Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

Кулагы начар уккан балдар үчүн уюлдук тиркеме чыкты


Кыргызстанда угуусу начар балдар үчүн «Дилгир» деп аталган кыргызча уюлдук тиркеме чыкты.

Тиркемени Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы менен «Technoland» коомдук фонду чыгарып, март айынын аягында колдонууга берилет.

Кыргыз жана орус тилинде жаңсоо алиппеси менен түзүлгөн тиркемеден балдар математика, окуу сыяктуу жалпы билим берүүчү предметтерди өздөштүрө алат.

Тиркеме акысыз, аны андроид тутумундагы бардык телефондорго жүктөп, интернети жок жерде деле иштетсе болот.

Кыргызстанда угуусу начар балдар үчүн ыңгайлашкан кыргыз тилиндеги окуу программасы жок. Майыптыгы бар балдар орус тилинде билим алат, өлкөдө алар үчүн окуу китептери чыкпайт.

Кыргызстанда майыптыгы бар отуз миңден ашуун бала катталган. (BCh)

XS
SM
MD
LG