Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус Бишкекте дагы бир бейтаптын өмүрүн алды. Бул тууралуу COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб 2-мартта билдирди.
Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун жалпы саны 1467 кишиге жетти. Расмий статистикага караганда, акыркы бир ай ичинде өлкөдө илдет 53 адамдын өмүрүн алды. 2-февралдагы маалыматта курмандыктардын жалпы саны 1414 болчу.
Бир күндө вирус 57 кишиден жаңы аныкталды.
Пандемияда илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 86 300 киши болду. Анын 83 269у сакайган. Бир күндө ооруканалардан 59 бейтап айыгып чыкты. (NT)
Дагы караңыз