Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Нур-Султан: Жапаров менен Токаев кыргыз-казак алакасын талкуулады


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2-мартта эки күндүк мамлекеттик сапар менен Казакстанга барды.

Кыргыз-казак президенттери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев Нур-Султан шаарында жолугушуп, өз ара кызматташтыкты талкуулашты.

Жалпысынан президент Садыр Жапаровдун Казакстандагы мамлекеттик сапарынын алкагында жети документке кол коюлду. Документтердин арасында Казакстандан кайтарымсыз аскердик-техникалык жардам алуу жөнүндө макулдашуу да бар.

Сапардын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтык боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:

  • Кыргыз-казак өкмөттөрү ортосунда кайтарымсыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү;
  • Улуттук спорттун түрлөрүн жана элдик оюндарды өнүктүрүү;
  • Коргоо министрликтеринин кызматташтык тууралуу иш-чаралардын планы;
  • 2021-2022-жылдарга карата Кыргызстандын Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен Казакстан Соода жана интеграция министрлигинин биргелешкен иш-аракеттери;
  • Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташтык программасы;
  • Санариптик өнүктүрүү тармагындагы меморандум;
  • Электр энергиясын алмашуу жөнүндө протокол.

Мындан тышкары Кыргызстан менен Казакстандын аймагы аркылуу товарларды тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн чек арада логистикалык борбор түзүү макулдашылды.

Эки өлкө президенттери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев 2-мартта Нур-Султандагы жолугушууда аталган борборду түзүү боюнча иштерди тездетүүнү тапшырды.

Президенттер жолугушууда транспорттук-транзиттик багыттагы кызматташтык, маалымат алмашууну жана биргелешкен долбоорлорду талкуулашты. Чек ара кызматташтыгы боюнча регион аралык форум өткөрүү ниетин билдиришти.

Евразиялык экономикалык интеграциянын алкагында капитал, эмгек, товар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун ачуу, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чаралар боюнча иштерди бекемдөө маанилүү экенин белгилешти.

Казак президенти Касым-Жоомарт Токаев Жапаров менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанганын, анда мындан аркы алаканын багыттары аныкталганын билдирди. Ал эки мамлекеттин ортосунда бир чечимге келе албаган маселе жок экенин белгиледи.

“Биз өз ара аракеттенүүнүн ар кандай аспектилерин кароого ыкчам жана конструктивдүү мамиле жасоо ниетибизди билдирдик”, - деди Токаев.

Өз кезегинде Садыр Жапаров Казакстан жакынкы коңшу эле эмес, Кыргызстандын маанилүү стратегиялык өнөктөшү экенин, кызматташтык үчүн конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айтты.

Жапаров сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына жасаган билдирүүсүндө «Кыргыз делегациясы Казакстандын жогорку жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанды. Сүйлөшүүлөр кызматташтыгыбыздын ырааттуу мүнөздө өнүгөрүн белгилейт» деп билдирди.

Ал кыргыз-казак кызматташтыгынын дээрлик бардык багыттары боюнча актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсү талкуулангандыгын, эки өлкө үчүн маанилүү келишимдер түзүлүп, бир катар чечимдер кабыл алынгандыгын белгиледи.

«Биз мамлекеттерибиздин ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү, интеграцияны жана эл аралык бирикмелердеги өз ара байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурдук», — деди Садыр Жапаров. Ал Касым-Жомарт Токаевди Кыргызстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакыргандыгын баса белгиледи.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчылары жолугушуудан кийин жасаган биргелешкен кайрылуусунда эки мамлекет ортосундагы коңшулук мамилени өнүктүрүүдө Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин тарыхый ролу, Борбор Азиядагы биримдикке кошкон салымы белгиленген.

Тараптардын тыгыз кызматташтыгы улантылаары айтылган. Билдирүүнүн толук текстин бул жактан окуңуз.

Президент Садыр Жапаровду Казакстанга тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, вице-премьер-министр - экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев, Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Жээнбек Кулубаев, коргоо министри Таалайбек Өмүралиев жана башка өкмөт мүчөлөрү коштоп барышты.

