Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:08

Франция Тоолуу Карабак чатагын жөнгө салуу аракеттерин күчөтөт


Тоолуу Карабактагы танк. 6-апрель, 2016-жыл.
Тоолуу Карабактагы танк. 6-апрель, 2016-жыл.

Ереванда кечээ Франция менен Армениянын тышкы саясий мекемелеринин жетекчилери жолугушту. Анын алдында француз тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан Париж Армения менен Азербайжандын ортосундагы Тоолуу Карабак чатагын жөнгө салуу аракеттерин күчөтөөрүн билдирген. Армениянын тышкы иштер министри Зограб Мнацаканян жолугушуудан кийинки басма сөз жыйынында Франциянын президенти күзүндө Ереванга келерин билдирди.

27-майда Бакуда болгон кезде Ле Дриан "Франция келерки айларда Тоолуу Карабак жаңжалын жөнгө салуунун жолдорун издөөнүн үстүнөн жигердүү иштейт" деген. Министр азыркы кырдаал "каалагандан алыс" болуп жатканын, Франция чолкөмдө туруктуулук орнотууга аракеттенээрин кошумчалады. Ереван аймак боюнча сүйлөшүүлөргө Тоолуу Карабакта жашаган армяндар катышууга тийиш деп эсептейт, Баку буга каршы.

XS
SM
MD
LG