Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Армениянын армиясы Пашинянды коркутту


Армениянын премьер-министри Никол Пашинян эл алдына чыкты, 25-февраль, 2021-жыл.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян эл алдына чыкты, 25-февраль, 2021-жыл.

Армениядагы премьер-министр менен куралдуу күчтөрдүн жетекчилеринин тирешинен жаралган саясий кризис уланууда.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян аскерлерди «өз милдетин аткарып», өлкөнү коргоого чакырды. 25-февралда жыйырма миңдей тарапташынын коштоосунда Республика аянтына чыккан Пашинян армениялыктар аскердик төңкөрүшкө жол бербестигин кошумчалады.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян "аскердик төңкөрүш" аракети болгонун айтты. Премьер Башкы штабдын кол башчысын, ага чейин анын орун басарын кызматтарынан кетирген соң куралдуу күчтөрү менен тиреш күчөдү. Москва тараптарды сабырдуулукка чакырды.

Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын маалымат бөлүмүн жетектеген Самвел Асатрян 25-февралда жарыялаган билдирүүдө Башкы штабдын командачысынын орун басары Тиран Хачатрян негизсиз иштен алынганы белгиленет. Мындан улам армия премьерди отставкага кетүүгө чакырды.

Генерал премьердин орусиялык “Искандер” ракета комплекстери эффективдүү эмес деген сөздөрүн сындагандыгы үчүн Пашиняндын сунушу менен иштен алынган.

23-февралда басылмалардын бирине берген интервьюда өкмөт башчы армян армиясы жабдылган "Искандер" былтыр күзүндө Тоолуу Карабактагы согуш учурунда анча пайдалуу болбогонун айткан.

Хачатрян “үстүртөн баа берүүгө” негизделип тыянак жасоо туура эмес деп комментарийлегенден кийин премьердин сунушу менен кызматынан алынган. Башкы штабдын командачысы Оник Гаспарян баш болгон армиянын жогорку даражалуу өкүлдөрү “Армениянын куралдуу күчтөрү бийликтин армияны дискредитациялаган “чабуулдарына” көпкө чыдап келгенин, бирок бардык нерсенин чеги болорун” белгилөө менен, “премьер-министрдин жана өкмөттүн отставкасын талап кылып, элге каршы күч колдонуудан сак болууну” эскертишти.

Аскерлердин билдирүүсүнөн кийин, айрым агенттиктердин маалыматтарына караганда, Еревандын жашоочулары “Никол – саткын”, “Никол, кет!” деп ураан чакырып чыгышты. Эл Коргоо министрлигинин жанына чогулганы кабарланды. Министрлик Башкы штабдын билдирүүсүнө комментарий бере элек.

Пашинян кызматтан кетүү чакырыгын четке кагып, генерал Гаспарянды иштен алып жатканын жарыялады жана тарапташтарын Еревандын борборуна келүүгө үндөдү.

“Башкы штабдын билдирүүсүн аскердик төңкөрүш аракети катары баалайм. Азербайжан менен жаңжалда болгондор үчүн жоопкерчиликти алам. Көптөгөн суроолорго жооп берүүгө аракеттендим. Эми жогорку аскердик адамдарга суроо берүү мезгили келди. Колдоочуларыбызды жумурият аянтына азыр келүүгө чакырам. Бир аздан кийин элге түз кайрылам”, - деп жазды премьер "Фейсбуктагы" баракчасына.

Армениянын оппозициясы былтыр ноябрда Тоолуу Карабактагы согушту токтотуу тууралуу Орусиянын арачылыгы менен жетишилген үч тараптуу келишим кабыл алынгандан кийин Пашиняндын отставкасын талап кылып келатат. 44 күндүк айыгышкан салгылашууларга чекит койгон документте жикчил аймактын тегерегиндеги бир нече районду Азербайжанга кайтаруу каралган. Премьердин каршылаштары аны улуттук кызыкчылыктарга чыккынчылык кылды деп айыпташууда.

Пашинян болсо Баку менен кол коюлган макулдашуу Ереван үчүн чындап эле анча жакшы эместигин моюнга алганы менен, башка аргасы болбогонун айткан. Жаңжалды тынч жол менен жөнгө салууну армян аскерлери да жактап келишкен. Премьердин айтымында, бул өмүрлөрдү сактап калуунун, Тоолуу Карабактын жок дегенде бир бөлүгүн Еревандын көзөмөлүндө кармап калуунун бирден бир жолу болчу. Армян армиясы ал урушта Түркия колдогон азери аскерлерине жеңилген.

22-февралда армян башкалаасындагы жүрүшкө чогулган оппозициянын жактоочулары президент Армен Саргсянды өкмөттөн түшкөн бир да документти жактырбоого үндөштү. Эртеси күнкү акцияда бери дегенде 60 киши кармалган.

Пашинян кызматтан кетпесин айтып келгени менен мөөнөтүнөн эрте парламенттик шайлоо мүмкүнчүлүгүн четке каккан жок.

XS
SM
MD
LG