Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:21

Акыйкаттык издеген активист Таганова


Дурсолтан Таганова.
Дурсолтан Таганова.

Түркмөнстандык Дурсолтан Таганова акыркы бир нече айда түркмөн бийлигине каршы нааразылык акцияларынын активдүү катышуучусуна айланды. Мунун айынан ал Түркияда үч айга камалып, эл аралык уюмдардын колдоосу менен эркиндикке чыккан.

Буга чейин Түркияда, Түндүк Кипрде, АКШда жана Орусияда жашаган айрым түркмөнстандыктар президент Гурбангулы Бердымухаммедовду айыптап, нааразылык акцияларын өткөрүп келишкен. Өзгөчө Түркияда жашаган түркмөнстандыктар коронавирус пандемиясы башталганда Стамбулда жасалма аракка ууланган 56 түркмөнстандыктын сөөгү мекенине жетпей, чет өлкөдө жерге берилгенин белгилеп митинг уюштуруп келишет.

29 жаштагы Дурсолтан Таганова төрт айдан бери мигранттардын укуктарына жана мекениндеги коронавирус көрсөткүчтөрүнө көңүл буруп, активисттердин сап башында жүрөт. Ал «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматына Түркмөнстанда коронавирус расмий катталбаганы менен, көп киши каза болуп жатканына нааразы болгонун айтып берди.

«Мен 19-июлда түркмөн элин бул коркунучтуу вирустан коргоону талап кылган митингге чыккам. Ал жакта менден башка да мигранттар бар болчу. Түркмөн бийлиги өлкөдө коронавирус жок деп билдирип келет. Бирок ошол кезде эле өлкөдө адамдар өлө баштаган болчу. Менин тааныштарым, алардын туугандарынын арасынан бир нече адам вирустан каза болду. Түркмөн эли бул апаатта жалгыз калды».

19-июлда Стамбулда өткөн митингди жергиликтүү полиция «карантин эрежелери бузулуп жатат» деген жүйө менен токтотуп, ондогон түркмөнстандык мигрантты кармаган. Алар сурактан кийин бошотулуп, бирок Дурсолтан Таганова камакка алынган болчу. Үч ай депортация бөлүмүндө камалган Таганованын социалдык тармактарда түркмөн бийлигине каршы жазган жазуулары да тыкыр текшерилген.

Дурсолтан Таганова.
Дурсолтан Таганова.

«Биз президенттин бийликтен кетишин мыйзамдуу жол менен талап кылышыбыз керек. Андан кийин ачык шайлоо аркылуу жаңы лидерди тандап алышыбыз керек. Эми бизде башка жол жок. Себеби Түркмөнстандын жарандары өлкө ичинде да, чет өлкөлөрдө да өтө оор кырдаалда калышты. Биз укуктарыбыздын сакталышын талап кылышыбыз керек».

Түркмөн бийлиги Дурсолтан Таганованы өкмөт үчүн эң коркунучтуу оппозиция лидерлеринин катарына кошкон. «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматынын кабарчылары билдиргендей, Таганова туулуп өскөн Лебап облусунда жалаа жабуу өнөктүгү кызуу жүрүп жатат. Анын үй-бүлөсү кысымга алынып, жергиликтүү бийлик жана аялдар кеңеши Лебап шаарынын тургундарына «Дурсолтан Таганова Түркияда демонстрацияларды уюштуруп, өлкөдөгү абалды туруксуздаштыргысы келген чыккынчы» деп эскертишкени айтылууда.

Активистти жада калса Беларустун оппозиция лидери Светлана Тихановскаяга да окшоштурушкан. Бирок Дурсолтан Таганова «баатыр эмес, активистмин» дейт.

«Тихановская президенттик шайлоого катышты. Мен болсо шайлоого катышкан жокмун жана Тихановскаянын деңгээлиндеги лидер эмесмин. Мен Түркмөнстандын жаранымын. Бирок эгер биз өзүбүз акыйкаттык үчүн күрөшпөсөк, бизге эч ким эркиндикти жана акыйкаттыкты белек кылбай турганын түшүндүм».

Учурда Дурсолтан Таганова Стамбул шаарында турат. Айрым эл аралык укук коргоо уюмдарынын колдоосу менен эркиндикке чыккан Тагановага Түркиянын Ички иштер министрлиги бир жылга «качкын» макамын берип, убактылуу жашоого уруксат берген.

4-ноябрда «Түркмөн Хельсинки фонду» укук коргоо уюмунун жетекчиси Тажигүл Бегмедова 25-октябрда Стамбулдагы консулдуктун алдына нааразылык акциясына чыккан эки түркмөнстандыкты полиция камакка алганын кабарлаган.

25-октябрда Түркмөнстандын Эгемендик күнүнө карата уюштурулган акцияга Стамбул шаарында жашаган түркмөнстандык мигранттар жана активисттер катышкан. Алардын бул иш-чарасын алдын ала билген консулдуктун кызматкерлери түрк полициясын чакырып, полиция чогулгандарды тараткан. Активисттердин айрымдары консулдуктун жанындагы кафеге барып отурган жеринен полиция кызматкерлери Жумасапар Дедебаев менен Байрам Мамедовду кармап кеткен. Алар учурда Миграция департаментинде «миграция режимин бузду» деген айып менен кармалып отурганы белгилүү болду.

Түркияда 133 миңден ашык түркмөнстандык расмий катталган. Болжол менен 2 миллионго жакын түркмөнстандык мыйзамсыз жашаганы айтылып келет.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG