Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Кобзев: Навальныйды белгисиз жакка чыгарып кетишти


Алексей Навальный. 2021-жылдын 20-февралы. Москва шаары.
Алексей Навальный. 2021-жылдын 20-февралы. Москва шаары.

Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды «Матросская тишина» тергөө абагынан чыгарып кетишти.

Бул тууралуу анын адвокаты Вадим Кобзев «Твиттерге» жазды.

Кобзев Навальныйды күч органдарынын кызматкерлери кайда чыгарып кетишкенин кабарлаган жок.

44 жаштагы Кремлдин келишкис сынчысы "Матросская тишина" тергөө абагына 19-январда соттун шашылыш чыгарылган чечиминен кийин камалган. Судья Германиядан дарылануудан келген Навальныйды 30 күнгө камакка алуу чечимин чыгарган.

2-февралда сот Навальныйды 2014-жылкы иш боюнча алдамчылыкка айыптап, үч жарым жылга эркинен ажыраткан болчу. Адвокаттары жазган доо арызды Москва шаардык соту 20-февралда четке каккан. Тергөө абагында отурган мөөнөтү эске алынып, Навальный 2,5 жыл жабык мекемеде жазасын өтөмөй болгон.

Оппозициячыл саясатчы өзү жана анын тарапташтары бул ишти саясат менен байланыштырып келишет.

Евробиримдик Навальныйдын камалышына байланыштуу Орусияга санкция киргизүүгө макул болду.

XS
SM
MD
LG