Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:01

Азери-армян чек арасында ок атылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

27-сентябрда Азербайжан менен Армения чектешкен аймакта кырдаал кескин курчуп кетти.

Эки мамлекет жаңжал үчүн бири-бирин күнөөлөдү. Ереван Бакуну "Тоолуу Карабакка кол салды" деп айыптады жана өлкөсүндө аскердик абал жарыялап, жалпы мобилизациялоо баштады. Азербайжан болсо "Армения биринчи чабуул койду" деп айтып, "Тоолуу Карабактагы жети азери айылын бошотконун" билдирди. Азербайжан да аскердик абал жарыялады, Баку баштаган бир катар шаарларга коменданттык саат киргизилди.

Эл аралык коомчулук жаңжалдашкан тараптарды чукул арада ок атышууну токтотууга, кеп-сөзгө келүүгө чакырып жатат.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев 27-сентябрда Армения менен чек арасындагы соңку кырдаалдан улам Коопсуздук кеңешин жыйынга чогултту. Анда коргоо министри Закир Гасанов Тоолуу Карабакта Физули-Жабраил багытындагы "жети айыл бошотулганы" тууралуу маалымат берди. Алиев "азери элин, азери армиясын алгачкы жеңиши менен куттуктады" деп жазылат президенттин расмий сайтында.

Эл аралык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабак Азербайжандын мындай малыматын төгүнгө чыгарды. Аймактын башчысынын аппаратынын өкүлү Ваграм Погосян "душман эл жашаган конуштарды бутага алганы менен жарандар дүрбөлөңгө түшкөн жок, кымгуут болгон жок" деп айтты. Бийлик өкүлдөрү Тоолуу Карабакта эки адам - балалуу келин ажал тапканын, 10 киши жараат алганын билдирди.

Тоолуу Карабакта кырдаал курчуду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:14 0:00


Азербайжандын президенти Илхам Алиев Арменияны калктуу конуштарга биринчи болуп ок жаадырды деп айыптады. Ал каза болгондор бар экенин маалымдап, бирок санын тактаган жок:

"Армян куралдуу күчтөрү биздин калктуу конуштарды аткылоо үчүн ар кандай курал-жаракты, анын ичинде оор артиллерияны колдонду. Душмандын огунан жайкын тургундар, аскерлерибиз набыт болду. Кудай шейиттерди бейишке чыгарсын! Алардын каны тегин төгүлгөн жок. Азыр азери армиясы душмандардын мизин кайтарып жатат. Бул чабуулдардан улам душмандын бир топ аскердик техникасы жок кылынды".

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган жекшембиде Алиев менен телефондон сүйлөштү. Эрдогандын басма сөз катчысы Ибрагим Калын анда Анкара Бакуну ар тараптан колдой берет деп билдирди:

"Түркия мурдагыдай эле Азербайжанга тилектеш. Биз мурдагыдай эле Азербайжанды болгон мүмкүнчүлүктөр менен колдойбуз. Биз эң жакын эки элбиз. Биз жалпысынан эки башка мамлекетте жашаган бир улутпуз деп эсептейбиз жана Түркия менен Азербайжандын алака-катышы уникалдуу. Биз албетте Армения же башка мамлекеттин кандай гана агрессиясы болбосун азери элин жана өкмөтүн колдоону улантабыз".

Ереван азери аскерлери Тоолуу Карабакка чабуул койгонун айткан. Армения Карабактагы кармашта Азербайжандын эки тик учагы, үч учкучсуз техникасы жок кылынганын кабарлаган.

Армян премьер-министри Никол Пашинян кырдаалдан улам өлкөдө аскердик абал жарыялап, резервдеги кызматкерлерди чукул арада мобилизациялоону тапшырды. Армян өкмөт башчысы эл аралык коомчулуктан жардам сурады жана Түркиянын кийлигишүүсүн айыптады:

"ЕККУнун Минск тобунда тең төрагалык кылган өлкөлөрдүн жана бүтүндөй эл аралык коомчулуктун көңүлүн кырдаалдын олуттуу экенине бургум келет. Түштүк Кавказда биз кептелип калган ири согуштун тутанышы күтүүсүз кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Ал кеңири масштабга ээ болуп, аймактын деңгээлинен чыгып, эл аралык коопсуздукка жана туруктуулукка коркунуч жаратышы ыктымал. Мен аймактагы туруксуздукту дагы ырбатпоо үчүн эл аралык коомчулукту Түркиянын кийлигишүүсүнө жол бербөөгө чакырам. Түркиянын айрыкча ушул жылдын июль айындагы окуялардан кийинки жаалданган жүрүм-туруму азыр деле уланып жатат жана бул тынчсызданууга негиз берет. Эл аралык коомчулук биргелешкен иш-аракети менен окуянын кейиштүү өнүгүшүнүн алдын алышы керек".

ЕККУнун Минскидеги тобу 1992-жылы жаңжалдашкан тараптардын сүйлөшүүлөрүнө ортомчулук кылуу үчүн түзүлгөн. Бул топко Азербайжан, Армения, Беларус, Германия, Италия, Швеция, Финляндия жана Түркия кирет.

Ал арада Рим папасы Франциск жекшембидеги сыйынуу учурунда Түштүк Кавказдагы жагдайга кабатыр болду жана аймактагы эл үчүн дуба кылды:

"Кавказ аймагындагы кагылышуу тууралуу кооптуу жаңылыктар келип жатат. Мен жаңжалдашкан тараптарды ынтымакка чакырам. Мындай кадамдар күч, курал колдонбой, сүйлөшүү, пикир алышуу аркылуу маселени чечүүгө алып келиши мүмкүн. Келгиле, Кавказдагы бейпилдик үчүн чогуу дуба кылалы".

Баку менен Ереван 1990-жылдагы Тоолуу Карабак чатагынан бери касташып келатат. Армения колдогон жикчилдер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен армян улутундагылар байырлаган бул аймагын ээлеп алган. 30 миңдей кишинин өмүрүн алган бул чатакты жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттерден азырынча майнап чыга элек.

XS
SM
MD
LG