Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-октябрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Бишкек азери-армян чырына арачы болгусу келет


Армения менен Азербайжандын ортосундагы Тоолуу Карабактын картасы. Иллюстрация.

Кыргыз бийлиги Тоолуу Карабактагы чырга байланыштуу Азербайжан менен Арменияны тынчтыкка чакырып, арачы түшүүгө даяр экенин билдирди.

Мындан 26 жыл мурда «Бишкек протоколунун» негизинде эки тарап ок атышууну токтотууга жетишкен. Ал арада кызматтагы айрым кыргыз дипломаттарынын «Кыргызстан Бакуну колдой турганын» айткан пикирлери жарыяланып жатат. Карабактагы кырдаал жекшембиден тарта курчуп кеткен.

Дагы арачы түшүү ниети

Карабактагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын позициясын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) жарыялады. Мекеме тараткан билдирүүдө расмий Бишкек чатактын күчөп кетишине тынчсыздануусун билдирип, өзүнүн ортомчулугун сунуш кылды.

«Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Азербайжан Республикасы менен Армения Республикасынын ортосундагы чыңалган абалга камтамачылыгын билдирет. Кыргыз Республикасы эки тарапты сабырдуулукка чакырат жана көз карандысыздык, аймактык бүтүндүк принциптерин сактоону эске алуу менен чырды тынчтык жолу менен сүйлөшүү аркылуу гана жөнгө салууну жактайт. Кыргыз Республикасы чатакты чечүүнүн жолдорун издөө боюнча конструктивдүү сунуштарды иштеп чыгууну колдойт, ошондой эле 1994-жылкы Бишкек протоколуна кол коюу тарыхый тажрыйбасына таянуу менен бул конфликтти чечүү боюнча азербайжан жана армян тарапка көмөк көрсөтүүгө даяр», - деп айтылат ТИМдин сайтында.

Маалым болгондой, Карабак чатагы 1988-жылы башталган. Негизинен армян тектүү тургундар отурукташкан Карабак аймагы өзү эгемендик ала элек Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган. 1990-жылдын башында бул аймакты Армения колдогон жикчилдер ээлеп алган. Натыйжада Армения менен Азербайжандын ортосунда бир нече жылдык куралдуу кагылышуу орун алган.

Армения менен өзүн-өзү эркин деп жарыялаган "Тоолуу Карабак Республикасы" менен Азербайжандын ортосундагы атышууну токтотуу режими 1994-жылдын май айында, Бишкекте кабыл алынган.

«Бишкек протоколу» деп аталган келишимди Кыргызстандын парламенти, Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) парламенттик ассамблеясы жана Орусиянын ТИМи биргелешип ишке ашырган.

Тоолуу Карабакта ок атышуу ошондон кийин токтогон, бирок бирин-серин кагылышуулар улам-улам чыгып келди. Узакка созулган тирештен кеминде 30 миңдей адам өлгөнү айтылып келет.

Соңку жолу 27-сентябрдан тарта кырдаал курчуп жатат. Эки өлкө тең аскердик абал жарыялап, бул кагылышты согуш деп аташты. Эл аралык коомчулуктун ок атууну токтотуу чакырыктарына карабай, атышуу төрт-беш күндөн бери уланууда.

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов мындай шартта арачылык кылууга мүмкүн эмес деп эсептейт.

Аскар Бешимов.
Аскар Бешимов.

«1994-жылы кырдаал башка болчу. Аны кое туруп, ЕККУнун Минск тобунун сүйлөшүүсү да ушунча жылдан бери жардам берген жок. Эми окуяга байланыштуу Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын жана Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин билдирүүлөрү болду. Экөөнүн тең мазмунунда эч кандай сүйлөшүү болбой тургандай маанай көрүндү. Алиев «бул Азербайжандын бүтүндүгүнө шек келтирүү, ал жер биздин жер, бизге кайтарып бериш керек, башка эч кандай келишим болбойт» деди. Пашинян да «сүйлөшүү болгон учурда да үч тарапка ыңгайлуу чечим кабыл алынышы керек» деди, мында ал Тоолуу Карабак Арменияга өтүшү керек дегенге алып келип жатат. Армения «Азербайжандын артында Түркия» турат десе, Азербайжан «Армениянын артында Орусия турат» дейт. Ушунун баарын көрүп туруп, арачылык кылганды бизге ким коюптур? Менимче ТИМ жөн гана позиция билдирүү үчүн гана билдирүү таратып койду. Бул куру аракет, андан майнап чыкпайт».

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши 29-сентябрда чукул жыйынга чогулуп, Армения менен Азербайжанды Тоолуу Карабакта согуштук аракеттерди «тез арада токтотууга» үндөгөн.

Кеңештин 15 мүчөсү тең жактырган билдирүүдө анын алдында жарыяланган БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриштин «эки өлкөнүн лидерлерин атышууну токтотуу, сүйлөшүүлөрдү жандантуу» чакырыктарын колдоо келтирилген. Канада жана Британия да ушундай билдирүү менен чыккан.

Чакырык жасагандар Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Минск тобунун алкагында сүйлөшүүлөрдү улантууну колдошту.

ЕККУнун Минскидеги тобу 1992-жылы жаңжалдашкан тараптардын сүйлөшүүлөрүнө ортомчулук кылуу үчүн түзүлгөн. Бул топко Азербайжан, Армения, Беларус, Германия, Италия, Швеция, Финляндия жана Түркия кирет.

Дипломаттардын талаштуу пикири

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Кыргызстандан сырткары Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстан да чатакташкан тараптарды ынтымакка үндөп, сүйлөшүүгө чакырган. Бирок расмий Бишкекке келгенде расмий позиция менен кызматта турган айрым дипломаттардын билдирүүлөрү ача пикирлерди жаратууда.

Тагыраагы, азербайжандык azertag.az сайтына Кыргызстандын Азербайжандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Бакыт Юсуповдун «Бишкек Тоолуу Карабакты Бакунуку деп тааныйт» деген маеги жарыяланды. Маек май айында чыкканы менен азербайжандык жана кыргызстандык сайттарда ушул күндөрү кайрадан таратылып жатат.

Бакыт Юсупов.
Бакыт Юсупов.

«Белгилүү болгондой, Кыргызстан Тоолуу Карабактагы чатакты эл аралык нормаларды жана укуктардын негизинде тынчтык жолу жана дипломатиялык ыкмалар менен чечүүнү жактап келет. Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин 1993-жылкы 4-резолюциясын колдойт жана Тоолуу Карабак Азербайжан Республикасынын ажырагыс бөлүгү катары тааныйт. Кыргызстан дипломатиялык мамиле курган ар бир мамлекеттин аймактык бүтүндүк жана көз карандысыздык принциптерин жактайт», - деген ал интервьюда Бакыт Юсупов.

Арийне, Тоолуу Карабак тууралуу мындай пикир мурдараак да ар кайсы платформаларда айтылып калганы менен, бул расмий позиция катары кеп болгон эмес. Кыргызстан бул маселеде нейтралдуулук позицияны карманып келген.

Соңку мисалдарды эле эстегенде, Кыргызстан 2017-жылы Кыргызстан Карабак маселесинде Бакунун позициясын жактаган Исламабад декларациясына кол койбой койгон. Кезинде буга Азербайжандын жетекчилиги расмий түрдө таарынычын билдирген.

Азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда, 2018-жылдын сентябрында Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин президенттеринин Чолпон-Атадагы саммитинде Азербайжандын президенти Илхам Алиев аталган теманы бир нече жолу көтөргөн.

Алиев Карабак узак жылдар бою армян оккупациясында турганын белгилеп, аны кайтарууга чогуу аракет жасоого чакырган.

«Тоолуу Карабак учурда армян оккупациясында турат. Аны натыйжасында аймагыбыздын 20 пайызын жоготуп алдык. 1 миллионго жакын качкын өз жерин таштап кетүүгө мажбур болду. 10 миңден ашык адам дайынсыз. Армения биздин диний жана тарыхый эстеликтерди талкалады. Ушундай кылмыштар үчүн алар жооп бериши керек», - деген Алиев саммиттин алкагында коопсуздук маселелерин талкуулоону сунуштаган.

Жыйынга катышкан Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган гана Тоолуу Карабак маселесине көңүл буруп, Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн сактоого көмөктөшүүнү сунуштаганы болбосо, башка мамлекет башчылар, анын ичинде Сооронбай Жээнбеков да үн каткан эмес.

Ооба, Кыргызстан Азербайжан менен Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинде, Ислам кызматташтык уюмунда жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясында (ТҮРКПА) өнөктөш. Бирок ошол эле кезде Армения менен Евразия Экономикалык Биримдигинде, жана Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунда (ЖККУ) чогуу турат.

Ошондон улам да адистер Тоолуу Карабак маселесинде расмий Бишкек калыс болушу керектигин эскертишет. Эксперт Алмаз Тажыбайдын пикирине орун берели.

«Армения менен уюмдарда бирбиз, ал эми азербайжандар түрк элдерине кирет, дини бизге жакыныраак. Ушул жагынан алганда Кыргызстанда көпчүлүк Азербайжан мамлекетине тартып сүйлөп келишет. Ошол эле Азербайжандагы расмий өкүлүбүз да Бакуну колдоп жибериптир. Бул туура эмес. Биз азыркы жагдайда мүмкүн болушунча унчукпай, бейтарап болуп турганыбыз туура. Анткени азыр маалыматтык согуш болуп жатат. Эки тарап тең «бул өлкө бизди колдоду, баланча биз тарапта» деген сыяктуу маалыматтарды таратып жатат. Ошондой мезгилде тилекке каршы биз дагы курал болуп калдык».

Тоолуу Карабахтагы кармаштан көрүнүш. Ушул күндөр.
Тоолуу Карабахтагы кармаштан көрүнүш. Ушул күндөр.

Эл аралык коомчулукта аймактагы жаңжалга Орусия менен Түркиянын аскерлери да аралашат деген кооптонуу күчөдү. Ансыз да Армения Түркияга таандык F-16 учагы армян учагын атып түшүргөнүн шейшембиде билдирген.

Ошол эле күнү Түркиянын президентинин жардамчысы Фахреттин Алтун Анкара Тоолуу Карабакты алыш үчүн Азербайжанга колдоо көрсөтүүгө толугу менен даяр экенин айткан.

Ал эми Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган «Армения Азербайжандын оккупациялап алган жерлеринен чыгып кетиши керек» деген. Ошол эле маалда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму (ЖККУ) боюнча Армения менен өнөктөш Орусия Түркияга кайрылып, Бакуну ачык колдоодон карманууга жана маселени дипломатиялык жол менен чечүүгө көмөктөшүүгө чакырууда.

Алмаз Тажыбай.
Алмаз Тажыбай.

«Тоолуу Карабак Республикасы деп айтылып жаткан жерди эч бир тарап, анын ичинде Армения да тааныган эмес. Азыр кармаш ошол Тоолуу Карабакта болуп жатат да. Азыр Армения «биздин аймакка кирип кетти» деп жатат, бирок ошол эле учурда Азербайжан да «биздин жерге кирип кетти» деп маалымдоодо. Кеп болгон аскердик учак боюнча Түркия мойнуна алган жок. Техника Анкарага тиешелүү экенине азырынча далил жок. Эгерде Армениянын аймагына Түркия кирип барса, ошол далилденсе анда жагдага ЖККУ аралашууга аргасыз болот. Анын ичинде, Орусия, Кыргызстан жана уюмдагы башка өлкөлөр. Бирок экинчи жагы орус лидери Владимир Путин Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинянды анча колдобойт. Путин керек болсо ушул жаңжалдан улам эл көтөрүлүп, Пашинянды алып салабы деп да күтүшү ыктымал», - Алмаз Тажыбай кайрадан кепке кошулду.

30-сентябрда Бишкекте саясат талдоочулар жана башка тармактагы эксперттердин кеңири чөйрөсү Тоолуу Карабактагы маселени талкуулашты. Саясат таануучулардын эл аралык конгресси уюштурган жыйынга онлайн (Zoom) түрдө Орусиядан, Өзбекстандан жана башка өлкөлөрдөн да серепчилер катышты. Жыйында түрдүү ойлор айтылганы менен жалпы жонунан Азербайжан менен Арменияны сүйлөшүүгө чакырган гана сөздөр көп болду. Ошол эле кезде эки тараптын чатагы жакын арада бүтүшү күмөн экенин белгилеген сөздөр айтылды.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (37)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG