Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:06

«Куралсыз мергендин» кумарын жазган табият


Тайтөрө Батыркулов.
Тайтөрө Батыркулов.

Табият менен тагдырлаш жашаган тажикстандык кыргыз журналист тууралуу эскерүү.

Тагдырдын буйругу менен узак жылдар бою кошуна Тажикстанда жашап, андагы кыргы жаштарынын жогорку билим алышына жан дили менен көмөктөшкөн жазуучу, котормочу, этнограф Тайтөрө Батыркуловдун өмүр жолу жөнүндө буга чейин азыноолак эскерүүлөр жазылган. Бирок көп кырдуу таланттын ээси болгон бул инсандын баяны жазылып бүтө элек.

Тайтөрө Батыркулов үй-бүлө курбаганы үчүн, тилекке каршы, көзү өткөндөн кийин артында жоктоп ыйлагыдай туяк калбады. Жан сыздаткан ушул арманын унутуш үчүн болсо керек, ал өмүр бою табият менен тагдырлаш болуп жашаган. Бул жарык дүйнөдө эң жакшы көргөн нерсеси табият болгон. Ошол ажайып, ошол таза дүйнөгө биротоло азгырылып, табият ооруса кошо ооруган, гүлдөсө кошо гүлдөгөн.

Союз доорунда «Тожикистони Совети» (азыркы «Садои мардум») гезитинин кабарчысы Максуд Хусейнов маркум Тайтөрө Батыркуловду Дүйшөмбү калаасында кепке тартып, «Куралсыз мерген» деп аталган кызыктуу маегинде биз билбеген маалыматтарды жарыялаган экен. Тажик тилинен которулган бул маек биздин окурмандарды да кайдыгер калтырбаса керек.

- Тайтөрө аке, алгачкы жолу тоого чыкканыңыз эсиңиздеби?

- Мындан 35 жыл илгери биринчи жолу шаркырап аккан дарыянын жээгине алачык куруп, эки күн түнөгөнмүн. Жадыраган жаз мезгили эле. Жашыл тон кийген тоо койнунда соккон сыдырым жел кызыл-тазыл гүлдөрдү кудум бойго жеткен кызды жигити кытыгылагандай ыргалтат… Табияттын ушунчалык кооз, ажайып экенин ошондо сезгем. Мына ошондо жан дүйнөм шекердей эрип, өсүмдүктөргө, айбанаттарга болгон мээримим, сүйүүм ийиген. Табияттын сыйкырдуу дүйнөсүнө азгырылып, эми андан эч качан безип кете албачудай, тоолорсуз, талааларсыз жашай албачудай сезгенмин, өзүмдү. Алыскы Комсомолабат, Гарм, Тавилдара, Вахиё, Дангара, Мургаб, Жерге-Тал, Алай, Ош, Гисар жана Вахштын ажайып талааларын кезип, бийик тоолорун кыдырып чыктым. Мен көргөн, мен барган кыштактардын баарын эстеп, бир-бирден санап чыгуу кыйын го… Тоолордо тааныш чабандар абдан көп. Алар дидарлашууга дайым ынтызар. Кээде «келип калар бекен» деген үмүттө жолумду карашат. Түнү бою алар менен маектешип, таңды атыруу кандай ыракат! Чок салынган сандалды тегеректеп отуруп сухбатташуу, бир кесе даамдуу тамак, көк чай…

- Башка күндөрү кайда түнөйсүз?

- Кемерде же асты ачык чоң таштардын түбүндө.

- Кышында делеби?

- Жайы-кышы.

- Кемердин ичи суук эмеспи?

- Этияттык үчүн кемерлерге, тоо-таштын суу тийбей турган кычык-кучуктарына эски-уску кийимдерди катып койгонмун. Сыз өтө чыкпасын үчүн астыма кургак чөп апкелип төшөйм. Кышында кемерге от жагам. Ошондо анын ичиндеги таш кызып, үч-төрт саатка чейин табы кетпей ысык болуп турат.

- Кемерде жалгыз жаткан коркунучтуу эмеспи?

- Жок. Чөп-чарды башыма чейин чүмкөнүп, коркуу дегенди биротоло ойдон чыгарам.

- Кокус жырткыч айбан же албарсты келип калсачы?

Бир күнү «мас» болгон аюуну өз көзүм менен көрдүм.

- Тоонун абасы таза, анда үч-төрт сааттан ашуун уктай албайсың. Таң заарда уйкудан ойгонуп, мен жаткан жерден 50 метрдей аралыктан өткөн бөрүнүн же аюунун изин көргөм, бирок ушу кезге чейин жырткычтар мага жакын жолой элек. Алар менен менин, мени менен алардын иши жок. Жапайы айбандар баары бир кишиден коркушат. Албарсты дегени жок жана болгон эмес. Аны тирукмуш окуяларды жакшы көргөн адамдар эле оюнан чыгарып айтып жүрүшөт.

Т.Батыркуловдун «Аюу менен беттешүү» деген макаласынан бир үзүм: «Ургаачы аюу балдары менен болсо, кол салышы мүмкүн. Эгер, ал адамды алыстан көрсө, ошо замат балдарын көздөн далдалайт. Бирок адам аюуга капилеттен беттешип, алдынан чыга калса, ал балдарын коргоо максатында гана кишиге катылышы ыктымал».

- Аюуга кездешип калган күнүңүз болдубу?

- Далай жолу тоого чыгып, таңга маал аюунун талпаңдап жүргөнүн көп эле жолуктурдум. Ии, баса, бир күнү «мас» болгон аюуну өз көзүм менен көрдүм.

- Кызык. Аюу да мас болобу?

- Бу айбан кумурсканы жакшы көрөт. Ал кумурсканын ийинин таап, тешигин кеңейтип, тилин ошонун ичине сунуп жатат. Анан ал тилине жөргөлөп чыккан кумурскаларды оозуна салып, шимиген сайын жыргалга батып, аябагандай «мас» болот да, жанынын баарынча айкырат.

- Бөрүнү көп көрөсүзбү?

- Тоолор – бөрүнүн мекени. Бир жолу бөрүлөргө бетме-бет келдим. Ноябрь айынын баш чени, эртең мененки саат беш эле. Таң эми агарып ата баштаган. Жалгыз аяк жол менен бараткам. Күтүүсүздөн бир топ бөрү алдыман чыга калды. Бул жолугушуудан улам бут-колдон жан кетип, турган жеримде таштай катып калдым. Бөрүлөр да тек турушту. Коркконумдан колумду да кыймылдатпастан бөрүлөргө тиктейм, бөрүлөр мага карашат. Кийин айласыздан четке чыгып, жырткычтарга жол бошоттум. Мындай учурларда жапайы айбандар менен мунаса табыш керек. Алар инсандын жакшылыгын сезишет. Деги айбандын да дили бар го… Жырткыч айбандар кишиге атайылап катылган окуялар өтө сейрек кездешет. Мисал үчүн жыланды алалы: адамды көргөндө жан-алы калбай качат.

- Неге сиз тоо-ташта мылтыксыз жүрөсүз? Кантсе да ит-куш деген бар…

- Мен куралсыз мергенмин. Менин куралым – фотоаппарат, олжом – табылга, табияттын эң кооз, ажайып көрүнүштөрү. Жазуучу Михаил Пришвин: «Адамдын эң күчтүү куралы – бул акыл» деп жазган экен. Тоонун таза абасы – жандын дарманы. Түркүн гүлдөрдүн, жашыл чөптөрдүн жагымдуу жытын жыттаймын, канаттуулардын сайраган үндөрүн ыракаттанып тыңшаймын. Сиз таң заарда шылдырап шоктонуп аккан тоо суусун көргөн белеңиз? Мөңгүнүн астынан агып чыккан кашка суунун тунуктугу менен колдо жасап болбой турган мончок сымал бири-бирине тизилген муздарынчы? Эх, чиркин! Бу табият дегени жылдын төрт мезгилинде тең өзүнчө сулууланып, сырткы «кийимин» алмаштырып турат. Инсан үчүн жаралган, кош колдоп тартууланган бул ажайып дүйнөнү көрө билген адам – бактылуу адам. Ошонун өзү эле бир чоң бакыт экен.

- Кээде аты-жөнүңүздүн астына «мерген» деп жазып коесуз го?

- Ырас, мен кез-кезде мергендерге кошулуп, талаага чыгып жүрөм, бирок ушуга чейин колума мылтык ала элекмин жана эч качан албайм дагы. Чыныгы мергендер – табиятты коргоочу адамдар. Тоо кезип жүрүп аркар, кийик, аюу, бөрү, сүлөөсүн, суур, кашкулак… менен жолугушуу мага чоң ырахат тартуулайт. Сойлоп бараткан жыланды карап отуруп, жыргалга батам, кээде ал каякка барса, мен да анын артынан ээрчийм. Менин оюмча, айбанаттарды, перенделерди жек көргөн адамдар инсанды да жакшы көрө албайт…

- Сиз жаныбарлардын кыял-жоруктарын байкаштырып жүрсөңүз керек. Алар бири-биринен кандай «мүнөздөрү» менен айырмаланышат?

- Мен таандар жөнүндө макала жазгам. Ал бөрү менен «дос». Буларды жаман курсактын камы «дос» кылган. Таан сүрүктөн ажырап калган эчкини же койду көрсө, тезинен учуп барып, бөрүгө «кабар берет». Жырткыч олжону тамактап жайлаган соң «досуна» да шыралга берет. Жырткыч айбандар аябагандай зирек, тез, кекчил келишет. Алар сенин тоого эмне максат менен баратканыңды сезип турушат. Бөрү малчынын мылтыгы бар-жогун билет…

Таан сүрүктөн ажырап калган эчкини же койду көрсө, тезинен учуп барып, бөрүгө «кабар берет».

Азыр бир окуя эсиме келди. 1984-жылдын октябрь айынын аяк ченинде Жерге-Талдагы Шербоздара деген жерде үңкүрдүн ичинде уктап жаткам. Түндө бир жаныбардын аянычтуу кыңшылаган үнүн угуп, чочуп ойгондум. Үн чыккан тарапка жакшылап кулак салсам, кудум сүлөөсүндүн баласынын үнүнө окшойт. Ал өтө назик, муңдуу эле. Мен ошол күнү 40 чакырымга жакын жол баскам (кээде 60 чакырымга чейин жол жүрөм). Тоонун ар кайсы жагынан айбандар менен перенделердин тынчсызданып доош чыгарышканын угуп, өзүмчө таң калдым. Ишенесизби? Ошо күнү түнкү саат экилерде жер катуу титиреп, тоодогу бейпилдикти бузду. Көрсө, айбанаттар табияттын апаатын жарым күн мурда эле сезишкен экен.

- Жаңылышпасам, сиз котормочулук менен да алек болуп жүрөсүз?

- Тажик жергесине келгендеги негизги максатым тажик тилин үйрөнүү эле. Гарм районунда көп жыл мугалим болуп иштеп, тажикчени үйрөндүм. Кийин тажик жазуучуларынын чыгармаларын кыргыз тилине котордум. Эң биринчи котормом – бул маркум Пулод Топистин «Гүл терүү» аңгемеси. Кийин ал жазуучунун «Толукшуган жай» повестин, Хаким Карим, Абдумалик Бахоринин аңгемелерин, Жалол Икроминин «Мен күнөөлүүмүн» повестин кыргыз тилине котордум. Жазуучу Бахтиёр Муртазоев менен биргелешип, Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестин тажик тилине котордук. «Вокруг света» журналында көптөгөн макалаларым жарык көрдү.

- Сурагандын айыбы жок дешет, колуңузга ийне менен «1944-жыл, 6-июнь» деп жазыпсыз. Мунун бир тарыхы болсо керек?

- Бул менин согушта майып болгон күнүм. Ал окуя Румыния жергесинде болгон эле.

- Дары-дармек айыктыра албайбы, жараатыңызды?

- 40 жылдан ашуун мезгил аралыгында бир бүдүр да дары ичкен эмесмин. Мен үчүн эң жакшы дары – бул табият. Табият – бардык дартка даба боло турган табылгыс казына.

Даярдаган Мирзохалим КАРИМОВ

XS
SM
MD
LG