Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 07:01

Карабактын кайгысы – адамзаттын кайгысы


Тоолуу Карабактан келген армян качкындары. Ереван. 2020-жылдын 18-ноябры.

Дүйнө жүзүндөгү качкындардын улам жаңы толкундары улам жаңы муундун үй-бүлөлүк кайгысы, атажуртту сагынуусу менен коштолот. Публицист Аким Кожоевдин блогу.

Бул окуя өткөн кылымдын элүүнчү жылдары, ачарчылык жаамы журтту тукулжуратып турган мезгилде жүз бериптир. Тажикстандагы Жерге-Талдын Гулама деген айылынын тургундары каатчылыктан катуу каржалып, ачтан кырылып каларда кошуна кыштактардагы тууган-уругуна, дос-жарына түп көтөрө көчүп жөнөйт.

Аксакалдардын айтымына караганда, ал кезде азыркыдай калың эл жок, чет-жакадагы кыштактарда саналуу эле түтүн жашаптыр. Гуламалыктар болгон мүлкүн көлүктөрүнө артынып, айыл четине жеткен кезде, баарынын ат-эшектери андан ары бир кадам жылбай, тык токтоп калат. Канчалык уруп сабашпасын, сөгүнүп-сагынышпасын, алдыга баспай, кайра арка бурулуп качышат. Айрымдары кудум сүкүт тарткандай башын жерге салып, жолдун чок ортосуна жатып алат.

Айбандардын мындай ойдо жок жоругу баарын катуу таң калтырат, эмне болуп жатканына эч кимисинин акылы жетпейт. Ошондо сексендердеги бир карыя топ ичинен суурулуп чыгып:

- Мына көрдүңөрбү, макулук да болсо, булар бизден төөлүк өйдө экен. Намыс-ары бар адам эч качан киндик каны тамган жерин минтип бизге окшоп жетимсиретип таштап кетпейт. Журтту ээн калтыргандын аягы жаман болот. Муну биз түшүнбөгөн менен байкуш жаныбарлар түшүнүп жатпайбы! – дейт үнү каргылданып. Ушундан кийин алар өз ара кеңешип, кээ бирлери артка кайтууга мажбур болот.

1990-жылдардын орто ченинде, Тажикстандагы жарандык согуштун кесепетинен каратегиндик кыргыздар күтпөгөн жерден дүрбөп, бир даары Кыргызстанга көчүп кетүүгө аргасыз болду. Ошондо кайсы бир айылда балдары көчүп жөнөгөнүн көргөн карыган абышка көрүстөнгө качып барып, «мени өз жеримден зордоп алып кеткенче, өлтүрүп көмүп кеткиле!» деп, боздоп ыйлаганын укканым бар.

Ал эми мен студент кезде Чүйдүн Ысык-Ата районуна көчүп келген бир чоң эне качан барып калсам ата конушу тууралуу айткандан чарчабайт эле. Ал туулган айылынын абасын, суусун, жерин, жайлоолорун, тоо-ташын мактайт берет эле, айтып арман кыла берет эле. Жок дегенде дагы бир жолу көрсөм, мөлтүр кашка булагынан бир жолу кана жутсам дегенде ак эткенден так этчү. Тилекке каршы, ал апанын тилеги ишке ашпады.

Маркум атам отуз жаштарында бала кезинде күчтөп көчүрүлүп барган Тажикстандын түштүк тарабындагы Шаартуз районунан кайра көчүп келет. Ал жактагы жумушу да жеңил болгон экен, кирешеси да жаман болбоптур, анан эмне үчүн өзүн азапка байлап көчүп келди экен деп, мен кээде таң калчумун. Анткени атам өмүр бою мал багып өттү, «кошчу жаанда тынат, койчу өлгөндө тынат» дегендей, өзү эле кыйналбай, бизди да кошо кыйнады.

Анүстүнө Тажикстанда малчыларга Кыргызстандагыдай кам көрүлчү эмес. Чабандар үчүн атайын келген кийим-кече совхоздун активдеринен артса гана аларга берилер эле. Бирок атам аткарган жумушу үчүн наалып, тагдырына нааразы болгондугун эч качан байкабадым. Тескерисинче, чабандык анын энчисине жазылгандай, өз ишин берилип, бүт дити менен аткарчу. Төл башталганда кык кечип, нечен суткалап уктабай жүргөн күндөрү болор эле.

Эми ойлоп көрсөм, атам бизди не бир мүшкүл менен баккан экен. Ырас, атамдын эмгеги бааланып, канча жолу ардак грамотасын алды, райондук гезитке макталып чыкты, чарбанын алдыңкы чабаны катары биринчилерден болуп «Нива» маркасындагы жеңил машина ыйгарышты. Ошентсе да, атамды айылга айдап келген, аны тоо-ташка байлаган башка нерсе эле…

Алдан-күчтөн тая элек жашыраак кезинде ал бош калган күндөрү такыр үйгө турчу эмес. Жазы болобу, кышы болобу, мылтыгын жонуна артып, тоо таянып кетчү. Кээде апталап үйгө кайтпай жүрөр эле. Көрсө, тоо атамдын стихиясы экен. Ал шаардын тумчуктурган абасынан, кым-куут жашоосунан безип өз айылына келгенин эми гана түшүнүп жатам.

