Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:21

Башкы прокуратура: Cаламаттык сактоо министрлиги 3,5 млн. сомго мыйзамсыз дары сатып алган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 2020-жылдын апрель айында Саламаттык сактоо министрлигинин ошол учурдагы жетекчилиги жана башка кызмат адамдары калидавир дарысын сатып алууда казынадан 3,5 миллион сом мыйзамсыз акч короткону аныкталганын маалымдады. Бул тууралуу мекеменин сайтында жазылды.

Башкы көзөмөл органы билдиргендей, министрлик коронавирус менен күрөшүү үчүн Дүйнөлүк банктан бөлүнгөн каражаттан дары-дармектерди, анын ичинде лопинавир/ритонавир (калидавирдин аналогу) сатып алмай болгон. Дүйнөлүк банк аталган препараттарды сатып алынуучу дарылардын тизмесинен чыгарган. Бирок 2020-жылдын 13-апрелинде мекеме фармкомпаниялардын бири менен калидавир препаратын мамлекеттик казынанын эсебинен сатып алган.

Башкы прокуратура ал дары-дармектер медициналык мекемелерге таратылбастан министрликтин кампасында сакталып турганын кошумчалады.

Прокуратура коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылоодо лопинавир/ритонавир (калидавир препаратынын аналогу) колдонулбай турганын белгиледи. Факты Жазык кодексинин 320-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

2020-жылы апрель айында саламаттык сактоо министри болуп Сабиржан Абдикаримов иштеген. Ага чейинки министр Космосбек Чолпонбаев пандемияга чабал даярдык тууралуу президенттин сынынан кийин кызматтан кеткен. Октябрдагы бийлик алмашуудан кийин анын ордуна Алымкадыр Бейшеналиев келди.

Жаңы бийлик келгенден кийин күч кызматтары пандемияда бөлүнгөн каражаттар, дарылоо жана адам өлүмүнүн себептери боюнча териштирүү башталып, мурдагы өкмөт башчы Кубатбек Боронов баш болгон жогорку кызмат адамдары күбө катары сурак берип жатышат.

Январь айындагы маалыматка ылайык, 2020-жылы коронавирустун кесепети менен күрөшүүгө жана бюджетти колдоо максатында Кыргызстанга эл аралык донорлордон 774 млн. 432 795 доллар берилери кабарланган. Мунун 177 млн. 049 миң доллары грант, калганы насыя. Өкмөттүк аппараттын маалыматына караганда, анын 346 млн. 826 269 доллары алынган. Калганы эми келери айтылган.

Күмөндүү дары-дармек, миллиондор айланган бизнес, мамлекеттик мекемедеги коррупция жана кызыкчылыктардын кагылышы тууралуу "Азаттык" радиосу жакында "Эл кандай дары-дармек ичип жатат?" деген иликтөөсүн жарыялаган.(TSh)

XS
SM
MD
LG