Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-август, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 00:16

Азери-армян чатагынан 11 жоокер набыт болду


Бакуда 14-июлда кечинде азери аскерлерине тилектештигин билдирген жүздөгөн адам жүрүшкө чыкты.

Азербайжан менен Армениянын чек арасындагы атышуунун үчүнчү күнүндө, 14-июлда 11 адам набыт болду.

Баку армиянын генералы баштаган жети жоокерин, Ереван болсо төрт аскери набыт болгонун билдирди. Үч күндөн бери токтобой жаткан кагылышта мүрт кеткендердин жалпы саны 16 адамга жетти.

Эл аралык коомчулук Түштүк Кавказдагы эки коңшу мамлекетти ок атышууну токтотуп, чыңалган кырдаалды чукул арада жөнгө салууга чакырып жатат.

Азербайжандын Коргоо министрлиги 14-июлдагы чек арадагы ок атышууда курман болгондордун арасында армиянын генерал-майору Полад Гасимов менен полковник Илкар Мирзаев бар экенин билдирди.


Армян тарап болсо бул күнү төрт жоокерин жоготконун, алардын катарында Куралдуу күчтөрдүн майору Гаруш Амбарцумян менен капитан Сос Элбакян ажал тапканын кабарлады.

Армениянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Анна Нагдалян чек арага жакын Берд шаары оор техника менен аткыланганын, бирок армян аскерлери "Азербайжандын аскер базаларын жок кылганын" билдирди.

Бакуда 14-июлда кечинде азери аскерлерине тилектештигин билдирген жүздөгөн адам жүрүшкө чыкты. Шаардын Хатаин районунда ок атышууда набыт болгон полковник Мирзаевдин сөөгүн тосуп алуу үчүн ондогон адам чогулду.

Азербайжан менен Армения чек арадагы соңку жаңжалдан улам бири-бирин чагымчылдыкка күнөөлөп жатат.

Азери-армян чек арасындагы Тавуш районундагы кырдаал 12-июлда курчуп кеткен. Армениянын Коргоо министрлиги азери жоокерлери "УАЗ" үлгүсүндөгү автоунаа менен чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылды деп айыптаган. Баку мындай дооматтарды четке каккан.

Ал арада Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган соңку окуядан улам Арменияны айыптады. Ал Ераван Бакуга атайлап кол салганын айтып, расмий Анкара Азербайжанга ар дайым болушарын билдирди.

Чек арада окко учкан полковниктин туугандары. Баку, 2020-жыл
Чек арада окко учкан полковниктин туугандары. Баку, 2020-жыл


Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 14-июлда аскер жетекчилери менен жолукту. Анын кеңсеси тараткан маалыматта, анда өкмөт башчы Армения күч менен сүйлөшүүгө эч кимге жол бербейт деп айтканын жазды.

Буга чейин Пашинян "Азербайжандын чагымчыл аракеттери жоопсуз калбайт" деп эскерткен. Ал аймактагы туруксуздук боюнча Бакуну күнөөлөгөн:

"Азербайжандын куралдуу күчтөрүнүн чагымчыл аракеттери катуу айыптоого татыктуу. Бүгүн эртең менен алар дагы башташты. Аймактагы туруксуздуктун кесепети боюнча бардык жоопкерчилик Азербайжандын аскердик-саясий жетекчилигинде болот".

Армениянын жоокерлери
Армениянын жоокерлери


Азербайжандын президенти Илхам Алиев 13-июлда Коопсуздук кеңешинин жыйынында өз өлкөсүндөгү чет мамлекеттердин аскер өкүлчүлүктөрүн окуя орун алган аймакка чакырарын билдирген:

"Эл аралык уюмдарга тиешелүү чакыруу жөнөтүлдү. Азыркы жагдай жөнгө салынгандан кийин биз Азербайжандагы башка мамлекеттердин аскер өкүлдөрүн ошол аймакка барып келүүгө чакырабыз, алар жагдайды өз көздөрү менен көрүшсүн. Алар бул аскердик чагымды ким баштаганын, анын кесепети эмне болгонун, жагдайдын чыңалышына ким жооптуу экенин билишсин. Биз мыйзам укугу орносун дейбиз. Азербайжан өзүнүн принципиалдуу позициясынан бир кадам да кайтпайт".

Түштүк Каваказдагы эки коңшу өлкө буга чейин Тоолуу Карабактан улам жаңжалдашып келген. Соңку чек ара кагылышы Тоолуу Карабактан алыс аймакта орун алды жана буга чейин бул жерде мындай окуялар сейрек катталчу.

Никол Пашинян
Никол Пашинян

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), НАТО, Европа Биримдиги, АКШ жана Орусия тараптарды ачууга алдырбоого, кырдаалды курчутпоо үчүн чукул чараларды көрүүгө, ок атышпоо тууралуу макулдашууларды сактоого, жаңжалды арбыта турган иш-аракеттерден жана сөздөрдөн карманууга чакырып жатат.

1990-жылдардын башында армяндар басымдуулук кылган Азербайжандын Тоолуу Карабак аймагын Армения колдогон жикчилдер согуш учурунда ээлеп алышкан.

Алты жылга созулган кандуу кармашта жалпысынан 30 миңдей адам ажал тапкан, жүздөгөн киши там-ташын таштай качкан. Буга байланыштуу эки өлкө бири-бирине эмгиче доомат артып келет жана чатакты жөнгө салуу боюнча эл аралык коомчулук ортомчулук кылган дипломатиялык аракеттерден азырынча майнап чыга элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (5)

XS
SM
MD
LG