Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:00

НАТО Украинаны колдоду


Йенс Столтенберг менен Владимир Зеленский, Киев, 31-октябрь, 2019-жыл.
Йенс Столтенберг менен Владимир Зеленский, Киев, 31-октябрь, 2019-жыл.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг 31-октябрда Киевде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолукту.

Йенс Столтенберг Киевге НАТОго мүчө 29 мамлекеттин өкүлдөрүнөн турган топту баштап келди. Түндүк атлантикалык альянстын делегациясы НАТО-Украина жыйынына катышты. Столтенберг украин парламентинде сөз сүйлөп, Киев НАТОнун ишенимдүү өнөктөшү экенин бир канча жолу кайталап, президент Владимир Зеленскийдин Донбасстагы соңку аракетин колдой турганын айтты.

НАТОнун баш катчысы Орусиядан Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдогонун токтотууну талап кылып, Азов деңизинде кармап алган кемелерди коё берүүгө чакырды:

- НАТО Украина менен кызматташтыгын жогору баалайт. Силердин бизге жакын өнөктөш болгонуңар өтө маанилүү. Биз бүгүн Украинанын чыгышындагы коопсуздукту талкууладык. Биздин өнөктөштөр Луганск облусундагы кадамыңар үчүн ыраазы. Орусия Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдогонун токтотуп, ал жактан армиясын, аскердик техникасын алып кетиши керек.

Столтенберг Украинага НАТОго качан кошулушу мүмкүн экенин жарыялаган жок, бирок альянстын эшиги ачык экенин ырастады жана НАТОго мүчө болуудагы башкы шарттардын бири - коррупция менен күрөш экенине токтолду.

Киевдеги жолугушууларда НАТО Украинага 40 миллион евро бөлүп жатканы белгилүү болду. Каражат киберкоопсуздукту камсыздоого жана куралдуу кагылыштарда жарадар болгон аскерлерди дарылап, колдоого жумшалмакчы.

Украинанын президенти Владимир Зеленский өз кезегинде эки тараптуу алака-катыш жаңы деңгээлге чыгышы керектигин айтты. НАТОго кошулуу үчүн иш-аракеттердин планын алууга кызыкдар экенин бышыктады:

- Украина НАТОго мүчө болбой туруп деле альянстын бардык операцияларына жана миссияларына катышып келет. Эгемендигибизди жана аймактык бүтүндүгүбүздү колдоп келгениңер үчүн ыраазыбыз. Биз бүгүн шериктештиктин жыйынтыгын чыгардык. Алака-катышыбызды күчөтүү тууралуу пикир алмаштык. Украина-НАТО кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгышы керек. Биз бүгүн структуралык өзгөртүүлөргө басым жасап жатабыз.

Украина 29-октябрда Луганск облусундагы Золотое шаарчасындагы беш жылдан бери орусиячыл жикчилдер менен кармашып келген украин аскерлерин чыгара баштаган. Аталган аймактан жикчилдер да өз күчтөрүн алып кеткен. Буга байланыштуу Киевде нааразылык акциялары өткөн.

Быйыл президенттик кызматына киришкен мамлекет башчы Владимир Зеленский өлкө чыгышындагы жаңжалга чекит коюуга убада берип, октябрдын башында эл аралык коомчулукта «Штайнмайер формуласы» деген ат менен таанылган документти ишке ашыруу зарыл экенин билдирген. Киев, Москва жана ЕККУ документке 1-октябрда кол койгон. Ага ылайык, өздөрүн «Донецк жана Луганск элдик республикалары» («ДНР» жана «ЛНР») деп атап алган облустардагы шайлоонун жыйынтыгын эл аралык коомчулук таанууга тийиш. Аймактардан куралдуу топтордун баары чыгарылып, Украина чыгышындагы Орусия менен чек арасын толук өзү көзөмөлдөйт.

«Штайнмайер формуласы» деп аталган документти Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 2015-жылы ЕККУга төрагалык кылып турганда сунуш кылган. Орусиянын президенти Владимир Путин документти макулдашуу болсо гана Франциянын, Германиянын, Украинанын жана Орусиянын лидерлери катыша турган «Норманд форматындагы» жолугушууга барарын билдирген.

Украинанын чыгышында 2014-жылдан бери өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилдердин ортосундагы куралдуу кагылыштарда 13 миңден ашуун адам өлдү.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG