Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:42

Карабак чатагы Ереванды Кремлге түртүүдө


Пашинян менен Путин. 2018-жыл.
Пашинян менен Путин. 2018-жыл.

Тоолуу Карабак аймагындагы азери жана армян күчтөрүнүн ортосунда куралдуу кармаш чыңалууда. 

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 6-октябрда Владимир Путин менен телефондон байланышканында азери аскерлери өлкөгө кол сала турган болсо, Орусия ЖККУдагы аскердик өнөктөшү катары «коопсуздукту сакташ үчүн тийиштүү милдеттерин» аткарып, Ереванды коргоого убада бергенин Би-Би-Си кызматына билдирди.

«Карабак – бул Армения, бул армяндардын өлкөсү. Ал жактагы элдин 80% армяндар болгон. Бүгүн да ошондой. Маселе эмнеде? Азербайжан ал жакта армяндардын болушун каалабайт. Ошондуктан, алар согушчандардын жардамы менен кол салышууда», - деген Пашиняндын сөздөрүн басма сөз катчысы Мане Геворкян «Фейсбукка» чыгарды. Бул Пашиняндын Би-Би-Си кызматындагы маегинен кыска үзүндү.

Орусия президенти Владимир Путин да бир күн мурда федералдык телеканалда «Орусия ЖККУдагы Армениянын алдындагы милдеттерин аткарарын» айтты. Ал Пашинян менен байланышта экенин белгилеп, эки тарапты тезинен атышууну токтотууга чакырды.

«Белгилүү болгондой, Армения - ЖККУнун мүчөсү. Бул келишимге ылайык Армениянын алдында биздин бир катар милдеттенмелерибиз бар. Тилекке каршы, аскердик аракеттер токтобой жатат. Алар Армениянын аймагында эмес. Орусиянын жамааттык келишимге ылайык милдеттенмелери боюнча, биз ар дайым өзүбүздүн милдеттерди аткарып келгенбиз жана аткарабыз».

Анткен менен Кремлден кескин аракеттерди күткөн армяндардын мындай билдирүүгө ичи чыкпаган сыяктуу.

Азербайжан менен Армениянын ортосундагы Тоолуу Карабакта кырдаал 27-сентябрдан бери курчуп, атышуу уланууда. Анын кесепетинен жүздөгөн адамдар каза болду. Түркиянын жана Орусиянын катышуусу менен бул чатак аймактык согушка айланып кетет деп чочулагандар бар.

Ал арада Азербайжандын президенти Илхам Алиев Путин менен байланышып, «Ереван Тоолуу Карабактагы аскердик аракеттерин токтотуп, аскерлерин чыгарып кеткенде гана Баку тынч сүйлөшүүлөргө өтөрүн» билдиргени маалым болду. Азербайжанды ачык колдоп жаткан Түркия да ушундай эле шарт коюп келет.

Түштүк Кавказ боюнча серепчилер Москва Армения менен Азербайжандын ортосунда бейтараптыкты сактаган арачы болуу менен өзүнүн аймактагы таасирин кеңетүүгө аракеттенүүдө деп баалашат.

Кеннан институтунун илимий кызматкери Уильям Хилл Москва бул ирет Ереван менен Бакуга «ортомчу болуп ортодо тура албайт» деп эсептейт.

«Кийинки убакта Москва Ереванга бир кыйла жакындады. Бул Армениянын ЖККУдагы мүчөлүгүнөн, Орусиянын аскердик окутууларына жигердүү катышуусунан көрүнүп турат, - дейт Хилл. ЖККУнун мүчөсү катары Армения Орусиядан аскердик жардам суроого укуктуу. Эгерде азыркы чатак өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч келтире турган болсо, Москва өзүн же аскердик өнөктөш же арачы катары ордун тандашы керек болот».

Ал эми Еревандагы Аймакты изилдөөлөр борборунун башчысы Ричард Гирагосян «Москванын же Ереванга ачык колдоо көрсөтпөй, же Бакуга Түркиянын колдоосун чектей албагандыгы» ушул чекке жеткиргенин айтты:

«Азыркы кырдаалда канчалык күмөндүү болбосун, бирок Орусиянын Армения менен Азербайжанга таасирин күчөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Орусия - тирешкен эки тарапты бирдей курал-жарак менен камсыздаган өлкө. Мындан тышкары, азыр Москва армян өкмөтүнүн аярлыгын колдонуп коё алат».

Ошол эле кезде 2010-2012 жылдары АКШнын Азербайжандагы элчиси болгон Мэтью Брайз Кремль аскерлерин бул аймакка тынчтыкты сактоочулар катары киргизгиси келет деген ойдо. Брайз Москва «элдик толкундоонун натыйжасында келген Пашиняндын бийлигин каалабай» турганын айтып, азыр армяндар басымдуулук кылган Тоолуу Карабактагы чатак ырбай берсе, Пашинянындын саясий атаандаштары күчкө ээ болот деп эсептейт.

Пашинян 2018-жылы майда Армениядагы массалык митингдерден улам премьер-министр Серж Саркисян кызматтан кеткенден кийин бийликке келген. Он жыл Арменияны башкарган Саркисян Орусияга ыктаган саясаты үчүн сындалып, көпчүлүктүн колдоосун жоготуп койгон.

Андан кийин келген Пашинян Евразия Экономикалык Биримдигинин жана ЖККУнун алкагында Орусия менен кызматташтыкты улантып, Гюмри шаарындагы №102 аскердик база орусиялык аскерлердин башкаруусунда калган.

Еревандагы саясий серепчи Ричард Гирагосян буга карабай Пашинян мурунку армян лидерлерине карганда Москва менен геосаясий алакада этияттыкты сактап, Москванын жетегине кирип кетпөөгө аракет кылып, «стратегиялык конструктивдүү кызматташуу түзүп» келгенин белгилейт.

Ал эми мурунку элчи Брайз Пашинян «саясий күчтөрдү бир колго топтой албай», армяндардын тарыхый жерлерин кайтарып, «Улуу Арменияны» кайтарууну көздөгөн улутчулдардын шыкагы менен Тоолуу Карабак маселесин чечүүдө Азербайжанга каршы кескин аракеттерге барып, муну менен өзүнүн салмактуу саясатынан кетип, Москвага ыктады деп эсептейт.

Тоолуу Карабактагы соңку жагдайдан улам жаңжалды 1990-жылдардан бери токтотуу боюнча иш алып барып келген ЕККУнун Минск тобуна кирген АКШнын, Франциянын жана Орусиянын өкүлдөрү Москвада 12-октябрда жолугушат.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG