Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:29

Азербайжан-Армения чек арасында ок атылды


Тоолуу Карабактын картасы.
Тоолуу Карабактын картасы.

Азербайжан менен Армения чек арадагы атышпоо режими бузулганы үчүн бири-бирин айыптап жатышат.

Азербайжандын Чек ара кызматы 24-февралда билдиргендей, Газах районундагы атышууда армяндардын огунан бир жоокер мүрт кетти. Ал эми Армениянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы армян жоокери жеңил жарадар болгонун билдирди.

Тоолуу Карабак чатагынын айынан эки тараптын ортосунда маал-маалы менен чыр чыгып турат. 1988-жылдан тартып эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык алака-катыш жок.

1990-жылдардын башында Азербайжанда армяндар басымдуулук кылган Тоолуу Карабакты Армения колдогон жикчилдер согуш учурунда ээлеп алышкан. Кандуу кармашта жалпысынан 30 миңдей адам ажал тапкан, жүздөгөн тургундар үй-жайын таштай качкан. Буга байланыштуу эки өлкө бири-бирине доомат артып келет жана чатакты жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттерден майнап чыга элек.

XS
SM
MD
LG