Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:56

Өзбекстан эки жылда толугу менен латын алфавитине өтөт


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Өзбекстандын өкмөтү ырасмий кагаздарды жана маалымат каражаттарын толугу менен латын алфавитине өткөрүү тууралуу токтом кабыл алды. Бул талап 2023-жылдын башынан тарта күчүнө кирет.

1940-жылдардан бери өзбек тили үчүн ырасмий колдонулган кирил жазмасынан латын арибине өтүү коңшу мамлекетте 1993-жылы эле пландалган.

Ага ылайык 2000-жылга чейин бул алфавитке кайрадан өтүү каралган. (Өзбекстанда 1928-1940-жылдары өзбек жана башка тектеш түрк тилдери үчүн латын алфавити ырасмий колдонулуп келген болчу).

Бирок бул план создугуп, учурда эки алфавит тең бирдей колдонулуп келет.

Былтыр октябрда президент Шавкат Мирзиёев өкмөткө толугу менен латын арибине өтүү планын даярдоону тапшырган.

2017-жылы Казакстан латын арибине өтүү аракетине киришкен. Казакстан 2025-жылга чейин латын алфавитине толук өтөөрү күтүлүүдө.

Кыргызстанда латын алфавитине өтүү демилгесин окумуштуулар сунуштап келет, бирок жогорку деңгээлде ал идея четке кагылууда.

XS
SM
MD
LG