Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:29

Арменияда саясий кризис уланууда


Армениядагы премьер-министр менен куралдуу күчтөрдүн жетекчилеринин тирешинен жаралган саясий кризис уланууда.

25-февралда Еревандын борбордук аянтында 20 миңден ашуун тарапкерлеринин алдында сүйлөгөн премьер-министр Никол Пашинян армениялыктар аскерий жетекчилердин саясий бийликти алмаштырышына жол бербесин айтты.

Премьер-министр армия Арменияны сырткы күчтөрдөн коргоого гана көңүл бурушу керектигин билдирди.

Ал тапта Пашиняндын отставкасын талап кылган оппозициячыл күчтөр парламент имаратынын алдында чатырларды тигип, тороп салышты.

Алар өлкө парламенти премьер-министрди отставкага кетирмейинче акция уланта берерин эскертүүдө. Парламенттеги оппозициячыл фракциялар 26-февралда жыйынга чогулуп, Никол Пашинянды кызматтан алуунун жол-жобосун талкуулары белгилүү болду.

Парламенттеги көпчүлүктү түзгөн Пашиняндын “Менин кадамым” блогу буга чейин мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү сунушун четке каккан.

Ал ортодо АКШ, Орусия баштаган бир нече өлкө тараптарды сабырдуулукка чакырышты.

25-февралда армия Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган билдирүү жасаган. Өкмөт башчы муну «аскердик төңкөрүш аракети» катары баалап, өз колдоочуларын көчөгө чыгууга чакырган.

Ушул эле күнү ал Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын жетекчиси Оник Гаспарянды кызматтан алганын жарыялаган. Мындан соң Еревандын көчөлөрүнө Пашияндын тарапкерлери да, оппозициянын өкүлдөрү да чыгып, майда кагылыштар болгон.

XS
SM
MD
LG