Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:21

Армения: Карабак келишими саясий кризисти курчутту


Демонстранттар менен күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү кагылыша кетишти. 11-ноябрь, 2020-жыл.
Демонстранттар менен күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү кагылыша кетишти. 11-ноябрь, 2020-жыл.

11-ноябрда Ереванда миңдеген адамдар өкмөт башчы Никол Пашиняндын отставкасын талап кылып аянтка чыгышты. Алар Тоолуу Карабактагы согушту токтотуу боюнча Армения менен Азербайжандын ортосунда кол коюлган келишимге нааразы экенин билдиришти.

"Никол-саткынчы!"

Еревандагы парламент имаратынын алдында топтолгон жүздөгөн адамдар өкмөт башчы Никол Пашинянды кызматтан кетүүгө чакырып, "Никол-саткынчы!", "Никол кет!" деп кыйкырып жатышты. Демонстрациянын алдында өкмөт оппозиция өкүлдөрүн “бийликти төңкөрүү аракетинен” алыс болууга үндөгөн.

Армения полициясы анклавда салгылашуу башталганда киргизилген өзгөчө абал режимине байланыштуу митингдерге тыюу салынганын 11-ноябрда эскертти. Ага карабай адамдар чогулушту.

Акцияны өткөрүүгө жолтоо болууга аракет кылган күч түзүмдөрү менен чогулгандар кагылышты. Демонстранттардын айрымдарын полиция кармап кетти. Алардын арасында оппозициядагы “Гүлдөгөн Армения” партиясынын лидери Гагик Царукян да бар.

Армениядагы толкундоолор 10-ноябрдан бери токтой элек. Дал ошол күнү Армения менен Азербайжан Орусиянын ортомчулугу алдында Тоолуу Карабактагы алты аптадан бери уланып жаткан согуштук аракеттерди токтотуу боюнча келишимге кол коюшкан.

Ереванда нааразылык акциясына чыккан адамдар. 11-ноябрь, 2020-жыл.
Ереванда нааразылык акциясына чыккан адамдар. 11-ноябрь, 2020-жыл.

Бул кадам азербайжандыктарды сүйүнткөнү менен, Ереванда элдин көтөрүлүшүнө алып келди. Жаалданган топ ал түнү өкмөттүк имараттарга жана парламентке кирип барышкан.

Оппозициядагы 17 партиянын өкүлдөрү Пашинянды кызматтан кетүүгө чакырышты. Еревандагы митингде сүйлөп жатып, Армян революциялык федерациясы кыймылынын лидери Ишхан Сагательян “согуш Пашиняндын ирээтсиз саясатынан улам тутанганын” билдирди. Ал ошондой эле түнкү 12ге чейин парламент чукул жыйынга чогулуп, Пашинянды кызматтан кетирүү тууралуу маселени карашы керек экенин билдирди. Болбосо 12-ноябрда “маселени чечүү үчүн башкача кадамдар” кабыл алынары айтылды.

Пашинян: Менде башка тандоо жок болчу

Никол Пашинян өзү бул келишимди “катастрофалык” деп атап, бирок анын башка тандоосу жок болгонун белгиледи. Өкмөт башчынын айтымында, ал кол койбосо Армения мындан дагы катуу жеңилмек.

"Степанакерт коркунучтуу абалда болчу. Тоолуу Карабактын Башкы штабынын жана президентинин баамында, шаардын коргоосу жетиштүү эмес эле. Аны басып алышса, миңдеген биздин аскерлер камакта калмак. Жыйынтыгында биз келишимге ылайык сактап калган аймактарды да колдон чыгармакпыз", - деди Пашинян "Фейсбукка" жарыялаган видеодо.

Ал эми өлкөнүн вице-премьер-министри Тигран Авинян мамлекеттик телеканал аркылуу сүйлөп жатып, азыркы өкмөт отставкага кетиши ыктымал экенин айтып, оппозиция өкүлдөрүн “бийликти төңкөрүү аракетинен алыс болууга” чакырды. Ал күнөөлүүлөрдү издей турган убакыт келерин кошумчалады.

Президент Армен Саркисян чыңалууну басаңдатып, улуттук “биримдикти” сактап калуу максатында бир нече саясий партиялардын өкүлдөрү менен сүйлөшүү баштаганын анын кеңсеси билдирди.

Келишимде эмне каралган?

Орусиянын ортомчулугу алдында Баку менен Еревандын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, Азербайжан уруш маалында өз көзөмөлүнө алган Тоолуу Карабактагы жана анын айланасындагы жерлерди сактап калмакчы.

БУУнун келишимдерине ылайык Тоолуу Карабакка качкындар кайтып барат жана тараптар чектешкен сызыкка орусиялык аскерлер тынчтыкты сактоочу күчтөр катары жайгаштырылат.

Соңку бир күн ичинде Тоолуу Карабактын аймагына 400дөй орусиялык аскер, сегиз тик учак жана башка аскердик техникалар жеткирилгени маалым болду.

Орусиянын аскерлери Тоолуу Карабактын борбору Степанакертти Армения менен байланыштырган “Лачын коридорун” өз көзөмөлүнө алганы маалым болду.

Тынчтык миссиясынын алкагында жалпысынан аймакка эки миңдей орус аскери жайгаштырылары кабарланды.

Келишим азербайжандык аскерлер бул кармашта бир катар ийгиликтерге жетишкен маалда түзүлдү. Алар Тоолуу Карабактын аянты боюнча экинчи чоң шаары Шушаны алып, Степанакертке жакындап калышканы тууралуу кабарлар чыга баштаган.

Тоолуу Карабактын аймагына киргизилген Орусиянын аскердик техникасы. 11-ноябрь, 2020-жыл.
Тоолуу Карабактын аймагына киргизилген Орусиянын аскердик техникасы. 11-ноябрь, 2020-жыл.

Тоолуу Карабак жаңжалы

Түштүк Кавказдагы бул эки өлкө 1990-жылдагы Тоолуу Карабак чатагынан бери касташып келет. Армения колдогон жикчилдер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен армян улутундагылар байырлаган бул аймагын ээлеп алган. Куралдуу кагылышта 30 миңдей кишинин өмүрү кыйылган.

1992-жылы тараптардын сүйлөшүүлөрүнө ортомчулук кылуу үчүн Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Минск тобу түзүлгөн. Бул топко Азербайжан, Армения, АКШ, Беларус, Германия, Италия, Швеция, Финляндия жана Түркия кирет.

Вашингтон, Париж жана Москва бул топко теңтөрагалык кылат.

Быйыл сентябрь айынын соңунда башталган салгылашуулар эки тараптан тең адамдардын өмүрүн алды. Тоолуу Карабактагы миңдеген адамдар үй-жайын таштап качууга аргасыз болушту.

Арменияда саясий кризис курчуду
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:06 0:00

XS
SM
MD
LG