Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:55

Пашинян парламенттик эрте шайлоого барууга макул


 Никол Пашинян тарапташтары менен аянтта. Ереван. 2021-жылдын 1-марты.
 Никол Пашинян тарапташтары менен аянтта. Ереван. 2021-жылдын 1-марты.

Арменияда саясий кризис чыңалууда. Марттын алгачкы күнүндөгү кырдаал күрөштөгү "ит жыгылыш" абалды элестетип турду. Кырдаалдан чыгуу үчүн өкмөт башчы Н.Пашинян парламенттик эрте шайлоого баруудан качпай турганын айтты. Оппозиция анын жана ал жетектеген өкмөттүн дароо кызматтан чегиинишин талап кылып жатат.

Дүйшөмбүдө (1-мартта) кечке маал Армениянын борбору Еревандын чордонунда чогулган тарапташтарынын алдына чыккан армян премьер-министри Никол Пашинян өкмөттүн катачылыктары үчүн элден кечирим сурап, саясий кырдаалды жөнгө салуу үчүн кайрадан жарым-жартылай президенттик башкарууга кайтууну сунуштады.

«Октябрда референдум өткөрүп, же жаңы Баш мыйзам кабыл алабыз же тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизип, парламенттик башкаруудан жарым-жартылай президенттик башкарууга өтөбүз», - деди Пашинян.

Ал эгерде оппозиция макулдугун берсе, анда парламенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө даяр экендигин белгиледи.

Ошол эле маалда өткөн аптада Пашиняндын жана ал башкарган өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылган Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабын өкмөт башчы экс-президент Серж Саргсяндын «көрсөтмөлөрүн аткарып жатышат» деп айыптады.

Бул сөздөрдөн кийин армян аскер күчтөрү Пашинянды «куру доомат тагууну токтотуууга» чакырды.

Башкы штабдын өкүлү Самвел Асатрян «Фейсбукка» жарыялаган кайрылууда: «Эл уулдарынан куралган Куралдуу күчтөр улуттук коопсуздукка коркунучту баалап, Куралдуу күчтөрдү жана кызматкерлерди куру доомат менен айыптоону токтотууга чакырат», - деп жазылат.

Н.Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылгандар. Ереван.
Н.Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылгандар. Ереван.

Армения 2015-жылы референдум жолу менен жарым-жартылай президенттик системадан парламенттик башкаруудагы республикага өткөн. Мамлекет башчыны эл эмес, парламент шайлап, президенттин ыйгарым укуктары бир кыйла чектелип, өкмөт башчы башкы саясий жетекчиге айланган.

Бул өзгөрүүлөр 20172018-жылдагы шайлоолордо күчүнө кирет деп белгиленип, үч жылдан кийин Армен Саркисян Арменияда парламенттик башкаруу системасы боюнча шайланган биринчи президент болуп калган.

Анда «баркыт ыңкылабынын» аркасы менен бийликке келген Пашинян эми Тоолуу Карабак боюнча 2020-жылы ноябрда ал аргасыз кол койгон үч тараптуу келишимден кийин өлкөсүндөгү көпчүлүктүн каарына калып отурат.

Дүйшөмбүдө (1-мартта) түшкө маал Ереванда Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган оппозициялыл жыйындын катышуучулары «эч жерде жашырына албайсың» деп ураан чакырып жаалданып, өкмөт үйүнүн ичине да кирип барышкан.

Пашинян былтыр 9-ноябрда Тоолуу Карабактагы азери-армян согуш жаңжалын токтотуу үчүн Москванын арачылыгы менен түзүлгөн келишимге макул болгондон кийин оппозиция аны «улуттук кызыкчылыктарга чыккынчылык кылды» деп айыптап жатат. Бул келишимде жикчил аймактын тегерегиндеги ансыз да Азербайжанга таандык болгон бир нече районду Азербайжанга кайра кайтаруу каралган.

Премьер-министр бул кадамга Армениянын мамлекеттик кызыкчылыгы үчүн барганын айтып, кызматтан кетүүдөн караманча баш тартып, өз тарапташтарын жүрүштөргө чакырууда.

Башында Пашиняндын Тоолуу Карабактагы жаңжалды тынч жол менен жөнгө салуу чечимин жакташкан армян аскерлеринин бир катар жетекчилери да өткөн аптада ага каршы чыгышкан. Буга Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчи орун басары Тиран Хачатряндын кызматтан кетирилиши түрткү болуп калган.

Өлкөнүн жогорку аскер кызматын ээлеген ондогон аткаминерлери Пашинян менен анын өкмөтүн «өлкөнү бүлүндүрүүгө» кириптер кылды деп айыптап, өкмөттүн толук кызматтан чегинишин жана Пашиняндын кетишин талап кылып чыгышкан.

Армениянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси Оник Гаспарян. 2020-жыл.
Армениянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси Оник Гаспарян. 2020-жыл.

Муну «аскердик төңкөрүш аракети» деп баалаган Пашинян Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Оник Гаспарянды кызматтан алып, бирок, президент Армен Саркисян мындай жарлыкка кол коюудан баш тарткан.

Эми президент Саркисян колбашчы Гаспарянды кызматтан алууга тийиш, же арыз менен Конституциялык сотко кайрылышы керек.

28-февралда Еревандын борборуна Пашинян менен оппозициянын колдоочулары бирдей митингге чыгып, чакан кагылыштар орун алган.

Армян премьеринин каршылаштары менен оппозицияны колдоочулар Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып, парламенттин алдына чатырларды тигип, мөөнөтсүз нааразылык чараларын жарыялады.

Бул саясий тирешүү маалында, 1-мартта, эки тарап тең борбор шаардын ар башка аянттарында атаандаш жыйындарын өткөрүү менен алектеништи.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG