштагы генерал Батыр Турсунов - Өзбекстандын ички иштер органдарындагы таанымал инсандардын бири. Ал коңшу өлкөнүн коопсуздук органдарында ар кандай кызматтарда иштеп жүргөн.

Турсуновдун уулу Ойбек Шавкат Мирзиеёвдин улуу кызынын күйөөсү.

XS
SM
MD
LG