Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-ноябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 23:04

Эмне үчүн Армения Азербайжандагы Тоолуу Карабактын эгемендигин тааныбай келет?


Азербайжандын Тоолуу Карабак аймагы (кызыл түстө). Карта.

Тоолуу Карабак автоном облусу 1988-жылдан тартып Азербайжан ССРинин курамынан чыгуу далаалатын жасап, ал эми 1991-жылы өзүн көз карандысыз “республикасы” деп жарыялаган. Анын коруучусу болгон Армения бул аймактын эгемендигин алигиче тааныбагандыгынын себептери арбын. Тарыхчынын блогу.

Быйыл 27-сентябрдан 9-ноябрга чейин согуш оту кайрадан дүрт жанып, алоолонгон Тоолуу Карабак аймагын армяндар “Арцах” деп аташат. Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттердин бардыгы (анын ичинде Армения дагы) Азербайжандын аймагындагы Тоолуу Карабак аймагынын бир тараптуу жарыяланган көз каранды эместигин эч таанышкан эмес.

Өзүн өзү 1991-жылы эгемен жарыялаган азербайжандык аймактын Башмыйзамына ылайык, анын “Тоолуу Карабак Республикасы” жана “Арцах Республикасы” аталыштары маанилеш саналат.

“Арцах” сөзү аркылуу армяндар байыркы армяндык топонимди калыбына келтирип жатабыз деп санашат, ал эми алардын сынчылары бул аталыш Каспий деңизинин чыгышындагы массагет (скиф) урууларынын бири болгон парны уруусунун жолбашчысы Аршак (Арсак) Биринчинин ысымынан келип чыккан, демек, этимологиясы жагынан көөнө армян сөзү эмес болчу, дешет. Аршактын урпактары Иранда, Борбордук Азиянын түштүк-батышында жана аларга чектеш аймактарда ири Парфия падышалыгын (б.з.ч. 250-ж – б.з. 227-ж.) негиздешкен. Падышалык чыгыш жакта Индиянын батышына (азыркы Пакистан) чейин канат жайган. Анын түштүк-батыш өңүрүн Кавказдагы Албания (анын ичинде азыркы Тоолуу Карабак аймагы) да түзгөн.

Кийин бул аймак “Арран” тарыхый-географиялык аталышы менен маалым болгон. XI кылымда аймакты селжүк огуз урууларынын өкүлдөрү каратып алышкан. XIV кылымдан тартып Арран чөлкөмүнүн бир өңүрүндө “Карабак” (“кара” жана “бах” – “бакча”) топоними үстөмдүк кылып калган.

Биз эми “көөнө чакта Кавказ кимге таандык болгон?” деген түпсүз суроого чалынып отурбастан (ал байыртадан эле көп элдердин өкүлдөрүнөн куралган, эч качан моно-этностук болгон эмес), Түштүк Кавказ аймагынын бир бөлүгү болгон көп этностуу Тоолуу Карабактын жана анын айланасынын заманбап саясий кырдаалына кайрылалы.

1991-жылы Советтер Биримдиги биротоло ыдыраган соң, эл аралык коомчулук мурдагы Азербайжан ССРинин чектерин толугу менен эгемен Азербайжандын ажырагыс бөлүгү катары тааныган. Демек, совет доорунда Тоолуу Карабак автономиялык облусу болгон аймак менен анын жанындагы Шаумян району азыр деле БУУга мүчө мамлекеттер тарабынан Азербайжандын жери катары таанылат.

Бирок аймактагы жикчил армяндардын жетекчилиги расмий Бакунун башкаруусун де-факто таптакыр четке кагып келишет.

2020-жылдын 9-ноябрындагы келишимге ылайык Тоолуу Карабактын жана айланасындагы жерлердин картасы. Кыйгач сызык менен чийилген жерлер эми Азербайжан аскерлеринин көзөмөлүндө калат.
2020-жылдын 9-ноябрындагы келишимге ылайык Тоолуу Карабактын жана айланасындагы жерлердин картасы. Кыйгач сызык менен чийилген жерлер эми Азербайжан аскерлеринин көзөмөлүндө калат.

1991-жылы 2-сентябрда Азербайжандын Тоолуу Карабак автономиялык облусунун облустук кеңеши менен чектеш Шаумян районунун райондук кеңеши биргелешип декларация кабыл алышып, “Тоолуу Карабак Республикасы түзүлдү” деп шардана кылышкан. Расмий Баку бул декларацияны мыйзамсыз деп четке каккан.

Тоолуу Карабактагы 1994-жылга чейин созулган куралдуу кагылышуулардын айынан бул жикчил аймакта жана анын жан-жактарында 30 миңдей адам өлдү, миллиондон ашуун тургундар бозгунга кетүүгө мажбур болду. (Быйыл күздө качкындардын жаңы толкуну КОВИД-19 илдетинин курчуган кырдаалында орун алды).

Тоолуу Карабак качкындары. 2020-жылдын 17-ноябры.
Тоолуу Карабак качкындары. 2020-жылдын 17-ноябры.

Айтмакчы, 1994-жылдагы Тоолуу Карабактагы тынчтык келишимине жетишүүгө Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы М.Шеримкулов баш болгон парламент жетекчилиги да салым кошконун айрыкча белгилей кетсек болот.

1994-жылы 5-майда Бишкек шаарында Тоолуу Карабактагы атышууларды токтотуу жөнүндө тарыхый протоколго кол коюлган. Ал кезде М.Шеримкулов КМШга мүчө өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын Тоолуу Карабак боюнча жумушчу тобунун төрагасы болчу.

Бирок Армениянын жана тымызын Орусиянын колдоосун алуу менен 1994-жылы азербайжандык аскерлерди ири жеңилишке учуратууга жетишкени менен, жикчил Тоолуу Карабак аймагы да, анын колдоочусу Армения да эл аралык дипломатиялык мейкиндикте бир сөөмгө да алдыга илгерилей алышкан эмес – “Тоолуу Карабак Республикасы” деп аталган өлкө эч бир мамлекет тарабынан таанылбаган бойдон кала берип келген.

(Бул аймакты өздөрү да расмий таанылбаган Абхазия, Түштүк Осетия, Молдовадагы Днестр бою аймактары гана көз каранды эмес мамлекет катары таанышкан).

2020-жылдын 20-октябрында Азербайжандын президенти Илхам Алиев кайрылуу жасап, жикчил Тоолуу Карабакты өз алдынча мамлекет катары таанууга барчу ар кандай мамлекет менен Азербайжан өз байланыштарын үзө тургандыгын эскертти:

Эч ким “Тоолуу Карабак республикасы” деп аталымыш эткенди тааныган жок. Эми алар дүйнө өлкөлөрү жикчил, кылмыштуу түзүлүштү таануусу үчүн бар аргасын жасап жатышат. Алар тим эле акылдан айнышты, мындай кадамга эч ким барбастыгын эч түшүнүшпөйт, бул кадамга бара турган ар кандай өлкө Азербайжан үчүн дос болбой кала турганын эч түшүнүшпөйт. Достук мамилени мындай коёлу, мындай өлкө менен биз бардык байланыштарды үзүп салабыз”, – деди Илхам Алиев.

Карабак: кубаныч-кайгы коштогон келишим
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:02 0:00

Башкалар го – чоочун дейли, ал эми Армениянын өзү эмнеге алиге чейин Тоолуу Карабактын эгемендигин тааныбай келди болду экен?

Расмий Ереван мунун бир гана себебин дипломатиялык жүйөө катары байма-бай айтып келет: эгерде расмий Ереван Тоолуу Карабак Республикасынын көз каранды эместигин тааный турган болсо, анда бул кадам аймактын маселесин тынч жол менен чечүүгө багытталган 1992-жылдан берки Минск тынчтык жүрүмүнө биротоло кедергисин тийгизмек.

Ал эми БУУ 1993-жылы Карабактан армян аскерлерин чыгарууну жана аны Азербайжандын аймагы катары таанууну талап кылган төрт резолюция кабыл алганы маалым.

Улуу Британиянын борборундагы Кингс Коллеждин илимий долбоорун жыйынтыктап, 2001-жылы эмгек жазган саясат таануучу, профессор Дов Линч (Dov Lynch) Тоолуу Карабактын “көз каранды эместиги” иш жүзүндө бул аймактын Армения тарабынан каратылып алынгандыгынын эле “бет пардасы” болчу деген пикирин ортого салган.

Иш жүзүндө Тоолуу Карабак менен анын айланасындагы Азербайжанга таандык аймактардагы 1991—1994-жылдардагы согушта армян аскерлери түздөн-түз катышкан, азыр да ал жакта кармалууда.

Демек, эл аралык чөйрөдө өздөрүн баскынчы катары айыпташпасын үчүн армениялык бийликтер бул жикчил аймакты “көз карандысыздыкка умтулган аймак” катары түшүндүрүп жатышат, дейт Дав Линч.

(2020-жылдын 9-ноябрындагы үч тараптуу макулдашуудан кийин гана Армениянын жоокерлери Тоолуу Карабактан Арменияга чегинди, бирок алардын азербайжандык аскерлер кайра ээлөөгө үлгүрбөй калган жерлердеги ордун жергиликтүү жикчил армян коопсуздук күчтөрү менен орусиялык тынчтык жаратуу күчтөрү ээлеп турат).

Ал эми Еревандагы Кавказ институтунун деректири Александр Искандаряндын оюнча, ЕККУнун Минск тобу түзүлүп, 1992-жылдан бери созулуп келе жаткан тынчтык жүрүмүнүн эң акыркы тыянагы – Тоолуу Карабак Республикасын расмий таануу болуп калышы керек, ошондуктан анын макамы сүйлөшүүлөрдүн баштапкы чекитинин темасы боло албайт эле.

Азербайжан бийлиги өз аймагы катары санаган Тоолуу Карабактын жикчил жетекчилери менен сүйлөшүүлөргө баруудан караманча баш тартып келишти, ошондуктан Минск тынчтык жүрүмүн ордунан илгери жылдыруу үчүн расмий Ереван Тоолуу Карабак аймагынын көз каранды эместигин тааныбай туруу кадамын жеңилдикке баруу аргасы катары жасады, деп санайт А.Искандарян.

Албетте, жагдай расмий Ереван жана анын пикирин колдогон адистер түшүндүргөндөн алда канча татаал.

Сөз – жалаң гана Тоолуу Карабак аймагы тууралуу эмес, жалпы Түштүк Кавказдагы, ал түгүл ага чектеш кеңири чөлкөмдөрдөгү геосаясий кырдаал тууралуу.

Эгерде расмий Ереван “Тоолуу Карабак Республикасы” делген түзүлүштү расмий тааный турган болсо, ошол көз ирмемден тартып Түштүк Кавказдагы динамитти жардыруу үчүн анын жибине от койгонго тете иш кылат.

Тоолуу Карабакта согуш оту быйыл 27-сентябрда кайра дүрт жанган чакта, Жаматтык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкө болгон Армениянын бийлиги расмий Кремлден көмөк да сурады, бирок расмий Кремлден “азырынча согуш аракеттери Азербайжандын чегинде жүрүп жатпайбы”, – деп жооп узатылгандыгы маалым.

Дмитрий Песков. 24.6.2020.
Дмитрий Песков. 24.6.2020.

Мисалы, 7-октябрда Орусиянын прзидентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков: “ЖККУ боюнча милдеттенме Тоолуу Карабакка таркатылбайт”, - деп таасын билдирди.

Азербайжан бийлиги болсо коңшу Армениянын аймагына кол салайын деген эч планы жоктугун, бирок өз өлкөсүнүн БУУнун деңгээлде таанылган аймактык бүтүндүгүн сактай тургандыгын билдирип келет.

Ал эми Тоолуу Карабак аймагынын оодук бөлүгүнүн Армения бийлиги тарабынан өз алдынча мамлекет катары расмий таанылышы – Тоолуу Карабактагы согуш аракеттерин биротоло аягына чейин жүргүзүү үчүн расмий Бакуга уруксат кылууга барабар.

Мында да де-факто Азербайжан өз аймагынын ичинде эле жикчилдерге каршы согуш жүргүзгөнгө туура келет. Чеченстандагы жикчилдерди ооздуктоого туура келген расмий Кремл үчүн бул жолу деле бейтарап калуу майнаптуу арга болмокчу: кантсе да, Тоолуу Карабак аймагын Орусия деле Азербайжандын бөлүгү катары тааныйт эмеспи.

Толуу Карабактын бул макамы жана анын көз карандысыздыгын Армениянын өзү тааный электиги тууралуу президент Владимир Путин да жакында таасын айтты.

Эл аралык геосаясий фактор

Эгерде Армения Тоолуу Карабактагы жикчил армяндарлын аймагын көз карандысыз мамлекет катары таанууга барчу болсо жана мындан улам жаңы согуш оту т утанчу болсо, ушундай болжолдуу кырдаалда расмий Кремл кандайдыр-бир шашкалактыкка жол коюп, Тоолуу Карабакта Армения тарабында согуш аракеттерине өз аскери менен кийлигишчү болсо (мында Орусиянын үч тараптуу макулдашууга ылайык Тоолуу Карабак аймагына жакында киргизилген тынчтык жаратуу күчтөрү тууралуу сөз жүргөн жок), анда НАТОго мүчө өлкө – Түркия да Түштүк Кавказдагы согуш сахнасына аскердик кийлигишүү үчүн дипломатиялык шылтоо табат.

Тоолуу Карабактагы согуш оту Жакынкы Чыгышта, Сирия менен Иракта да жаңжалдын жаңы очокторун пайда кылышы же эски жараны ырбатышы ыктымал.

Өзгөчө Сирияда Путин менен Эрдоган кээ бир маселелерде мышык-чычкан оюнун ойноп, кээ бир аймактарда чын ыкыластан шерик болуп жаткан кези. Жаңы кырдаалда мындай шериктик жокко чыгып, улам жаңы аймактарда (анын ичинде Сирия, Түндүк Ирактагы ж.б. чөлкөмдөрдөгү күрт жикчилеринин таасири астындагы аймактарда дагы) эки тарап кыйыр же түз тирешүүсүн күчөтүшү ыктымалдан алыс эмес.

НАТОнун айрым мүчө өлкөлөрү да Эрдоганга каршы чыгышы мүмкүн, бирок алар деле Түштүк Кавказды колдон чыгарбоого умтулат. НАТО Түштүк Кавказдагы Грузия менен Чыгыш Европадагы Украинанын коопсуздугун чыңдоого багытталган кадамдарды жасап, Кремл менен геосаясий тирешүүсүн тереңдетиши ажеп эмес.

Чөлкөмдөгү Армения менен Азербайжан да (ар бири өзүнүн дипломатиялык жолу менен) Батышка да, Иранга да кайрылышаары шексиз. Иранда азербайжандардын ири диаспорасы да тилектештигин көрсөтөт. Батыштагы армян диаспорасы да жөн жатпайт.

Динге жамынган эл аралык ашынган террорчу топтор да ири чөлкөмдө өз багыты менен тополоңду тоз кылууга салым кошот. Алар ар кыл диний агымдардын туусу астында эл аралык террорчуларды аймакка жөнөтүшү ыктымал.

Кырдаал дин менен гана чектелбейт. Айрым секулярист (динге чидерленбеген солчул) күрт топтору жана айрым шийи ирандыктар мусулман экендигине карабастан христиан армяндарга жан тартышы ыктымалдан алыс эмес.

Бир учурда жаңжалдашкан эки тарапка тең курал сатып, ал түгүл башкесерлер топторун жиберчү эл аралык уюшкан кылмышкерлердин топтору Африкадагы жана башка жактардагы тажрыйбасын Армения менен Азербайжанга тымызын колдоно башташат.

Натыйжада Армения менен Азербайжан сыяктуу чаканыраак мамлекеттердин миллиондогон карапайым тургундары кашык-табагы түгүл, дасторконун, ал түгүл үйүн да таппай калышы мүмкүн.

Армениянын азыркы өкмөт башчысы Никол Пашинян бийликке келе элек кезинде, 2018-жылдын апрелиндеги элдик ыңкылап маалында: “Жашасын, Арцах Республикасы! Акыры-түбү ал Армениянын бөлүгү болуп калат!” деп ураан чакырган. Жеңиштүү күндөрдүн биринде, 2018-жылдын 2-майында ал Тоолуу Карабак акыры Армениянын бөлүгүнө айланат деген оюн кайталаган.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өзүнүн кызматтан кетишин талап кылган нааразылык жыйыны маалында. Еревандагы "Эркиндик" аянты. 2020-жылдын 18-ноябры.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өзүнүн кызматтан кетишин талап кылган нааразылык жыйыны маалында. Еревандагы "Эркиндик" аянты. 2020-жылдын 18-ноябры.

Ошол эле учурда Никол Пашинян өз өкмөтү буга чейинки дипломатиялык нукту ырааттуу уланта берээрине да убада кылган.

Эми ал жана андан кийин болочокто өкмөт башчылыкка келе турган армян саясатчылары чакан жумурияттагы бийлик тизгинин гана мойнуна албастан, ири геосаясий түйшүктөрдү жана эл аралык жоопкерчиликти да ар тараптуу аңдоого мажбур.

Ереван менен Бакунун жалгыз аргасы – бейпилдикти сактоо

Демек, Никол Пашиняндын жана башка бийликтеги армян саясатчыларынын Азербайжандагы Тоолуу Карабак (Арцах) Республикасы аталган жикчил аймакты көз карандысыз мамлекет катары таануу чакырыгы – расмий Еревандын жергиликтүү улутчулдарга жана Тоолуу Карабактагы жикчил армяндарга жагуу үчүн сөз жүзүндө айтыла келчү бошко кетчү кеби бойдон кала берүүдө.

Мында “жикчил армяндар” деп белгилөө менен катар эле, Азербайжандын курамында кала берүүнү жактаган, жалпы чөлкөмдөгү тынчтыкты самаган жана ал түгүл Бакудан баш паана табууну эңсеген армяндар да бар экендигин эстен чыгарбоо абзел.

Азыркы маалда расмий Баку да бычак мизинде турат. Эгерде ал дагы чөлкөмдөгү тең салмактуулукту бир тараптуу бузууга барчу болсо, анда Тоолуу Карабактагы орусиялык тынчтык жаратуу күчтөрүн жана орусиялык паспортторду таркатуу ыкмасын пайдалануу менен расмий Кремл чөлкөмдө Молдованын Днестр бою, Грузиянын Абхазия жана Түштүк Осетия аймактарындай кырдаалды Тоолуу Карабакта да жаратуу үчүн далаалат кылышы ыктымал. Мында Тоолуу Карабактагы жикчил аймак Арменияга эч кошулбайт, Бакуга деле баш ийбейт, бирок де-факто Орусиянын нео-оторчул бийлигинин көзөмөлү астында калат.

Бирок бул болжолдуу кадам да Орусия үчүн майнапсыз болушу ыктымалдан алыс эместигин Кремлде аңдашат, анткени ал чөлкөмдөгү жаңжалды ого бетер ырбатып салышы мүмкүн. Түркиянын көмөгү менен эң жаңы аскердик технологияга жетишкен жана дүйнөнүн айрым өлкөлөрүнөн эң соңку аскердик жабдууларды топтой алган Азербайжандын азыркы куралдуу күчтөрүн Молдованын 1990-жылдардагы аскер күчүнүн кырдаалына теңеш мүмкүн эмес. Бакуну расмий Анкара ырааттуу жана жигердүү колдой бермекчи.

Анын үстүнө, Грузия – Абхазия менен Түштүк Осетияны, Украина – Крымды, Молдова – Днестр боюн кайрадан толук өз көзөмөлүнө алуу үчүн аракеттерин жандантып, расмий Бакуга да тилектештик көрсөтөөрү турулуу иш.

(Айрымдар “эмитеден эле Орусиянын Чукул кырдаалдар боюнча министрлигине аймакта гуманитардык көмөктү кеңири өлчөмдө уюштуруу иштери тапшырылып жатат”, деп бүшүркөп айтышы мүмкүн, бирок расмий Кремл Тоолуу Карабакка кайрымдуулук көмөктү көбөйтүү сунушун “Кызыл Чырым” уюму сыяктуу эл аралык уюмдарга да айтууда).

Соңку Тоолуу Карабак согуш жаңжалы Армениядагы реформачыл кадамдарга да зор кедерги тийгизди, мунун айынан Никол Пашиняндын өкмөтү өлкөдөгү далай белгиленип жаткан социалдык-экономикалык иш-чараларынан алагды болуп, ал түгүл өз бийлигин кантип сактап калуунун жан айласын көрүүдө.

Нааразылык жыйынынын катышуучулары бийликтеги "Менин кадамым" фракциясынын депутаттарынын сүрөттөрүнө "чыккынчы" деп жазып коюшту. Ереван. 2020-жылдын 12-ноябры.
Нааразылык жыйынынын катышуучулары бийликтеги "Менин кадамым" фракциясынын депутаттарынын сүрөттөрүнө "чыккынчы" деп жазып коюшту. Ереван. 2020-жылдын 12-ноябры.

Айтмакчы, Азербайжандын президенти Илхам Алиев Орусиянын ТАСС кабар агенттиги үчүн 19-октябрда курган маегинде Армениянын премьери Никол Пашинянды Жорж Соростун “сары ооз балапаны” ("выкормыш") деп атап, анын бийлигин “террорчул режим” деп кескин баалаган.

Пашиняндын өкмөтүнүн ич ара ыдырап кулашын пост-советтик мейкиндиктеги ар кандай “түстүү ыңкылаптарды” жек көргөн режимдер бүт өз кудайларынан тилеп жатканы түшүнүктүү.

Ок атышуулар токтогондон берки жаңы кырдаал Азербайжандагы коомдук өнүгүүгө да таасирин тийгизип жатат. Толуу Карабактагы 1994-жылдан бери баскынчылыкта кала берип келген жерлеринин бир катар бөлүгүн бошотуп алууга жетишип, президент Илхам Алиев улуттук баатыр катары баркталууда.

Президент И.Алиев (оңдо) жакында бошотулган Физули жана Жебрайил райондорун кезди. 2020-жылдын 16-ноябры.
Президент И.Алиев (оңдо) жакында бошотулган Физули жана Жебрайил райондорун кезди. 2020-жылдын 16-ноябры.

Ушул таптагы мекен сүйөөрлөрдүн риторикасы Азербайжандагы Илхам Алиевдин авторитардык бийлик системасын сындагандардын үнүн ого бетер убактылуу басаңдаткандай болду.

Мунайзатка бай бул өлкөдө оппозициялык топтор ансыз да чачкын, мажүрөө болуп келген. Азербайжандын парламентине көз карандысыз депутат катары шайлангандар жана айрым оппозициячыл делген уюмдар, чын-чынында, жер-жерлерде чыныгы оппозициялык саясатчылардын жолун бууш үчүн атайын тапшырык аткарган алиевчилер болуп чыккан.

Кыскача корутундуласак, расмий Ереван эмне үчүн Тоолуу Карабактын жикчилдеринин аймагын көз каранды эмес мамлекет катары тааный албай жаткандыгынын себептери, демек, өлкөнүн өзүнө байланышкан жана байланышпаган көп катмарлуу түйүнгө тыгыз чырмалган.

Ред.:

Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

Пикирлерди көрүңүз (16)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG