Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:51

НАТО мааракесин белгилеп жатат


НАТО 70 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Лондонго эки күндүк саммитке чогулду.

Мааракелик саммитте уюмдун келечеги, ошол эле кезде анын ички талаш-тартыштары талкууланары күтүлүүдө. НАТО мүчөлөрүнүн арасында Иран, Орусия жана Сирияга байланыштуу маселеде карама-каршылык бар. Кошмо Штаттар да НАТОдогу өнөктөштөрүн уюмга көбүрөк акча бөлүүнү талап кылып келе жатат.

Франция, Түркия жана Кошмо Штаттар НАТОнун мааракелик саммитине ар кыл карама-каршы көз караштары менен келди. Маселен, АКШ президенти Дональд Трамп «эмне үчүн Вашингтон Батышты коргошу керек» деген суроо коюп, уюмга мүчө өлкөлөрдү коргонуу чыгымын жогорулатууга, жалпы чыгашаны тең көтөрүүгө чакырып келе жатат.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг акыркы кездеги карама-каршылыкка жана чыңалууга карабастан, НАТОну тарыхтагы эң ийгиликтүү уюм катары сыпаттады. Бул тууралуу ал мааракелик жыйынды утурлай жасаган билдирүүсүндө белгиледи.

- Азыркы учурда уюмга мүчө мамлекеттер НАТО боюнча жаңыртылган пландарын берди жана биз жакшы жыйынтыктарды көрүп жатабыз. Ушул пландарга таянуу менен мен 2024-жылга барып коргонууга бөлүнгөн каражат 400 миллиард долларга чейин көбөйө турганын айта алам. Бул болуп көрбөгөндөй өнүгүү жана ал НАТОну чыңдайт.

АКШ уюмдун бардык мүчөлөрү ички дүң өнүмүнүн эки пайызын альянстын чыгымына жумшашы керек деген эрежени сактоону талап кылып келет. Йенс Столтенбергдин айтымында, НАТОго мүчө тогуз мамлекет азыр бул шартты аткарып жатат, бир канча жыл мурда аны уюмдун үч гана мүчөсү аткарып калган.

Быйыл Европа мамлекеттери менен Канада аскердик чыгымын 4,6 пайызга көтөрдү.

Столтенберг белгилегендей, беш жыл катары менен коргонууга бөлүнгөн каражат көбөйүп келе жатат. НАТОнун тарыхында аскердик чыгым мурда-кийин мындай деңгээлге жеткен эмес деди Столтенберг.

НАТОнун мүчөсү болгон Түркия “Орусиянын С-400 үлгүсүндөгү зениттик-ракеталык системасын сатып алып жатканы үчүн уюмдагы башка өнөктөштөрү тарабынан сынга кабылган. Анкараны НАТОдогу эң ири өнөктөшү АКШ сынга алып, бул үчүн санцияларды киргизерин эскертип келген. Ошондой эле Түркиянын мындай кадамы үчүн F-35 үлгүсүндөгү кыргын салуучу учактарды сатуудан баш тарткан.

Ошондой эле Вашингтон Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганды АКШнын Сирияда “Ислам мамлекети” менен болгон согушта өнөктөшү болгон күрттөрдү өзүнүн чек арасына жакын аймактан аскердик аракеттер аркылуу сүрүп чыгарганы үчүн айыптаган.

Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Өзүнүн дарегине айтылган дооматтарды четке каккан Анкара НАТО Сириядагы күрттөрдүн “Элдик коргонуу кошуундарын” (YPG) уюм да террористтик деп санамайынча уюмдун Балтика өлкөлөрүнө жана Польшага карата ички саясатын колдоодон баш тарта турганын айтып келатат.

Түркиянын президенти муну 3-декабрда Лондонго учаар алдында да кайталады:

- Эгер биздин НАТОдогу досторубуз биз терроризм менен күрөштө согушуп жаткандарды террористтик уюм деп тааныбаса, анда кечирип койгула, биз эмнени болбосун кабыл алууга каршыбыз.

НАТОнун күн тартибинде Орусиянын аскердик күчүнүн өсүшү жана экспансиясы, ошондой эле Кытайдын аскердик активдүүлүгү да туруп жатат.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон өткөн айда уюмдун ичинде саясий жана стратегиялык координациянын жоктугун сындаган.

Эммануэл Макрон.
Эммануэл Макрон.

- НАТО – бул жамааттык коргонуу уюму. Ал эмнеге каршы же өзүн эмнеден коргойт? Биздин жалпы душманыбыз ким? Биздин жалпы темабыз эмне? Бул суроолор тактоону талап кылат жана өзүңүздөр көрүп тургандай абдан страгиялык суроо.

Түндүк атлантикалык келишим уюмун 1949-жылы АКШ, Канада жана 10 европалык өлкө советтик экспансияга каршы туруу максатында негиздеген. Азыркы учурда ага 29 мамлекет мүчө.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG