Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Мирзиёевдин эрке күйөө баласы кырсыктады


Атабек Умаровдун "Инстаграм" баракчасынан сүрөт.
Атабек Умаровдун "Инстаграм" баракчасынан сүрөт.

13-февралда Ташкентте президент Шавкат Мирзиёевдин кенже күйөө баласы Атабек Умаров мотоцикл минип баратып, кырсыкка кабылганы тууралуу кабар тараган.

«Азаттыктын» өзбек кызматынын өз булактары билдиргендей, Умаров шаардык ооруканада алты саат операция болуп, оң буту үч жеринен сынып, майдаланып кеткен. Ал эми айрым маалыматтарда айтылгандай, Германиянын Нюрнберг шаарынан атайын «Тез жардам» учагы келип, Умаровду алып, Москва аркылуу Түштүк Кореядагы ооруканага жеткирген.

13-февралда кечки саат алты чамасында Ташкенттин Мустакиллик көчөсү менен Пушкин метросунун жанында жол кырсыгы болгон. Бул көчөнү эл ичинде "президенттик маршрут" деп да аташат.

Атабек Умаров (солдо) жана Ташкент шаарынын мэри Жахангир Артыккожоев (оңдо).
Атабек Умаров (солдо) жана Ташкент шаарынын мэри Жахангир Артыккожоев (оңдо).

Күбөлөрдүн айтканына караганда, катуу бараткан мотоциклдин айдоочусу жеңил автоунаадан качып, сол тарапка бурулуп, бирок жол четиндеги бетон тосмону сүзгөн. Бул кырсык жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү башкармалыкта катталган эмес.

"Азаттык" радиосуна сүйлөп берген күбө мотоциклдин айдоочусу өзбек президентинин кичүү күйөө баласы Атабек Умаров экенин билдирген.

Президенттин үй-бүлөсүнө жакын булактардын айтымында, Умаров учурда Түштүк Кореядагы жеке клиникалардын биринде дарыланып жатат.

"Отабек Мухаммадалиевич өзү Түштүк Кореяга барууну каалаган. Ал 2012-2016-жылдары Сеулда иштеген жана корей тилин жакшы билет. Түштүк Кореянын медицинасы Европанын медицинасынан кем калбайт," - деди маалымат булагы.

Мамлекеттик кызматкерге "VIP кызмат"

"Азаттык" радиосунун өзбек кызматынын журналисттери сүйлөшкөн булактардын дээрлик бардыгы Умаров Германиядан келген атайын учак менен Түштүк Кореяга жеткирилгенин тастыкташкан. Ал эми соцтармактарда "Мамлекеттик кызматкерди атайын медициналык учак менен ташуу канча турат?" деген суроо чоң талкуу жараткан.

Бейтаптарга чукул "VIP кызмат" көрсөтүүгө адистешкен компаниянын өкүлү, мындай кызматтын баасы канча болорун түшүндүрдү.

"Бейтаптарды атайын жабдылган медициналык учак менен эвакуациялоо баасы көптөгөн параметрлерден турат. Учактын түрү кандай болушу керек? Бейтапты канча адам коштойт? Бейтапты коштоп жүрүү үчүн кандай жабдуулар жана кандай адистиктер керек? Эң негизгиси - бейтапты кайда жеткирүү керек? Мунун баарын кошкондо жалпы баа чыгат. Эгерде сизге бир эле терапевт жана бир медайым менен жөнөкөй учак керек болсо, анда анын баасы 30 миңден 90 миң долларга чейин болот. Бул Жакынкы Чыгыштан Европага бейтапты жеткирүүгө кеткен чыгым. Ушундай эле баа Өзбекстанга да тиешелүү. Европа өлкөлөрүнө бейтапты жеткирүү баасы 25 миңден 45 миң еврого чейин болот. Учакта реанимация үчүн керектүү жабдуулардын бардыгы бар. Ошондой эле учактын ичинде туруктуу басымды кармап туруучу система да болот", - деди компаниянын өкүлү.

Ал ошондой эле медициналык учактын кызматын пайдаланган кардарлар тууралуу бардык маалыматтар жашыруун сакталарын кошумчалады.

Атабек Умаров.
Атабек Умаров.

Көз карандысыз булактардан алынган маалыматка караганда, Умаров 13-февраль күнү кечки саат жети чамасында Республикалык тез жардам илимий борборуна жеткирилген. Ооруканада иштеген кызматкер "Азаттыкка" "буту сынган бейтапка алты саат операция жасалган" деп билдирди. Ал эми Мирзиёевдин үй-бүлөсүнө жакын булактын айтымында, Умаровдун "оң буту үч жеринен сынган жана катуу соккудан улам сол бутунун сөөктөрү майдаланып кеткен". Ал ошондой эле Умаровдун буттарына атайын темир орнотулганын кабарлаган.

13-февралда Атабек Умаров жаткан ооруканада чукул коопсуздук чаралары көрүлгөнү байкалган. Атын атагысы келбеген булак бул коопсуздук чараларын президент Шавкат Мирзиёев жана анын жубайынын ооруканага "барышы" менен байланыштырган. Бирок "Азаттык" радиосу президент жана анын жубайынын ооруканага барганын расмий булактардан тастыктай алган жок. Оорукананын жетекчилигинин өкүлү 15-февралда президенттин күйөө баласына байланыштуу ушул жана башка суроолорго "медициналык сыр" деген негизде эч нерсе айта албастыгын билдирген.

Президенттин эрке күйөө баласы

Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин жансакчысы болуп калган кичүү күйөө баласы Атабек Умаров көп өтпөй социалдык тармактарда өзүнүн сүрөттөрүн байма-бай чыгара баштаган. Бул Өзбекстандын мамлекеттик кызматкерлерине, айрыкча коопсуздук кызматкерлерине мүнөздүү эмес көрүнүш болчу.

Кенже күйөө бала "Инстаграмда" кымбат баалуу автоунаалары, түнкү унаа жарыштарынын видеолору жана сүрөттөрү менен таанымал.

Мисалы, 2019-жылдын 8-июлуна караган түнү Атабек Умаров "Инстаграмдагы" баракчасына Ташкенттин көчөлөрүндө "Тесла" үлгүсүндөгү автоунаасы менен жарышка чыкканы тууралуу видео жарыялаган. Анда машинедеги ылдамдыкты мыйзамдагы чектен үч эсе көбөйтүп, саатына 201 километрге чыгарган.

Бир айдан кийин эле, 6-августта Атабек Умаровдун аты дагы бир жол кырсыгында аталган. Ал дагы кечинде баш калаанын Пушкин метросунун жанындагы Мустакиллик көчөсүндө болгон.

Окуядан кийин жолдо талкаланган унаалардын видеосу соцтармактарга тарап, андагы ак түстөгү "Nissan" үлгүсүндөгү унаа интернет колдонуучулардын көңүлүн дароо бурган. Анткени ушул эле унаа президент Мирзиёевдин үй-бүлөсүнүн сүрөтүндө да көрүнгөн.

Eltuz.com интернет-маалымат булагы болсо "Nissan" үлгүсүндөгү бул автоунаа президент Мирзиёевдин күйөө баласы Атабек Умаровго таандык экенин ырастаган. Күбөлөрдүн айтымында, кырсык болгон жер дароо курчоого алынып, тез арада тазаланган.

Ал эми өзбекстандык маалымат каражаттары Республикалык тез жардам илимий борборуна үч адам, анын ичинде укук коргоо органдарынын эки кызматкери жаткырылганын жазып чыгышкан.

"Азаттык" радиосунун өзбек кызматынын журналисттери менен маектешкен эки коопсуздук кызматкеринин айтымында, кырсыкка дагы бир "таасирдүү коопсуздук кызматкери" себеп болгон. Бирок алардын жол кырсыгынан жабыркагандар жөнүндөгү дооматтары расмий билдирүүлөрдөн кескин айырмаланат. Күбөлөр кырсыктан көп өтпөй "бардыгы токтоосуз тазаланып, издер жоголду" деп ырасташкан.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG