Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:52

Тоолуу Карабак: Үч район Азербайжанга өткөрүлөт


Тоолуу Карабактагы Калбажар районунан көчүп кетип жаткан айрым армяндар өз үйлөрүн өрттөп салышкан.
Тоолуу Карабактагы Калбажар районунан көчүп кетип жаткан айрым армяндар өз үйлөрүн өрттөп салышкан.

Тоолуу Карабактагы алты аптага созулган согушту токтотуу боюнча тынчтык келишиминин негизинде Армения Тоолуу Карабактагы мурда Азербайжанга таандык аймактарды 15-ноябрдан тартып өткөрүп бериши керек.

Бул шарт тараптар түзгөн келишимдин бир бөлүгү болуп саналат.

Калбажар (армянча "Карвачар") районунун көптөгөн армян тектүү тургундары 14-ноябрдан тартып көчүп кете баштагандыгын, алардын айрымдары кетээринде өз үйлөрүн өрттөп салышканын "Азаттыктын" армян кызматы маалымдады.

Калбажар районун мурда негизинен азербайжандар байырлашчу. 1990-жылдагы согуштан кийин азербайжандардын көпчүлүгү сүрүлүп чыгарылган. Эми алардын үйлөрүн ээлеп алган армяндар кайра көчүп жатышат.

Тоолуу Карабак. Орусиянын аскердик техникалары. 13-ноябрь, 2020-жыл.
Тоолуу Карабак. Орусиянын аскердик техникалары. 13-ноябрь, 2020-жыл.

13-ноябрда Армениянын бийлиги сентябрь айында Азербайжан менен куралдуу кагылыш башталгандан тартып талаштуу Тоолуу Карабак аймагын 90 миңдей адам таштай качканын билдирди. Бул аймакты жалпысынан 150 миңге чукул адам байырлап келген.

Тоолуу Карабактын көчүүгө мажбур болгон жашоочусу.
Тоолуу Карабактын көчүүгө мажбур болгон жашоочусу.

Бул макулдашуудан кийин Арменияда ири нааразылык акциялары өткөн жана ага катышкандар документке кол койгон премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылышкан. Азербайжан болсо макулдашуудан утканын айтып, карапайым азерилер бийликтин аракетин кубаттап келет.

Кремлдин маалымдашынча, Орусиянын президенти Владимир Путин Азербайжандын президенти Илхам Алиевге 14-ноябрда кайрылып, Тоолуу Карабактагы азербайжандыктарга өткөрүлүп бериле турган аймактардагы христиан чиркөөлөрүн сактоого үндөдү.

Президент Алиев Тоолуу Карабактагы өздөрүнө кайра өтө турган жайлардагы христиандык ыйык жайлар толук коргоого алына тургандыгына расмий Кремлди ишендирген. Бул тууралуу анын маалымат кызматы таркаткан билдирүүдө баса белгиленет.

Орусиянын арачылыгы менен жетишилген тынчтык келишимине ылайык, жакынкы эки жарым апта ичинде Армения мурда каратып алган үч районду Азербайжанга тынч өткөрүп берет.

Үч тараптуу келишим боюнча 1-декабрга чейин Калбажар, Агдам, Лачин райондору Бакунун карамагына өтөт. БУУнун келишимдерине ылайык Тоолуу Карабакка качкындар кайтып барат жана тараптар чектешкен сызыкка орусиялык аскерлердин бейпилдик күчтөрү жайгаштырылат.

Орусиянын Чек ара кызматы ошондой эле Азербайжанды Нахичевань эксклавы менен байланыштырган Армения аркылуу өткөн транспорт коридорун көзөмөлдөп турмакчы.

Карабак: кубаныч-кайгы коштогон келишим
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:02 0:00


10-ноябрда жетишилген тынчтык келишимине көптөгөн армяндар нааразы болууда. Анткени келишимге ылайык эми Тоолуу Карабактын олуттуу бөлүгү кайрадан Азербайжанга өтмөкчү.

Карта. Тоолуу Карабактагы үч район Азербайжанга өткөрүлөт.
Карта. Тоолуу Карабактагы үч район Азербайжанга өткөрүлөт.

Соңку согуш аракеттеринен улам эки тараптан тең 5 миңден ашуун жоокер жана карапайым тургун өмүрүнөн ажырады.

1994-жылдагы тынчтык келишимине жетишүүгө Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы М.Шеримкулов баш болгон парламент жетекчилиги да салым кошкону маалым. 1994-жылы 5-майда Бишкек шаарында Тоолуу Карабактагы атышууларды токтотуу жөнүндө тарыхый протоколго кол коюлган.

Ал кезде М.Шеримкулов КМШга мүчө өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын Тоолуу Карабак боюнча жумушчу тобунун төрагасы эле. Кыргызстандын парламенти ошол кезеңде көп векторлуу дипломатиялык саясатты жүргүзүүгө президенттен өз алдынча салым кошуп жаткан болчу.

XS
SM
MD
LG