Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:03

Армян коргоо министрлиги: Куралдуу күчтөр саясий жүрүмгө кийлигишпейт


Армян өкмөт башчысы Н.Пашинянга каршы нааразылык жыйыны. Ереван. 2021-жылдын 27-февралы.
Армян өкмөт башчысы Н.Пашинянга каршы нааразылык жыйыны. Ереван. 2021-жылдын 27-февралы.

Армениянын Коргоо министрлиги 27-февралда (ишембиде) өлкөнүн куралдуу күчтөрүн ички саясий жүрүмдөргө аралаштырбоону талап кылды.

Армениянын Коргоо министрлигинин интернет барагында жарыяланган коммюникеде: "Биз Куралдуу күчтөрдүн атынан билдирүү жасоодон баш тартууну, армияны саясий жүрүмдөргө аралаштырбоону жана өлкөнүн коопсуздугун жеке кызыкчылыктарга баш ийдирбөөнү талап кылабыз", – деп айтылат.

Өлкөнүн Коргоо министрлиги, ошондой эле, Армениянын куралдуу күчтөрү саясий жүрүмдөргө карабастан, өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өз милдеттерин толук жоопкерчилик менен аткара берээрин кошумчалады.


25-февралда Арменияда Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы премьер-министр Никол Пашинян менен өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылгандан кийин, Пашиняндын каршылаштары менен тарапкерлеринин жыйындары бири-бирине мезгилдеш башталды. Билдирүүгө Башкы штабдын башчысы Оник Гаспарян, анын орун басарлары, департаменттердин жана корпустардын жетекчилери кол коюшкан. Пашинян муну аскердик төңкөрүш аракети катары баалап, Башкы штабдын башчысын кызматтан алуу сунушун жарыялаган.

Армениянын президенти Армен Саркисян Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Оник Гаспарянды кызматтан алуу жөнүндө жарлыктын долбоорун 27-февралда премьер-министрге өзүнүн каршы пикири менен кайтарып берди.

Буга байланыштуу Саркисян билдирүү жасап, анда жарлыктын долбоору президенттик администрацияда алдыңкы укукчулар менен көз карандысыз адистердин катышуусунда изилденгендигин, натыйжада бул долбоор Башмыйзамга ачыктан-ачык карама-каршы келет, деген жыйынтык чыгарылганын айтты.

Президенттин билдирүүсүндө: «Дагы бир жолу биз президент эч кандай саясий күчтү жактабайт деп тастыктайбыз. Ал мамлекеттик жана улуттук кызыкчылыктарды жетекчиликке алуу менен чечим кабыл алды. Куралдуу күчтөр саясий маселелерде бейтараптуулукту сактоого тийиш”, – деп баса белгиленген.

Еревандагы премьер Н.Пашинянга каршы нааразылык жыйыны. 2021-жылдын 27-февралы.
Еревандагы премьер Н.Пашинянга каршы нааразылык жыйыны. 2021-жылдын 27-февралы.


Ошол эле учурда Башкы штабдын турумун колдоо үчүн оппозициячыл “Ата Мекенди сактоо кыймылынын” тарапкерлери борбор шаардагы Баграмян көчөсүн тосуп, парламент имаратынын жанына чатырларды тигип алышты. Алар Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган мөөнөтсүз нааразылык чараларын күнү-түнү уланта тургандыктарын жарыялашты.


Армян оппозициясы былтыр күзүндөгү алты апталык согушка чек койгон ок атышууларды токтотуу тууралуу Армения, Азербайжан жана Орусия түзгөн үч тараптуу келишимге кол коюп койду, деп Пашинянды күнөөлөп келишет. Ал болсо бул кадамга Армениянын кызыкчылыгында барууга аргасыз болгонун айтып, кызматтан чегинүүдөн караманча баш тартты. (TT)

XS
SM
MD
LG