Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:11

Лондондо НАТОнун 70 жылдыгына карата мааракелик саммит башталды


Британиянын борбору Лондондо 3-декабрда НАТОнун курамындагы мамлекеттердин лидерлеринин эки күндүк саммити башталды.

Өткөн айда уюмдун баш катчысы Йенс Столтенберг «НАТО - Европадагы жана трансатлантикалык коопсуздуктун жападан-жалгыз кепилдиги» деп эскерткен. Ал климат, өзөктүк келишим, Сириянын түндүк-чыгышындагы жагдай сыяктуу маселелерде өз ара пикир келишпестикке карабай бул уюм 70 жылдын ичинде бекемделди деген оюн айткан.

Ушул айдын башында Франнциянын президенти Эммануэл Макрон Европа мындан ары НАТОдогу өнөктөшү АКШнын коргоосуна ишеним арта албай турганын айтып, «биз НАТОнун «мээсинин өлүп баратканына» күбө болуп жатабыз» деп билдирген. Анын айтымында, «Европа жардын кырына кептелип калды жана мындан ары өзүнчө геосаясий держава катары өзүнө өзү кам көрүшү керек».

Америкалык жана европалык бир катар жогорку даражалуу бийлик өкүлдөрү Макрондун мындай билдирүүсүн колдобой турганын билдиришкен.

НАТОго кирген өлкөлөр 2014-жылы соңку он жылда коргонуу чыгымдарын ички дүң өнүмдүн 2% үлүшүнө жеткирүү тууралуу милдеттенме алышкан. АКШнын президенти Дональд Трамп уюмдун мүчөлөрүнөн бул милдеттенмени толук аткарууну талап кылып келет. Быйыл бул шартты аткарган өлкөлөрдүн саны сегизге жетери айтылган.

XS
SM
MD
LG