Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 23:23

Мунай кууру Баку менен Ереванды кайым айтыштырды


Тоолуу Карабак үчүн кармаш 27-сентябрдан бери токтой элек.

Азербайжан Арменияны «стратегиялык жактан маанилүү эл аралык мунай кууруна чабуул койгонго аракет кылды» деп айыптап чыкты. Ереван болсо бул дооматты дароо четке какты.

Ал арада Европа Биримдиги чырдашкан тараптарды Минск тобунун алкагында эч шарты жок сүйлөшүүгө чакырды.

Түштүк Кавказдагы эки мамлекет талаштуу Тоолуу Карабак үчүн 27-сентябрдан бери кагылышып жатат.

Азербайжан армян аскерлери Евлах району аркылуу өткөн Баку-Тбилиси-Жейхан мунай куурун аткылаганын билдирди. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Европанын энергетикалык коопсуздугу үчүн өтө маанилүү бул куур 6-октябрда кечинде аткыланган. Анда азери аскерлери чабуулдун мизин кайтарганы, бир жайкын тургун окко учканы айтылат.

Армениянын Коргоо министрлиги мунай кууру бутага алынганы тууралуу маалыматты төгүнгө чыгарды. Министрликтин өкүлү Шушан Степанян «Фейсбуктагы» баракчасына «Азербайжандын «армян аскерлери Баку-Тблиси-Жейхан мунай кууруна чабуул койгонго аракет кылды» деген маалыматы - карандай калп. Биз «мунай, газ инфратүзүмдөрүн бутага албайбыз» деп бир канча жолу билдиргенбиз», деп жазды.

Анын алдында, 6-октябрда Степанян жикчил Тоолуу Карабактын борбору Степанакерт аткыланганын, «азери аскерлери түштүк фронтто кеңири чабуулга өткөнүн» билдирген.Баку өз кезегинде Армения анын бир топ аймагын аткылап жатканын маалымдаган.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев 6-октябрда Ирандын президенти Хасан Роухани менен телефондон сүйлөштү. Азери президентинин басма сөз кызматы анда «Алиев 27 жайкын тургун мерт болуп, 170тен көп киши жаракат алганын, 900дөй турак жай талкаланганын айтты», деп билдирди.

Роухани өз кезегинде азери-армян чек арасында кырдаал курчуп жатканына кабатыр болгонун билдирди жана чатак тынч чечилет деп үмүт кыларын айтты. «Алиев ошондой эле азери-иран чек арасынын бир бөлүгү Азербайжандын көзөмөлүнө өткөнүн, Баку чек ара бекеттерин ачып, аскерлерди жөнөтөрүн кабарлады», деп айтылат билдирүүдө.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян «France Presse» агенттигиндеги маегинде «Азербайжан куралдуу кагылышты Түркиянын колдоосу менен гана баштаганын» айтты:

«Азербайжандын жетекчилиги соңку 15 жылдан бери эле согушту оозанып, опузалап-ызырынып келгени ырас. Азыр болсо согушту Түркия толук колдоп жатканы үчүн баштады. Түркия жигердүү аралашпаса согуш башталмак эмес».

Пашинян ошондой эле Тоолуу Карабак үчүн кармашкан Жакынкы Чыгыштагы айрым террорчул топтордун жоочулары да бул ишке кызуу киришип жатканын айтты, армян коопсуздук күчтөрү «контртеррорчул операцияларды» да жүргүзүп жатканын билдирди.

Ал арада Европа Биримдигинин тышкы саясат мекемесинин башчысы Жозеп Боррел жаңжалдашкан тараптар эч бир шарты жок, Минск тобунун алкагында сүйлөшүшү керек экенин билдирди:

«Биздин позициябыз анык - куралдуу кагылыш токтошу керек. Эки тарап тең соңку 30 жылдан бери анча жемиштүү болбогон конструктивдүү сүйлөшүүгө барышы керек. Сүйлөшүүлөр ЕККУнун Минск тобунун алдында, эч кандай шарт коюлбай башталышы керек. Чатакты курал менен чечүү мүмкүн эмес, ошондой эле бардык сырттан аралашуу да болбошу керек. Бул позиция Европа Кеңешинде 1-2-октябрда бекитилген».

Өткөн аптада Орусия, Франция жана АКШ тирешкен тараптарды атышууну токтотууга чакырышкан. Бул мамлекеттер Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Минск тобунун тең төрагалары болуп саналат.

Бул топ 1992-жылы чырдашкан тараптардын сүйлөшүүлөрүнө ортомчулук кылыш үчүн түзүлгөн. Ага Азербайжан, Армения, Беларус, Германия, Италия, Швеция, Финляндия жана Түркия кирет.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 6-августта чатак сүйлөшүү жолу менен гана чечилиши зарыл экенин дагы бир жолу айтты:

«Биринчиден, үч президент - Путин, Макрон жана Трамп чогуу билдирүү жасашкан. Айрым тышкы иштер министрлери да билдирүү менен чыккан. Жогорку жана эң жогорку деңгээлде телефон сүйлөшүүлөрү кызуу жүрүпп жатат. Мен биздин тышкы иштер министри Сергей Лавровду айтам. Орусиянын чырдашкан тараптарга жардам берүү боюнча негизги аракети - атышууну токтотуу жана чатакты дипломатиялык жол менен жөнгө салуу».

Тоолуу Карабак үчүн куралдуу кагылыш 27-сентябрда башталган. Ошондон бери расмий маалыматка ылайык, эки тараптан кеминде 240тай жаран мерт болду, алардын арасында ондогон жайкын тургун бар. Бул сан мындан да көп болушу мүмкүн, анткени Баку канча аскерин жоготкону тууралуу маалымат бербей жатат.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 6-октябрда Бакуга келип, азери президенти Илхам Алиев баштаган өлкө жетекчилери менен жолукту. Ал «Твиттердеги» баракчасына Анкара Бакуну ар тараптан колдой турганын жазды: «Биздин бир өлкө катары чыгарыбызга эч шек жок. Түркия деген бул - Азербайжан, Азербайжан деген бул - Түркия».

Чавушоглу Бакуда жүргөндө атышууну токтотуу тууралуу бардык сунуштар буга чейиинки айтылган эле сөздөргө окшош экенин белгилеп, «алар Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирбейт» деп билдирди.

Азербайжан армян аскерлеринин Тоолуу Карабактан чыгып кетишин талап кылган жана бул талабы аткарылмайынча согуштук аракеттерин токтотпой турганын эскерткен. Армения үчүн бул аткарылгыс талап болуп саналат.

Баку менен Ереван 1990-жылдагы Тоолуу Карабак чатагынан бери касташып келет. Армения колдогон жикчилдер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен армян улутундагылар байырлаган бул аймагын ээлеп алган. Куралдуу кагылышта 30 миңдей кишинин өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG