Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:38

Тоолуу Карабак: Шуша шаары үчүн кармаш


Тоолуу Карабактагы Шуша шаары. 29-октябрь, 2020-жыл.
Тоолуу Карабактагы Шуша шаары. 29-октябрь, 2020-жыл.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев анын армиясы Тоолуу Карабак анклавындагы аянты боюнча экинчи чоң шаар Шушаны алганын билдирди. Армения бийлигинин өкүлдөрү шаарда айыгышкан салгылашуу уланып жатканын айтышууда.

Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин 8-ноябрдагы билдирүүсүнөн кийин Бакуда адамдар топтолуп, ураандарды чакырып, желектерди көтөрүп турушту.

Армениянын Коргоо министрлигинин өкүлү Арцрун Ованнисян 8-ноябрда «Фейсбуктагы» баракчасына «Шушадагы салгылашуу уланып жатат. Биздин армияга ишенип, күтө туруңуздар»,-деп жазды.

Шуша шаары жикчил аймактын борбору Степанакерт менен Армения аймагын бириктирген негизги жолдун боюндагы дөңсөөдө жайгашкан. Расмий Ереван Тоолуу Карабактын төбөлсүздүгү үчүн күрөшүп келген жикчилдерди колдойт.

Алиевдин билдирүүсүнөн бир күн мурда Орусиянын президенти Владимир Путин Тоолуу Карабактагы жаңжал боюнча Түркиянын жана Франциянын лидерлери менен сүйлөшүү жүргүзгөн.

7-ноябрдагы телефон аркылуу сүйлөшүүдө Владимир Путин жана Франциянын президенти Эммануэл Макрон этникалык армяндар менен азербайжандык күчтөрдүн ортосундагы ири масштабдуу кагылышуулар боюнча тынчсыздануусун билдиришти. Алар жаңжалга тиешеси бар экени айтылып жаткан Сирия жана Ливиянын согушкерлери тууралуу сүйлөшкөнүн Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

Куткаруучулар кагылышуулардын кесептинен каза болгон адамдын сөөгүн алып баратышат. Степанакерт. 6-ноябрь, 2020-жыл.
Куткаруучулар кагылышуулардын кесептинен каза болгон адамдын сөөгүн алып баратышат. Степанакерт. 6-ноябрь, 2020-жыл.

Президенттер координацияланган ортомчулук аракеттерин уланта беришерин, анын ичинде 1992-жылы башталган жаңжалды тынч жол менен чечүү үчүн түзүлгөн Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Минск тобун да ортомчулукка тартышарын белгилешти.

Ал топко АКШ, Орусия жана Франция тең төрагалык кылат.

7-ноябрда Путин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөштү. Түрк лидери Путинге Армения Азербайжандын жерлеринен кетип, «сүйлөшө башташы керектигин» айтканын Анкара жарыялады.

Тоолуу Карабактагы жикчилдер ортосундагы соңку кагылыш сентябрь айынын соңунда тутанган. Тоолуу Карабак 1990-жылдардын башындагы согуш маалында Бакудан бир тараптуу өз алдынчалык жарыялап алган.

Салгылашуулар башталган алты аптадан бери кеминде миң киши каза болду. Бул жарым кылымдан берки өлүм менен коштолгон катуу кагылыш болуп калды. Ок атышууну токтотуу боюнча бир нече жолку аракет ишке ашкан жок.

Армения тарап Түркияны Азербайжанга колдоо көрсөтүп, жалданма согушкерлерди жиберип жатканы үчүн айыптоодо. Ереван өзүнүн салттуу өнөктөшү деп саналган Орусияга жардам сурап кайрылды. Орусия Армения менен бирге Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) мүчөсү.

XS
SM
MD
LG