Кыргыз-казак мамилесин сынаган сапар

Жапаров Борбор Азия аймагындагы алгачкы мамлекеттик сапарын утурлай Казакстандын мамлекеттик “Казинформ” маалымат агенттигине маек куруп, казак-кыргыз алакасы тууралуу ой бөлүштү жана эки өлкө ортосунда чечилбеген маселе жок экенин билдирди.

“Мен президент болуп шайлангандан кийин Касым-Жомарт Кемелович биринчилерден болуп чакырды. Ошондо сөз бердим. Орто Азия мамлекеттеринин ичинен биринчи жолу Казакстанга бара жатканымдын себептеринин бири ошол. Экинчи себеби биз, казак-кыргыз бир тууган, кошуна элбиз. Бизди көп кызыкчылыктар бириктирип турат”, деди Жапаров 1-мартта жарыяланган маегинде.

Садыр Жапаровдун бул сапары Кыргызстанда 2020-жылдын 5-6-октябрындагы элдик ыңкылапта орун алган белгисиздиктин өткөөл кырдаалынан соң бийлик толук алмашкандан берки Бишкек менен Нур-Султандын ортосундагы эң жогорку деңгээлдеги дипломатиялык байланыш болуп калмакчы.

Былтыркы күздөгү окуяларга байланыштуу Казакстан Борбор Азиядагы башка өлкөлөр менен бирге Кыргызстандагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирген.

Ошондой эле ал күндөрү расмий Нур-Султан кыргыз тарапты казакстандык инвесторлордун коопсуздугун камсыз кылууга чакырган.

13-октябрда Кыргызстанда саясий кризис жөнгө салынбай жаткан чакта казак президенти Токаев ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековду “легитимдүү мамлекет башчысы” деп атаган.

Октябрь ыңкылабынан кийин ишке киришкен тышкы иштер министр Руслан Казакбаев менен Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин (оңдо, ортодо) жолугушуусу, Нур-Султан шаары. 2020-жылдын 29-октябры.
Октябрь ыңкылабынан кийин ишке киришкен тышкы иштер министр Руслан Казакбаев менен Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин (оңдо, ортодо) жолугушуусу, Нур-Султан шаары. 2020-жылдын 29-октябры.

Ал Жээнбеков кызматтан кеткенден кийин, 29-октябрда кыргыз тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди Нур-Султанда кабыл алып, Кыргызстандагы саясий өзгөрүүлөрдү “өлкөнүн ички иши” деп мүнөздөгөн жана Бишкекке жардам көрсөтүү тууралуу сөз кылган.

"Боордош кыргыз элинин келечегине кайдыгер карабайбыз. Ошондуктан Кыргызстанга көмөк көрсөтүш үчүн бардык аракетти көрөбүз жана көргөнбүз", деп билдирген казак президенти.

Кийинчерээк Жапаров Токаев менен телефондон сүйлөшкөн. 2021-жылы 10-январдагы Кыргызстандагы президенттик шайлоодон кийин Токаев да, Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев да шайлоодо жеңип чыккан Жапаровго куттуктоосун жолдогон.

Февралдын башында премьер-министр Улукбек Марипов Алматыда казак өкмөт башчысы Аскар Мамин менен жолугуп келген.

Соңку бир нече ай ичиндеги мындай дипломатиялык карым-катнаштардын дээрлик баарында расмий Бишкек Казакстан менен кызматташтык маанилүү экенин баса белгилеп келет.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев мунун жөнү бар деп эсептейт.

Депутат Абдывахап Нурбаев.
Депутат Абдывахап Нурбаев.

“Казакстандын азыркы биздин жетекчилерге мамилеси биз үчүн деле азырынча белгисиз болуп турат. Эми сүйлөшүү өзүнүн деңгээлине жараша болот го. Биз эң биринчиден кошунабыз менен жакшы болушубуз керек. Кошуна мамлекеттер катары ортодогу бардык талаш-тартыш маселелерди мунасага барып, эки жакка тең пайдалуу кылып чечип алышыбыз зарыл жана булар менен мамиле кылышыбыз керек. Анткени бизде Казакстандын жакшы инвесторлору бар. Казакстан экономикасы жагынан бизге караганда күчтүү. Ал жактан инвестиция тартканга мүмкүнчүлүк болот”, деди Нурбаев.

Алаканы аксаткан жагдайлар

Экономика демекчи, Казакстан Кытай жана Орусиядан кийинки Кыргызстан эң көп соода жүгүрткөн өлкөлөрдүн бири. Ошондой эле Казакстан Орусиядан кийинки кыргызстандык мигранттар эң көп эмгектенген (2018-жыл - 35 миң мигрант) экинчи өлкө. Кыргызстан да, Казакстан да Москванын таасири күч Евразия экономикалык биримдигине мүчө.

Географиялык жактан да, маданий өзгөчөлүктөрү жагынан бири-бирине жакын болгонуна карабастан, Бишкек менен Нур-Султандын карым-катышы зымга тизгендей эмес. Маселен, эки өлкөнүн тарыхында чек аралар бир тараптуу жабылган учурлар болгон. 2005-жылы да, 2010-жылы да Кыргызстандагы элдик ыңкылаптардан соң казак чек арасы кыска мөөнөткө жабылып калган.

Өзгөчө 2017-жылы Кыргызстанда президенттик шайлоо өнөктүгү жүрүп жаткан маалда кыргыз-казак мамилеси кыйла солгундап кеткен. Ошол кездеги кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин Казакстандын жетекчилигин айыптаган билдирүүлөрүн улай, кыргыз-казак чегинде жүк ташуучу унаалардын узун кезеги түзүлгөн.

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда Нур-Султан менен Бишкектин өз ара таарынычы жазылгандай болгону менен чек арадан товарларды эркин өткөрүү маселесинде кыйынчылыктар кала берген.

Кыргызстан казак тарапты Евразия экономикалык биримдигиндеги келишимдерди аткарбай жатат деп айыптаган. Өз кезегинде Казакстан чек арада текшерүүсүнүн күчөгөнүн Кыргызстандан агылган аткезчиликти токтотуу максаты менен түшүндүргөн. Кошуналардын пикир келишпестиги Евразия экономикалык комиссиясына, Дүйнөлүк соода уюмуна чейин жеткен.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында топтолгон жүк ташуучу унаалар, 2017-жылдын ноябрь айы.
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында топтолгон жүк ташуучу унаалар, 2017-жылдын ноябрь айы.

Андан бери чек арадагы маселелерге чекит коюлбай келет. Коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөр кырдаалды оорлоштурбаса, жеңилдеткен жок.

Маселен, жакында Кыргызстанга келип кеткен казакстандык инвестор, белгилүү ишкер Маргулан Сейсембай Бишкек менен Алматынын ортосу болгону 235 чакырым болгону менен 7,5 саат жол жүргөнүн, анын 3 сааты чек арадан өтүүгө кеткенин “Фейсбукка” жазды. Ал кыргыз чек арасынан 15 мүнөттө эле өткөнүн, казак тарап автоунаалардын баарын рентгенге жөнөтүп жатканын, натыйжада жүк ташуучу унаалар топтолуп калганын билдирген.

“Биздин бийликтер сөз жүзүндө гана бир тууган эл экенибизди жар салып келишет. Чек арадан өтүүнү жана жолдордун абалын карасак, биздин мамиле Палестина менен Израилдин ортосундагы мамиледен да начар”, деп жазган ишкер Сейсембай.

Чек арадан тышкары Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда суу, отун-кубат тармагында да бир катар маселелер маал-маалы менен күн тартибине чыгып келет. Январь айынан бери Казакстандан Кыргызстанга күйүүчү май экспорттолбой турат. Казак тарап экспорттун токтошун өз ишканаларында оңдоо иштери жүрүп жатканы менен түшүндүрүп жатат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары, дипломат Аскар Бешимов соңку 10 жылда Казакстан менен Кыргызстан “өнөктөш өлкөдөн, атаандаш өлкөгө айланып калганын”, эки өлкөнүн ортосунда “ишенимге доо кеткенин” айтууда.

Дипломат Аскар Бешимов.
Дипломат Аскар Бешимов.

“Биздин транспортторду, айыл чарба продукцияларын өткөрбөгөнү... Эми ага сөзсүз түрдө шылтоо табылат. Мындан башка убак-убагы менен унду токтотуп койгон учурлар бар. Мына 1-январдан баштап Казакстан өкмөттүн токтому менен күйүүчү майларды бизге токтотуп койду. Ошого биздин баалар өсүп кетүүдө. Казакстан тараптан убак-убагы менен бизге басым көрсөтүү, блокадага алуу, кемсинтүү аракеттери жасалууда деп ойлойм. Сөзсүз түрдө ага биз да айыптуубуз. Же Евразиялык бирикменин ичинде же Дүйнөлүк соода уюмунун ичинде өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды коргоону үйрөнө элекпиз”, деди дипломат.

Казак бийлиги “экономикалык камалоо” деген айыптоолорду буга чейин кескин түрдө четке каккан.

Аскар Бешимов кыргыз-казак кызматташтыгы эки өлкөнүн жетекчилеринин ортосундагы жеке мамилеге да көз каранды болорун, бул багытта президент Садыр Жапаровдун Казакстандын саясий айдыңында алигиче таасирин жоготпой келе жаткан туңгуч президент Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүүсү да маанилүү экенин кошумчалады.

Казакстандык саясатчы, 2019-жылы өткөн шайлоодо президенттикке талапкер болгон Амиржан Косанов да Казакстан менен Кыргызстан бирин “бир тууган жана стратегиялык өнөктөш” деп атаганы менен айрым учурда мындай билдирүүлөр жөн гана жалпы сөз бойдон калып жатат деп эсептейт.

Казакстандык саясатчы Амиржан Косанов.
Казакстандык саясатчы Амиржан Косанов.

“Казак-кыргыз карым-катнашына көп учурда волюнтаризм, субъективизм аралашып кетип жатат. Бир президент алмашып, экинчисинин мүдөө-максаты менен табияты башка болуп жаткан сыяктуу. Карап отурсак, ар бир президент алмашкан сайын, эки өлкө ортосунда алака жасалма түрдө “жанданып кетип”, убагы келгенде кайра кыйынчылыкка туш болуп жатат. Менимче, орток маселелердин чечилбей келе жатканы да ушунда. Маселен, суу маселеси саясатташып, конъюктуралык чечимдерге же шантажга чейин жетүүдө”, деди Амиржан Косанов.

Жаңы президенттин дипломатиясы

Айтор, эки кошуна мамлекеттин мамилеси кандай өнүгөөрү, ортодогу маселелер кандай чечиле тургандыгы президент Садыр Жапаровдун Казакстандагы мамлекеттик сапарынан кийин да аныгыраак көрүнмөкчү. Жапаров “Казинформ” агенттиги менен маегинде “эки өлкө ортосунда чечилбей турган маселелер жок” деген оптимисттик оюн билдирди.

“Казак мамлекети менен макулдашууларда, ар кандай келишимдерге кол коюуларда, же болбосо ортодо маселелер болуп калганда, эч кандай талаш жаралбашы керек. Анткени биз бир тууган калкпыз. Бир күндүк, эки күндүк жашоо менен жашаганыбыз туура эмес. Анткени биз түбөлүктүү мамлекетпиз. Бизди эч ким ажырата албайт. Ошондуктан биз Казак мамлекетине барганда макулдашууларга, келишимдерге кол коёбуз. Бирок чечилбей турган маселе болбошу керек”, деди кыргыз президенти.

Жапаров өткөн аптада Орусияга иш сапар менен барып келген. Аны улай Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефондон сүйлөшкөн. Анда эки лидер бири-бирин өз өлкөлөрүнө иш сапар менен келип кетүүгө чакырган.

27-февралда кыргыз президенти Өзбекстандын тышкы иштер министри Бишкекте Абдулализ Камиловду кабыл алган. Садыр Жапаров соңку маегинде 11-12-мартта Өзбекстанга бара турганын айтты.

Ал, ошондой эле, Кытайга жана Түркияга иш сапарлары пландалып жатканына ишаара кылды. Эми ал дипломатиялык алакаларды канчалык деңгээлде Орусияга кылчактабастан жүргүзүшү мүмкүн? деген суроо коюлууда. Бирок Жапаров көп багыттуу дипломатияны колдой тургандыгын президент катары ант берген күнү баса белгилеп айткан болчу.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG