Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:35

Азери-армян чек арасында кайрадан чыр чыкты


Тоолуу Карабак, 20-апрель, 2020-жыл.
Тоолуу Карабак, 20-апрель, 2020-жыл.

Азери-армян чек арасында адам өлүмү менен коштолгон жаңжалдан улам эл аралык коомчулук тараптарды курчуган абалды сүйлөшүп жөнгө салууга чакырып жатат.

Эки өлкөнүн чек арасындагы Тавуш районундагы ок атышууда Баку төрт жоокери окко учуп, дагы бешөө жараат алганын билдирди. Ереван үч аскери менен эки полиция кызматкери жабыркаганын маалымдады.

Түштүк Кавказдагы коңшу эки мамлекет чагымга байланыштуу бири-бирин күнөөлөп жатат.

Маалыматтарга караганда 12-июлда башталган, эки күнгө созулган соңку чек ара жаңжалында тараптар артиллерия, миномёт жана танк өңдүү оор аскердик техникаларды колдонгон.

Армян премьер-министри Никол Пашинян "Азербайжандын чагымчыл аракеттери жоопсуз калбайт" деп эскертти. Ал 13-июлда өкмөттүн чукул жыйынында аймактагы туруксуздук боюнча Бакуну күнөөлөдү:

"Азербайжандын куралдуу күчтөрүнүн чагымчыл аракеттери катуу айыптоого татыктуу. Бүгүн эртең менен алар дагы башташты. Аймактагы туруксуздуктун кесепети боюнча бардык жоопкерчилик Азербайжандын аскердик-саясий жетекчилигинде болот".


Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениянын 20 аскери курал-жарагы, техникасы менен "жок кылынганын" маалымдаган жана Ереванды "жоготуулары тууралуу үн катпай жатат" деп айыптаган. Армения мындай маалыматтарды төгүндөп келет.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев 13-июлда Коопсуздук кеңешинин жыйынында өз өлкөсүндөгү чет мамлекеттердин аскер өкүлчүлүктөрүн окуя орун алган аймакка чакырарын айтты:

"Эл аралык уюмдарга тиешелүү чакыруу жөнөтүлдү. Азыркы жагдай жөнгө салынгандан кийин биз Азербайжандагы башка мамлекеттердин аскер өкүлдөрүн ошол аймакка барып келүүгө чакырабыз, алар жагдайды өз көздөрү менен көрүшсүн. Алар бул аскердик чагымды ким баштаганын, анын кесепети эмне болгонун, жагдайдын чыңалышына ким жооптуу экенин билишсин. Биз мыйзам укугу орносун дейбиз. Азербайжан өзүнүн принципиалдуу позициясынан бир кадам да кайтпайт".

Түштүк Каваказдагы эки коңшу өлкө буга чейин Тоолуу Карабактан улам жаңжалдашып келген. Соңку чек ара кагылышы Тоолуу Карабактан алыс аймакта орун алды жана буга чейин бул жерде мындай окуялар сейрек катталчу.


Европа Биримдиги, АКШ жана Орусия тараптарды ачууга алдырбоого чакырды. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров азери жана армян кесиптештери менен өз-өзүнчө соңку жагдайды телефондон талкуулап, жаңжалды жөнгө салууга чакырды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео тараптарды ок атышпоо тууралуу макулдашууларды сактап, Тоолуу Карабак жаңжалын тынч жол менен чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жандантууга үндөдү.

Европа Биримдиги тараткан маалыматта эки коңшу өлкө жаңжалды дагы курчута турган иш-аракеттерден жана сөздөрдөн карманышы керектиги жана жаңжалды мындан ары да курчутпоо үчүн чукул чараларды көрүшү зарылдыгы айтылат.

Чек арадагы соңку жаңжал Азербайжандын президенти Илхам Алиев Армения менен жаңжал болушу ыктымал экени тууралуу эскертүүсүнөн көп өтпөй эле орун алды. Алиев 7-июлда эгер майнап чыкпай турган болсо сүйлөшүүлөрдөн чыгарын эскерткен.

1990-жылдардын башында армяндар басымдуулук кылган Азербайжандын Тоолуу Карабак аймагын Армения колдогон жикчилдер согуш учурунда ээлеп алышкан. Алты жылга созулган кандуу кармашта жалпысынан 30 миңдей адам ажал тапкан, жүздөгөн киши там-ташын таштай качкан. Буга байланыштуу эки өлкө бири-бирине эмгиче доомат артып келет жана чатакты жөнгө салуу боюнча эл аралык коомчулук ортомчулук кылган дипломатиялык аракеттерден азырынча майнап чыга элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG