Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:48

Түркия менен Армениянын өз ара дооматтары


Тоолуу Карабак армиясынын аскери Азербайжан тарапты аткылап жатат.
Тоолуу Карабак армиясынын аскери Азербайжан тарапты аткылап жатат.

29-сентябрда Ереван Түркиянын F-16 согуштук учагы анын аскер учагын атып түшүргөнүн билдирди, муну Анкара «карандай калп» деп дароо четке какты.

Армениянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Шушан Степанян «Фейсбукка» жазгандай, Су-25 үлгүсөндөгү аскердик учак Армениянын аймагында аскердик тапшырма аткарып жаткан маалда аны Түркиянын F-16 учагы атып түшүргөн. Степанян «учкуч баатырларча каза болгонун» кошумчалады.

Түрк президентинин басма сөз катчысы Фахреттин Алтун Еревандын бул билдирүүсүн четке кагып, «маалымат такыр чындыкка коошпойт» деп билдирди. «Армения арзан үгүт аракеттерине барбай, өзү басып алган аймактан чыгып кетиш керек», - деп кошумчалады ал.

Азербайжандын Коргоо министрлиги да «Түркиянын согуштук учагы Армениянын аскердик учагын атып түшүрдү» деген маалыматты четке какты.

29-сентябрда эки мамлекет ортосундагы куралдуу кагылышууда эки тараптан тен ондогон адамдар окко учканы маалым болду. Азербайжандын Коргоо министрлиги армян аскерлери Дашкесан районун аткылаганын билдирсе, Ереван бул маалыматты төгүндөдү. Эки тарап тең аймакта куралдуу кагылышуулар уланганын кабарлады.​

Эл аралык коомчулук атышууну токтотууга чакырды

29-сентябрда Грекиядагы сапарында АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео эки тарап «зомбулукту токтотуп» Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Минск тобу менен иштешүү керек экенин белгиледи.

Германиянын канцлери Ангела Меркел Армениянын жана Азербайжандын лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аларды «атышууну дароо токтотуп, сүйлөшүүгө отурууга» үндөгөнүн басма сөз катчысы кабарларды.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «бардык тараптарды, өзгөчө Түркия сыяктуу өнөктөш мамлекеттерди атышууну токтотуу үчүн колунан келген аракеттерди көрүп, бул чатакты саясий жана дипломатиялык кадамдар аркылуу тынч жол менен чечүүгө» чакырды.

Москва Азербайжанга да, Арменияга да курал сатканы менен, Арменияда аскердик базасы бар.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши 29-сентябрдын кечинде чукул жыйынга чогулуп, Тоолуу Карабактын тегерегиндеги кырдаалды талкуулады. Эл аралык коомчулукта аймактагы тирешүүгө Орусия менен Түркиянын аскерлери да аралашат деген чочулоо бар.

Азербайжан менен Армения чектешкен аймакта 27-сентябрдан тартып кырдаал курчуп жатат. Эки өлкө тең аскердик абал жарыялаган.

Эл аралык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабактын бийлик өкүлдөрү 28-сентябрда дагы 26 жоокер окко учканын кабарлашты, ошентип бул аймактан мерт болгондордун жалпы саны 84 адамга жетти.

Расмий маалыматка ылайык, Азербайжандын жети жайкын тургуну окко учту.

Буга чейин Ереван 200 азери аскерин жок кылганын кабарлаган, Баку муну жокко чыгарган. Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениянын 550дөн көп аскери окко учканын билдирген, бирок Ереван мындай маалыматты бышыктаган эмес.

Тоолуу Карабактагы куралдуу кагылышуулар уланып жатат. 27-сентябрь, 2020-жыл.
Тоолуу Карабактагы куралдуу кагылышуулар уланып жатат. 27-сентябрь, 2020-жыл.

Эки мамлекет чатак үчүн бири-бирин күнөөлөп жатат.

Тоолуу Карабактагы жаңжал Советтер Союзу урай баштаганда тутанган. Ал кезде аймакты жана аны менен чектешкен Азербайжандын жети районун армениялык жикчилдер басып алып, 1988-1994 жылдардагы кагылышуулар маалында өз алдынчалык жарыялап алышкан. Ал согушта 30 миңдей адам өлүп, 100 миңдеген киши үй-жайын таштап, качкынга айланган.

Бул чатакты толук жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттерден азырынча майнап чыга элек.

XS
SM
MD
LG