Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:52

“Өзбекстан темир жолдору” компаниясы "Азаттыктын" өзбек кызматынын иликтөөсүн негизсиз деп төгүндөдү


Өзбекстандын мамлекеттик «Өзбекстан темир жолдору» ишканасы «Азаттыктын» өзбек кызматы президент Шавкат Мирзиёев үчүн курулган хансарай боюнча иликтөөсүндө айтылган маалыматтарды «негизсиз жана жалган» деп төгүндөдү.

23-февралда жарыяланган иликтөөдө Ташкенттен 100 чакырым алыстыктагы Угам-Чаткал улуттук паркынын аймагында жайгашкан ажайып ак сарай Мирзиеёв үчүн курулаганы ашкере кылган. Бул жайдын курулушун мамлекеттик “Өзбекстан темир жолдору” ишканасы көзөмөлдөгөн.

Бул компания 24-февралда расмий сайтына жарыялаган маалыматта Шоввозсой (Шаваз-Сай) тоо дарыясынын жээгиндеги жер тилкеси 2010-жылы ишканага “экосистеманы сактоо” максатында берилгени айтылат. Акыркы 10 жылда мамлекеттик бюджеттен тышкары 43 миллион долларга аталган аймакта эс алуу жайлары курулганы көрсөтүлгөн.

Расмий билдирүүдө иликтөөдө айтылган бир катар маалыматтарга жооп кайтарылган эмес.

«Азаттык» радиосунун өзбек кызматынын иликтөөсү жергиликтүү жашоочулар, комплексти салган курулушчулар жана ал жайга тиешеси бар адамдар менен маектерге негизделген.

Резиденция делген жайдын курулушу 2017-жылы башталып, дээрлик эки жылдан кийин бүткөн. Бул комплекстин курулушу тууралуу бир да расмий маалымат чыккан эмес.

Ар кайсы булактардын эсеби боюнча, эс алуучу жай бир нече 100 миллион долларга курулган. Маалыматтарга караганда, тоо арасындагы курулушту «Өзбекстан темир жолдору» компаниясы көзөмөлдөгөн.

XS
SM
MD
LG