Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

Макрон менен Путин Карабак чырын талкуулады


Тоолуу Карабак үчүн кагылыш беш күндөн бери токтой элек.
Тоолуу Карабак үчүн кагылыш беш күндөн бери токтой элек.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен анын француз кесиптеши Эммануэл Макрон Азербайжан менен Арменияны Тоолуу Карабак үчүн тутанган жаңжалды токтотууга чакырды.

Кремль эки президент Түштүк Кавказдагы жагдайды 30-сентябрда телефондон сүйлөшкөнүн кабарлады.

Азери-армян чек арасындагы талаштуу Тоолуу Карабак үчүн башталган куралдуу кагылышка беш күн болду.

«Путин менен Макрондун телефон сүйлөшүүсүндө Тоолуу Карабак жаңжалы курчуп кеткени талкууланды. Ири согуштук аракеттер уланып жатканынан улам олуттуу камтамачылык айтылды. Владимир Путин менен Эммануэл Макрон тирешкен тараптарды чукул арада ок атышууну толук токтотууга, чыңалууну азайтып, болушунча сабырдуу болууга чакырды», - деп айтылат Кремль тараткан билдирүүдө.

Ошондой эле кризисти бир гана саясий-дипломатиялык жол менен жөнгө салууга болору белгиленген. Мындан улам ириде Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Минск тобунун алкагында сүйлөшүүлөр уланышы керектиги айтылган.

Мунун алдында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши тараптарды чукул арада ок атышууну токтотууга, кырдаалды сүйлөшүп чечүүгө үндөгөн.

Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас жаңжалда ондогон адамдын өмүрү кыйылганын белгилеген.

«Жүздөгөн адам өлдү, алардын көбү жайкын тургундар. Бул үрөй учурган сан. Биз соңку күндөрү жагдайды көп талкууладык, анын арасында түрк кесиптешим менен да сүйлөштүк. Кечээ Нью-Йоркто немис-француз демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин декларациясын кабыл алганыбызга кубанычтамын».

Азербайжан менен Армения ок атышууну токтотуудан баш тартып жатат жана мындан улам куралдуу кагылыш дагы күчөйт деген кооптонуу көбөйдү.

Бул соңку жылдардагы, тактап айтканда 1994-жылкы азери-армян согушунан берки олуттуу жаңжал болуп калды.

27-сентябрда башталган ок атышууда 100дөн ашык адам, анын ичинде жайкын тургундар ажал тапты. Жаңжалдашкан тараптар бири-бирине урган соккулар, жоготуулар тууралуу апыртылган маалыматтарды берип жатат.

Армения өзү тараптан 104 жоокер, 23 жайкын тургун мерт болгонун билдирди. Азербайжандын Коргоо министрлиги карабактык жикчилдердин 2300 жоокерин жок кылганын жарыялаган.

Азери расмий бийлик өкүлдөрү өздөрү тараптан канча жоокерин жоготкону тууралуу маалымат бербей келет. Бирок ондогон жайкын тургундар мерт болуп, дагы 40тан ашыгы жараат алганын маалымдаган.

Түштүк Кавказдагы согуштук абалга Орусия менен Түркия дагы аралашуусу мүмкүн деген кооптонуу барган сайын күчөп жатат. Анкара Бакуну болгон мүмкүнчүлүктөр менен колдорун ачык айтып келет.

Түрк коргоо министри Хулуси Акар 30-сентябрда Анкара Армениянын «оккупациясын» токтотушу үчүн Анкарага Бакуга жардам берерин дагы бир жолу билдирди.

«Түркия өз элин жана аймактык бүтүндүгүн сактап жаткан Азербайжанга тилектеш жана аны колдой берет».

Түркия менен Азербайжан бир канча убактан бери эле «бир улут - эки мамлекет» деген ураан менен чыгып келет. Армения Түркияны аскер кеңешчилерин, офицерлерди жөнөтүп жатат деп айыптаган. Бирок муну көз карандысыз булактар аркылуу тактоого мүмкүн болгон жок.

Мунун алдында Анкара азери-армян чек арасына сириялык жалданма согушкерлерди жөнөтүп жатканы тууралуу да кабарлар чыккан, бирок муну Азербайжан да, Түркия да четке кагып жатат.

Орусия Азербайжанга да, Арменияга да курал-жарак жөнөтөт. Москванын Арменияда аскер базасы да бар. Түштүк Кавказдагы соңку кырдаал Европа Биримдигине мүчө мамлекет башчылардын 1-октябрдагы жыйынында да талкууланмакчы.

Баку менен Ереван 1990-жылдагы Тоолуу Карабак чатагынан бери касташып келет. Армения колдогон жикчилдер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен армян улутундагылар байырлаган бул аймагын ээлеп алган. 30 миңдей кишинин өмүрүн алган бул чатакты жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттерден азырынча майнап чыга элек.

XS
SM
MD
LG