Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:54

Карабак: Ереван менен Баку сүйлөшүүгө даяр


Пашинян менен Алиев.
Пашинян менен Алиев.

Тоолуу Карабакта үч жумадан бери атышуу токтобой жатат.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Азербайжан менен Арменияны Тоолуу Карабакта атышууну токтотуп, бир үстөлгө отуруп сүйлөшүүгө чакырды.

Буга чейин уюмдун баш катчысы Антониу Гутерриш бир нече ирет салгылаштан жергиликтүү тургундар жабыркап жатканын айыптап, эки тарапты тынчтыкка чакырган.

19-октябрда Тоолуу Карабактагы абал боюнча жабык жыйынга чогулган Кеңештин 15 өкүлү «кырдаал курчуп» баратканын белгилешкен.

17-октябрда Москванын арачылыгы менен эки тарап атышууну токтотууну макулдашкан. Эки күнгө жетпей расмий Ереван колдогон Тоолуу Карабактын жикчил бийлиги аймакты азери күчтөрү түндүк жана түштүк тараптан аткылап жатканын билдирген.

Ал эми Азербайжандын Коргоо министрлиги армян аскерлери өткөн түнү Геранбой, Тертер, Агдам райондоруна, эртең менен Агжабедин аймагына ок жаадырганын кабарлады.

БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги Орусиянын өкүлү Василий Небензя атышпоо келишиминин аткарылышын камсыздап, тез арада тынч сүйлөшүүлөргө өтүш керек экенин белгилеген. Ал бул жолугушууну 1990-жылдардан бери чатакты токтотуу боюнча иш алып барган ЕККУнун Минск тобунун алкагында өткөрүү мүмкүн экенин белгилеген.

Ал арада орусиялык ТАСС агенттигине Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Карабак чыры тынчтык жолу менен чечилиши керек экенин айтты:

«Тоолуу Карабактагы чатак тынчтык жолу менен чечилиши керек деген позициядабыз. Мен мындай жыйынтыкка жетиш үчүн бардык аракетимди жумшоого, айткан жерге барып, жолугуп, сүйлөшүүгө даярмын. Бирок бардык тараптар түшүнүшү керек, чечим бир тараптын капитуляциясы менен эмес, компромисс менен кабыл алынышы керек».

Ошол эле орусиялык агенттикке Азербайжандын президенти Илхам Алиев «тынч сүйлөшүүлөр үчүн Арменияга да барууга даяр экенин» билдирди.

«Биз жаңжалды токтотуп, абалды жөнгө салуунун жолдорун табыш үчүн бардык жерге барууга даярбыз, - деди Алиев. – Биз да тынчтыкты каалайбыз, бирок, Арменияга салыштырмалуу бизге тиешелүү жерлердин кайтарылышын каалайбыз».

Армениянын армиясы соңку үч жума ичинде Тоолуу Карабакта 729 аскери каза болгонун кабарлады. Ал эми Азербайжандын Башкы прокуратурасы 27-сентябрдан бери 61 адам каза таап, 282 киши жараат алып, эки миңдей үй талкаланганын маалымдаган.

Баку менен Ереван Тоолуу Карабак аймагы үчүн 1980-жылдын аягынан бери касташып келет. Армения колдогон жикчилдер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен армян улутундагылар байырлаган бул аймагын ээлеп алган.

Быйыл 27-сентябрда Тоолуу Карабакта куралдуу чатак кескин курчуп кеткен. Эскалация үчүн Баку менен Ереван бири-бирин күнөөлөп жатышат. Эки тараптан тең курман болгондор, анын ичинде карапайым жашоочулар арасында жоготуулар бар.

Бул жолку кагылышуулар бир жагынан Бакунун жакын өнөктөшү Түркия жана экинчи жагынан Ереван мүчө болгон Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунда лидерлик кылган Орусия катышкан чоң чатакка айланып кетиши ыктымал деп кооптонгондор көп.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG