Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:58

«Азаттык» радиосунун өзбек кызматы Мирзиёевдин жашыруун резиденциясын аныктады


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. 5-июнь, 2020-жыл.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. 5-июнь, 2020-жыл.

«Азаттык» радиосунун өзбек кызматы мамлекеттик компаниялар Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев үчүн көз жоосун алган жашыруун эс алуу жайын курушканын өз иликтөөсүндө аныктады. Ал комплекстин ичинде суу сактагыч да бар экени маалым болду.

«Азаттык» радиосунун өзбек кызматынын иликтөөсү жергиликтүү жашоочулар, комплексти салган курулушчулар жана ал жайга тиешеси бар адамдар менен маектерге негизделген.

Комплекс Угам-Чаткал улуттук паркынын аймагында жайгашкан. Бул аймактын бир бөлүгү ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген.

Резиденциянын курулушу 2017-жылы башталып, дээрлик эки жылдан кийин бүткөн. Бул комплекстин курулушу тууралуу бир да расмий маалымат чыккан эмес. Ар кайсы булактардын эсеби боюнча, эс алуучу жай бир нече 100 миллион долларга курулган. Маалыматтарга караганда, тоо арасындагы курулушту «Өзбекстан темир жолдору» компаниясы көзөмөлдөгөн.

Мирзиёевдин администрациясы жана «Өзбекстан темир жолдору» ишканасы «Азаттыктын» өзбек кызматынын курорт тууралуу кайрылуусуна жооп беришкен жок.

Шавкат Мирзиёев бийликке 2016-жылы мурдагы авторитардык лидер Ислам Каримов көз жумгандан кийин келген.

XS
SM
MD
LG