Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:46

Кытайлык жаранды тоноого шектүүлөр кармалды (видео)


Милиция тараткан шектүүлөрдүн сүрөтү.
Милиция тараткан шектүүлөрдүн сүрөтү.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) кытайлык жаранды тоноого шектелип 36 жана 26 жаштагы эки киши кармалганын маалымдады.

Шектүүлөрдүн бири да Кытайдын жараны болгон. Учурда алар ИИМдин тергөө абагына эки айга камалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

20-февралда чет мамлекеттин жараны бейтааныш кишилерге чара көрүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган. Милициянын маалыматына ылайык, 19-февралда Чүйдүн Кант шаарында өздөрүн кылмыштуу топтун мүчөсү катары тааныштырган беш-алты киши кытайлык жаранды автоунаага күчтөп салып, Кара-Балта шаарына алып барышкан. Шектүүлөр аны күч колдонуп коркутуп, 5000 доллар талап кылган. Капчыгындагы 5000 сомун тартып алышкан. Милиция 22-февралда шектүүлөрдү 1000 доллар алып жаткан жеринен колго түшүргөнүн билдирди.

Учурда факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 202-беренеси (“Каракчылык”) менен сотко чейинки өндүрүш башталды. Башка шектүүлөрдү аныктоо иштери уланып жатат.

Кыргызстанда чет өлкөлүктөрдү тоногон, опузалаган учурлар мурда да бир нече жолу кездешкен. (TSh)

XS
SM
MD
LG