Атамдын дагы бир жакшы көргөн нерсеси – жылкы баласы болучу. Атам тез-тез ат алмаштырып мингенди жакшы көрчү. Бар байлыгын берип болсо да ат сатып алчу. Жылкы жаныбарсыз өз жашоосун элестете албайт эле. Катуу ооруп жаткандагы акыркы арманы да ошол болду. Атканада байланып турган сур кунанын минип алып, Сары-Кенжеге (кошуна айылга) бир барым келсем деген тилеги ишке ашпай кете берди.

Тажикстандын Каратегин өрөөнүндөгү Жерге-Тал (азыркы Лахш) районунун картасы. Бул район, коңшу Памирдеги Мургап району менен биргеликте, 1925-жылдын 2-январына чейин Кара-Кыргыз автоном районуна таандык болгон.
Тажикстандын Каратегин өрөөнүндөгү Жерге-Тал (азыркы Лахш) районунун картасы. Бул район, коңшу Памирдеги Мургап району менен биргеликте, 1925-жылдын 2-январына чейин Кара-Кыргыз автоном районуна таандык болгон.

Тээ мындан отуз-кырк жыл илгери, жыл сайын биздин айылга аптабы мээ кайнаткан Шаартуздан жердештерибиз келип, туугандарынын үйүндө туруп, жай бою эс алып кетише турган.

Бешинчи класста окусам керек эле, бир жолу булактан чакаларга суу алып келе жатсам (Кара-Арча деген жайлоодо турчубуз), Абрия деген шаардан келген бир эже булак четине отуруп алып ыйлап жатыптыр. Мен эч нерсени түшүнбөй, энеме барып көргөн-билгенимди айттым.

- Байкуш эже, кыз кезинде жүргөн жерлерин көрүп, ата-энесин эске түшүрүп ыйлап жатса керек, - деди энем шуу үшкүрүп.

Жерге-Талдын Зарт-Майдан жайлоосундагы тоолор.
Жерге-Талдын Зарт-Майдан жайлоосундагы тоолор.

Биздин айылдын дагы бир жайлоосу Зарт-Майдан деп аталат. Жайлоонун төрүндөгү бир тоонун боору сары болгондуктан (сарыны тажикче «зарт» дейт) ушинтип аталып калыптыр.

Айтылуу этнограф Тайтөрө Батыркулов Зарт-Майданды «Жашыл-Майдан» деп атайт эле. Ыраматылык ал киши биздин жайлоолорду абдан жакшы көрчү. Мен төрөлгөндөн баштап, аскерге кеткенге чейин дээрлик жыл сайын Зарт-Майданды жайладык. Ошондуктан бул жайлоону коён жатагына чейин билем десем болот. Тилекке каршы, заман өзгөрүп, азыр ал жакка эч ким чыкпай калды.

Мындан он эки-он үч жылдай мурун Зарт-Майданга чыгып, конгон эл жок ээн калган жайлоону көрүп, катуу көңүлүм чөктү. Абрия эже сыяктуу мен дагы ичим өрттөнүп, көз жашымды тыя албадым.

Жерге-Талдын Зарт-Майдан жайлоосунда.
Жерге-Талдын Зарт-Майдан жайлоосунда.

Энемдин сүзмө бастырган таштары күнү бүгүнкүсүндөй турат. Атүгүл атамдын ат-эшекке жүктөп алып келген дөңгөчтөрү да чирибей ошол бойдон экен.

Аттиң, адамдын өмүрү ташчалык, арчанын дөңгөчүнчөлүк болбойт экен деп буулугуп, көпкө чейин өзүмдү соорото албадым. Эсиме балалыгым түштү, эсиме бир туугандарым түштү, эсиме шиберде жалаң аяк жарышып ойногон досторум түштү. Эсиме дал ушул конушта жарык дүйнөгө келип, бирок он төрт-он бешинде кырсыктан каза болуп калган иним Манас түштү.

Бүгүнкү Тоолуу Карабакта болуп жаткан окуяларды көрүп-угуп жатып, аргасыздан ушулар жадыма келип, көңүлүм бузулду. Киндиктеш ата журттан айрылуу кандай экенин өз жон териси менен сезген адам катары Тоолуу Карабактан качкандардын абалын жакшы түшүнөм.

Эгер алар өз конушуна кайра кайтпаса, эч качан бактылуу болушпайт. Тамырынан ажыраган дарактай, өмүр бою өксүк, арман менен жашап өтүшөт. Негизи ушул нерсе карапайым армяндарга же азербайжандарга керек беле?

Бир эл менен экинчи элди араздаштырган саясатка деги тыюу салынабы? Мында да чагымчылдар эки мамлекетти атайын кайраштырып, кайра эле арачы болумуш болуп жаткан жокпу?

Азыр бүт дүйнө боюнча алсызды алдуу жектеген заман келди. Күч атасын тааныбайт деген кыргыздын макалындагыдай, ким күчтүү болсо ошонун айтканы, дегени болууда. Ач көз, жут, бузуку эл башчылардын, саясий жана диний фанаттардын айынан миңдеген кишилер баш паанексиз калып, түбөлүк бозгунга айланды.

Тоолуу Карабактын кайгысы – бүт адамзаттын кайгысы, буга бүткүл дүйнөлүк коомчулук көңүл буруш керек эле.
А.Кожоев

Тилекке каршы, Тоолуу Карабактан азыр качкандар эми бул аймактан 1992-44-жылдары качкандардын жана башка дүйнөдөгү аргнасыз бозгундардын катарын толуктап жатат. Ал эми акыркы жылдардагы окуялар БУУ эл аралык данакер уюм катары өз милдетин жеткиликтүү аткара албай калгандыгын көрсөттү. Тоолуу Карабак буга дагы бир мисал.

Бирок Тоолуу Карабактын кайгысы – бүт адамзаттын кайгысы, буга бүткүл дүйнөлүк коомчулук көңүл буруш керек эле.

Деги качанга чейин кан төгүлө берет, улуту, дини, тили бөлөк болгону үчүн адам качанга чейин кордоло берет? Кишилер бири-бирин түшүнгөн, бирин-бири урматтап-сыйлаган, бири-бирине ишенген, чек арасыз жашаган заман келеби? Же уруш-жаңжал, бирин-бири ушинтип кырып-жоюу түбөлүк улана береби?

Үч жыл мурда Жерге-Талга инимдин тоюна барып, тойдон кийин кыш түшүп калгандыгына карабай, айылым Депшаардын күңгөй-тескейин кыдырып, сагынычым жазып кайтайын деп тилек кылдым. Адегенде эле өзүм айрыкча жакшы көргөн Кашмик суусун бойлоп келейин деп айылдын күн чыгыш тарабына бет алсам, күзөттө турган автоматчан жоокерлер жолумду тороп, өткөрбөй коюшту.

Мен алардын бул жоругуна таң калган деле жокмун. Командирлерин чакырып, мен ушул жерде туулуп-өскөнүмдү, отуз-кырк жыл жашаганымды айттым. Бирок анын түшүнүгү дагы карамагындагы жоокерлериникиндей эле экен. Чет элдик жарандарга жогортон уруксат болбосо тосоттон ары өткөзө албайбыз деп туруп алды. Кийин кыйылып жатып, жарым саатка араң уруксат берди.

Мен ошондо айылымдын топурагы, ар бир ташы мен үчүн жанымдын жарымындай кымбат болсо да, мындан ары бул жерде жат экенимди, эми мурдагыдай ээн-эркин жүрө албай турганымды түшүндүм.

Жыйырма биринчи кылымда жашап жатабыз, илим-техника жагынан укмуштуудай жетишкендиктерге жетиштик деп канчалык мактанбайлы, айрым маселелерде Гитлердин доорунан да артка кеткенибизди моюнга алышыбыз керек.

Стефан Цвейг (1881—1942).
Стефан Цвейг (1881—1942).

Фашизмдин кысымынан Бразилияга качып барып, бирок ал жакта паспорт ала албай кыйналып, эч айласы калбай калганда, жубайы экөө өз жандарын кыюуга мажбур болгон австриялык залкар жазуучу Стефан Цвейгдин (1881—1942) тагдырына учурда жүз миңдеген адамдар туш болууда. Жасалма тоскоолдуктар жүз миңдеген адамдардын тагдырын талкалап, аларды киши катарынан чыгарып салып жатат.

1916-жылдагы Улуу Үркүндүн курмандыктарына арналган эстелик. Каракол шаары, Кыргызстан. 2016.
1916-жылдагы Улуу Үркүндүн курмандыктарына арналган эстелик. Каракол шаары, Кыргызстан. 2016.

Бир кезде диссидент катары Ооганстандан качып өтүп, цивилдүү өлкө саналган Орусияда отуз жыл жашап, атүгүл орус кызга үйлөнсө да, жарандык ала албай, кайра өз мекенине депортацияланып жаткан ооган жигит тууралуу сыналгыдан көрүп, не дээримди билбей калдым.

Аким Кожоев Депшаар кыштагында. Жерге-Тал, Тажикстан. Архив.
Аким Кожоев Депшаар кыштагында. Жерге-Тал, Тажикстан. Архив.

Кыскасы, кайда болсо бечара кор болгон, бечара кордолгон заман…

1916-жылы Улуу Үркүндү баштан кечирген элибиз дүйнө жүзүндөгү качкындардын улам жаңы топторунун пенделик кайгысы, атажуртту сагынуусу тууралуу тарыхый эстутум аркылуу дурус аңдап келет.

Аким Кожоев,

журналист, публицист.

Ред.:

Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG