Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:14

Түркиянын элчиси Женгиз Фыраттын дипломатиялык миссиясы аяктады


Женгиз Фырат.
Женгиз Фырат.

Түркиянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Фыраттын Бишкектеги дипломатиялык миссиясы аяктоодо.

25-февралда аны премьер-министр Улукбек Марипов кабыл алып, элчи менен эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, Кыргызстанда өтө турган өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына, анын алкагында боло турган бизнес-форумга даярдык, соода-сатык, тоо кен, транспорт, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт тармактарындагы мамиле тууралуу сөз болду.

Премьер-министр элчинин мындан аркы ишине ийгилик каалады.

Женгиз Фырат Түркиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп 2018-жылы дайындалган. Дипломатиялык ишмердүүлүгү учурунда анын аты жалпыга маалымдоо каражаттарында бир нече окуяга байланыштуу аталып, коомчулукта талкуу жараткан.

2019-жылы элчи Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен Интернет аркылуу кайым айтышкан. Ошол эле жылы элчинин Орозо маалында уюштурулган ооз ачуу иш-чарасынан кетип калышы тууралуу видео тарап, кийин Кыргызстан бул окуя кыргыз-түрк мамилесине залакасын тийгизбей турганын билдирген.

2020-жылы бишкектик ишкер аял элчини «соода борборун тартып алууга аракет кылып жатат» деп айыптаганда Фыраттын тарапташтары мындай айыптоо негизсиз экенин билдиришкен. (RK)

XS
SM
MD
LG