Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 09:32

Кыргызстан Казакстандан аскердик-техникалык жардам алат


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Казакстан мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев. Нур-Султан шаары. 2-март, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаровдун Казакстандагы мамлекеттик сапарынын алкагында жети документке кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Ал документтердин арасында Казакстандан кайтарымсыз аскердик-техникалык жардам алуу жөнүндө макулдашуу да бар.

Маалыматта техниканын көлөмү, суммасы жазылган эмес.

Сапардын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтык боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:

Кыргыз-казак өкмөттөрү ортосунда кайтарымсыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү;

Улуттук спорттун түрлөрүн жана элдик оюндарды өнүктүрүү;

Коргоо министрликтеринин кызматташтык тууралуу иш-чаралардын планы;

2021-2022-жылдарга карата Кыргызстандын Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен Казакстан Соода жана интеграция министрлигинин биргелешкен иш-аракеттери;

Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташтык программасы;

Санариптик өнүктүрүү тармагындагы меморандум;

Электр энергиясын алмашуу жөнүндө протокол.

Буга чейин Жапаровдун Орусияга болгон иш сапарында учкучсуз учактарды жана С-300 үлгүсүндөгү зениттик ракеталык комплексти алуу тууралуу келишим түзүлгөн.

Жапаров Казакстандын борбору Нур-Султан шаарына мамлекеттик сапар менен 2-мартта барды.

Бул – Кыргызстанда 2020-жылдын 5-6-октябрындагы бийлик алмашуудан кийин Бишкек менен Нур-Султандын ортосундагы жогорку деңгээлдеги дипломатиялык байланыш. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG