Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:13

Мирзиёевдин үй-бүлөсү Дубай эмиринин уулдарынын тоюна барды


Отабек Умаров "Инстаграмга" жарыялаган сүрөт.
Отабек Умаров "Инстаграмга" жарыялаган сүрөт.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 10 жаштагы уулу Алишер, небереси Миромон жана президенттин күйөө балдары Ойбек Турсунов менен Отабек Умаров Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти, Дубайдын эмири шейх Мохаммед бин Рашид ал Махтумдун уулдарынын тоюна катышты.

Өзбек лидеринин үй-бүлөсү 6-июнда Дубайда өткөн тойго катышканын ырастаган сүрөттү Отабек Умаров "Инстаграммдагы" барагына жарыялады. Сүрөттөн Дубай эмири колун президент Мирзиёевдин уулунун ийнине коюп турганын көрүүгө болот.

Мирзиёевдин улуу күйөө баласы Ойбек Турсунов президенттик администрациянын башчысынын биринчи орун басары, кичүү күйөө баласы Отабек Умаров президенттин коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштейт.

Азырынча президенттин уулу менен күйөө балдары өзбек өкмөтүнүн атынан тойго катышканы же жеке чакыруу менен барганы белгисиз. Президенттин басма сөз кызматы бул тууралуу маалымат берген жок.

Дубайдын эмири 6-июнь күнү үч уулун үйлөнүү тоюн өткөргөн болчу.

XS
SM
MD
LG