Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:22

Армения: оппозиция менен премьердин тиреши


Армян оппозициясынын колдоочулары. Ереван, 26-февраль 2021-жыл
Армян оппозициясынын колдоочулары. Ереван, 26-февраль 2021-жыл

Арменияда чыңалган кырдаал сакталууда. Дүйнө державалары саясий кризиске кириптер болгон тараптарды карманууга үндөп, шайлоо аркылуу бийликке келген өкмөткө колдоо билдирип жатышат.

Бейшембиде өкмөт башчы Пашинян Ереванда чогулган 20 миңдей тарапкерине кайрылганда армениялыктар куралдуу күчтөргө саясатка кийлигишүүгө жол беришпейт деп билдирди.

«Шайланган премьер-министр катары бардык генералдарга, офицерлерге жана жоокерлерге өлкөбүздүн чек арасын коргоо милдетиңерди аткаргыла деген буйрук берем. Айрым кишилер армияны Конституцияга каршы жараяндарга тарткысы бар. Бул – кутум аракети. Бирок эл Арменияда аскердик төңкөрүшкө жол бербейт».

Ошол эле күнү оппозициялык партиялар 10 миңдей киши катышкан нааразылык акциясын уюштурушту. Премьердин отставкасын талап кылган демонстранттар парламенттин жанына чатырларды тигип, баррикадаларды орнотушту.

Оппозициянын өкмөт башчылыкка бирдиктүү талапкери – Вазген Манукян депутаттар чукул сессияга чогулуп, Пашиняндын отставкасын жана кезексиз шайлоо өткөрүүнү карамайынча, тарабай турганын эскертти.

Бирок премьердин башкарусундагы “Менин кадамым” партиясынын өкүлдөрү келбей, кворум чогулбай калгандыктан, оппозициянын жума күнү сессия өткөрүү планы ишке ашпай калды.

Парламентте көпчүлүктү түзгөн Пашиняндын партиясы шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү чакырыгын четке кагып, сүйлөшүүлөргө үндөп жатат.

Өкмөт башчы куралдуу күчтөрүнүн жогорку офицерлеринин 24-февралдагы катына реакциясын билдирип, колдоочуларын көчөгө алып чыккан.

Башкы штабдын жетекчилери Пашиняндын жана анын кабинетинин кызматтан кетишин талап кылышкан. Анын алдында премьердин сунушу менен Башкы штабдын кол башчысынын орун басары ишинен алынган. Генерал Тиран Хачатрян премьердин "орусиялык “Искандер” ракета комплекстери эффективдүү эмес" деген сөздөрүн сындаган.

Бейшембиде Коргоо министрлиги армиянын саясатка кийлигишкенин “кабыл алынгыс аракет” деп билдирди.

Эл аралык коомчулук жарандык өкмөткө колдоосун билдирип, тараптарды сабырдуулукка чакырууда.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс "демократиялык негизги принциптерде куралдуу күчтөрдүн ички саясатка аралашпоосу" каралганын эске салды.

Арменияда аскердик базасы жайгашкан Орусия тынчтыкты жана тартипти сактоо керектигине басым жасады. Президент Владимир Путин Пашинян менен телефондон сүйлөшкөнүн бейшембиде Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Былтыр күзүндө Азербайжан менен Армениянын урушунда Баку тарапта болуп келген Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Анкара "кайда болбосун аскердик кутумга каршы" экенин баса белгиледи.

«Демократиялык өлкөлөрдө эл өкмөттү сындай алат, отставкасын талап кыла алат. Бул табигый көрүнүш. Бирок армиянын төңкөрүш турсун, бийликке шайлоо аркылуу келген өкмөттү кызматтан кетүүгө үндөгөнү кабыл алынгыс иш», - деди Чавушоглы.

Армениянын оппозициясы былтыр ноябрда Тоолуу Карабактагы согушту токтотуу тууралуу Орусиянын арачылыгы менен жетишилген үч тараптуу келишим кабыл алынгандан кийин Пашиняндын отставкасын талап кылып келет.

44 күндүк айыгышкан салгылашууларга чекит койгон документте жикчил аймактын тегерегиндеги бир нече районду Азербайжанга кайтаруу каралган. Премьердин каршылаштары аны улуттук кызыкчылыктарга чыккынчылык кылды деп айыпташууда.

Пашинян болсо Баку менен кол коюлган макулдашуу Ереван үчүн чындап эле анча жакшы эместигин моюнга алганы менен башка аргасы жоктугун айткан.

Жаңжалды тынч жол менен жөнгө салууну армян аскерлери да жактап келишкен. Премьердин айтымында, бул өмүрлөрдү сактап калуунун, Тоолуу Карабактын жок дегенде бир бөлүгүн Еревандын көзөмөлүндө кармап калуунун бирден бир жолу болчу. Армян армиясы ал урушта Түркия колдогон азери аскерлерине жеңилген.


XS
SM
MD
LG