Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 09:39

Баку менен Ереван кайрадан бири-бирин айыптады


Армения менен Азербайжан ок атышпоо макулдашуусун бузду деп бири-бирин күнөөлөп жатат. Расмий Баку Арменияны жекшембинин таңында Азербайжандагы экинчи ири шаар Гянжага артиллериялык чабуул жасады деп айыптады.

11-октябрда Азербайжан өкмөтү Арменияны өлкөнүн экинчи ири шаары Гянжага артиллериялык чабуул койду деп айыптады. Азери бийлиги бул чабуулдан 8 жөн-жай тургун каза болгонун, дагы 33ү жаракат алганын билдирүүдө.

Гянжа шаарынын тургуну Весиле Мехмедова катуу жардыруулардан кийин үйү жараксыз болуп калганын, эми өкмөттөн келген жардамды гана күтөрүн айтты.

«Биз ок атышпоо келишимине ишендик. Мындай болуп кетерин билген жокпуз. Баарыбыз коркуп отурабыз. Биздин азыркы абалды эч кимге каалабайм. Азыр мени менен кошо эки иним да үйсүз калды. Эми өкмөттөн келе турган жардамга гана ишенебиз. Кудай баарыбызга жардам берсин».

«Reuters» агенттигинин кабарчылары Гянжада артиллериялык аткылоого кабылган бир үйдөн кеминде бир адамдын сөөгүн алып чыгышканын көргөн. Алар шаардагы имараттардын айрымдары толугу менен кыйрап, экскаваторлор бул таштандыларды чыгарып жатканын көрүшкөн.

Ал эми Армениянын Коргоо министрлиги Азербайжандын мындай билдирүүсүн «толугу менен калп» деп мүнөздөп, азери тарап Тоолуу Карабакты, анын ичинде Степанакерт шаарын аткылаганын билдирди. «Reuters» агенттигинин Степанакерттен тартылган тасмасында үйдүн аткыланганы, терезелери талкаланып, чатыры тешилгени көрсөтүлгөн.

Баку ошондой эле Арменияны «Мингчеви суу-электр станциясына чабуул коюуга аракеттенди» деп да айыптап жатат.

Ал арада Тоолуу Карабактагы армян күчтөрүнүн лидери Араик Арутюнян Орусия ортомчулук кылган ок атышпоо макулдашуусу сакталып жатканын, бирок кырдаал дале чыңалып турганын айтты.

«Эгерде жакынкы бир-эки күндө Азербайжандын тынчтык жолу менен жөнгө салууга даярдыгын көрө албасак, мен алгач Арменияга андан кийин эл аралык уюмдарга жана дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө Тоолуу Карабакты таануу өтүнүчү менен кайрылам. Биз тынчтыкты колдойбуз жана каалайбыз. Бирок Тоолуу Карабак элин тазалоону көздөгөн өлкөнүн зарылдыгын кабыл ала албайбыз».

Араик Арутюнян туткундарды алмашуу 11-октябрда ишке ашышы керек экенин, бирок андан күмөн санап турганын кошумчалады.

Ал эми Азербайжан менен Армениянын башкы дипломаттары 10-октябрда Москвадагы жыйында ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашкан. Ошондой эле эки тарап туткундарды алмашары кабарланган. Согуштук аракеттерин токтотуудан тышкары келишимде Эл аралык Кызыл чырым уюму туткундарды алмашууга жана ок атууну токтотуунун башка жолдорун издөөгө милдеттендирилген.

Келишимде 27-сентябрда башталган акыркы кагылышуудан бери Тоолуу Карабакта жана анын айланасында курман болгондордун сөөктөрүн алып келүү каралган. Андан бери жүздөгөн аскерлер жана карапайым адамдар набыт болушкан.

Эки өлкө ортосунда ок атышпоо келишимине ылайык, калыбына келтирилген тынчтык сүйлөшүүлөрүнө Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Минск тобунун теңтөрагалары - Орусия, Франция жана АКШ ортомчулук кылышы керек. Айтылган келишимде сүйлөшүүлөрдүн мурунку форматы күчүндө калып, убакыт өтсө да өзгөрүлбөй тургандыгы айтылган. Ал эми Минск тобуна кирген АКШнын, Франциянын жана Орусиянын өкүлдөрү Москвада 12-октябрда жолугушат.

9-октябрда Ереван менен Бакунун тышкы иштер министрлери Москвада сүйлөшкөн. Анда Азербайжандын президенти Илхам Алиев Москвадагы сүйлөшүүлөрдү Тоолуу Карабактагы кармашты тынч жол менен жөнгө салуу үчүн акыркы мүмкүнчүлүк деп мүнөздөгөн. Алиев «Чыр-чатак учурда аскерий жол менен чечилип жатат, андан кийин саясий иш-аракеттер башталат» деп эскертип, ал дээрлик отуз жылдык эл аралык сүйлөшүүлөр «бир карыш жылыш алып келген жок, биз басып алган жерлерибиздин бир да сантиметрин кайтарып ала элекпиз» деген.

Ал эми Түштүк Кавказ боюнча эл аралык кризистик топтун талдоочусу Заур Шириевдин айтымында, Азербайжан калкы адамдарды мекенине кайтаруу үчүн тынчтык сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү «толугу менен колдобойт». Шириев "Твиттердеги" билдирүүсүндө азербайжандыктар Алиевден «натыйжасыз» сүйлөшүүлөргө барбоону, бирок согушту улантууну «талап кылышарын» жазган.

«Ошондуктан эл аралык ок атышууну токтотуу чакырыктары Бакунун ийгилигин үзгүлтүккө учуратуу аракети катары бааланып, Азербайжан коомчулугунда колдоо тапкан жок», - деп жазган талдоочу Заур Шириев.

Ошол эле кезде Тоолуу Карабактын армиясы кармаш башталгандан бери 350дөй аскеринен айрылганын билдирди. Азербайжан тарап жоокерлер арасында кандай жоготуу болгонун так маалымдай элек.

Эл аралык коомчулук Азербайжандын аймагы катары тааныган, бирок иш жүзүндө Ереван колдогон армяндар көзөмөлдөгөн Тоолуу Карабактагы куралдуу кармаш 27-сентябрда тутанган. Анда оор артиллерия, аскердик учактар жана дрондор колдонулган эле. Анын кесепетинен жүздөгөн адамдар каза болду. Түркиянын жана Орусиянын катышуусу менен бул чатак аймактык согушка айланып кетет деп кооптонгондор бар.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG