Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 17:39

«Оогандык эмеспиз, кыргызбыз»


Ооганстандан келген кыргыздардын үй-бүлөсү.

Өткөн жылдын аягында Ооганстандан 10 үй-бүлө өз алдынча Кыргызстанга көчүп келген. Алар Ош облусуна караштуу Алай районунун Сары-Могол айылындагы эски мектептин имаратына жайгаштырылган.

Алты баласы менен көчүп келген Абдулнасир Эмин уулунун жана бир уулун Памирде калтырып дагы бирин өзү менен ала келген жесил ата Шамиридин Абдулазиз уулунун үй-бүлөсү менен аймактагы кабарчыбыз маектешип кайткан.

Сары-Могол айылын жарып өткөн жолдун боюнда жылгаяк тээп жаткан балдардан: «Памирден келген кыргыздар каерде жашап жатат?» - деп сураганымда баары бир ооздон: «Мектептин жанындагы эски мектепте», - деп жооп беришти.

Мен барган учурда түш ооп калгандыктан эски мектептин сыртында үч-төрт жетилген бала жана чоң кишилер турган экен. Алар менен таанышып, Абдулнасир Эмин уулу күн көрүп жаткан бөлмөгө баш бактым.

«Оогандык эмеспиз, кыргызбыз»
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:27 0:00
Түз линк


Ал жубайы, алты баласы менен келген. Бир уулун үйлөнтүп Памирде калтырган. Балдарынын эң кичүүсү эми гана эмгектей баштаптыр. Бир кыйла сүйлөшүп, ал-акыбалын сурап олтурган соң суроолорумду узаттым:

- Жаш балдарыңыз бул жерге көнүп калыштыбы?

- Ооба, көнүп калышты. Булар Памирди унутуп, билбей эле калышты. Муса (төртүнчү баласы 7 жашта) мектепке барып жатат. Гүлчийра (бешинчи баласы, 5 жашта) үйдө. Бейгам, жакшы олтурат.

- Бул жерге канча киши келдиңиздер?

Абдулнасир Эмин уулу.
Абдулнасир Эмин уулу.

- Мында сегиз киши келдик. Менин алты балам бар. Жакып деген бир балам Нарынга да келип, бир кыш окуп барыптыр эле. Бир кыш окугандан кийин уруксатына барып, кайра келе албай калды. Быйыл келерде ала келдим. Акча жок, документ түзүш керек, машине жол, Тажикстан менен да келе албайт. Документ алгандан кийин «виза» дейт. Ал кымбат болот. Анын жол акысы кымбат болот. Биз да Өзбекстан менен арзан келдик. Учак менен келе албайт элек. Бир адамга 900 доллардан экен. Баламды башында Кыргызстан алып келген. Кайра уруксатына барганда келе албай калды. Акча жок, бир жыл калды. Анан быйыл баарын алып келдим. Жанагы эшикте сүрөт тарткан менин чоң балам, Кайып деген. Андан кийин Жакып, кийин Төлөнбай, ал Памирде калды. Ага аял алып бердим.

Эмин уулу менен маектешип жатканыбызда сөз арасында жергиликтүү тургундардын айрымдары аларды «оогандар» деп атаганы ызалантып жатканын айтты.

- Сиздерди «оогандыктар» дегени туурабы?

- Бизди «оогандык» деп айткан туура эмес. Бизди «кыргыздар» деп айтыш керек, «памирлик кыргыздар» деш керек. Биз кыргызбыз да! Биз ооган эмеспиз да, биз кыргызбыз. «Бизди «памирлик кыргыздар» дегиле!» деп айтам. Биз ооган эмеспиз, ооган - башка улут. Оогандын тили башка, жүрүм-туруму башка, кийими, аягы башка. Биз кыргызбыз, Манастын тукумубуз!

Биз негизи Үркүндө Чоң-Алай, Ош жактардан качып барган кыргыздардын тукумдарыбыз. Менин бабам Мырза-Арык деген жерден барган экен. Кыргызстанда ошондой жер болсо керек. Биз кыргызбыз. Кыргыз деп келдик. Кыргызыбызга кетели деп... Ооганда 100 жыл ата-бабабыз жашады. Бизге оогандар эми «нары тур, бери тур» дебеди. Анан Ооганстанды силер да телевизордон угуп, көрүп турасыңар, согушу көп. Бири менен бири. Бизге карай албайт. Бизге жетпейт, жетише албайт. Машине жол жок, оорукана жок, мектеп жок. Жерибиз суук. Оорукчан кишибиз болсо өлүп калат. Аялдар болсо төрөттөн көп өлөт. Анан ошонун ичинен биз Кыргызстаныбызга эле көчүп кетсек, өзүбүздүн кыргызыбыз деп келдик. Мен бир нерсе кылып көчүп келдим. Үй салып берсе ушул жерге эле жашайлы деп келдик, баарыбыз.

- Азыр Улуу Памирде канча үй-бүлө калды?

- 130 үй-бүлө калды, 10 үй-бүлө бул жакка келдик.

- Сиздер келгенге эки айга жакындап жатат. Ушул эки ай ичинде эле ошол жакта калган 130 үй-бүлөдөн беш киши каза болгонун айттыңыз, эмнеден улам көз жумушкан экен?

- Үч аял, эки эркек - беш киши каза болду. Бир аялдын кан басымы көтөрүлүп кеткен экен, кары киши оорудан каза болуптур. Дагы эки аял төрөттөн каза болуптур. Эки эркек тең оорукчан экен. Дарыгердин жоктугунан, акчасынын жоктугунан ооруканага бара албай, быйыл каза болуптур. Бири Төрөназар деген киши, бири Абдилхай деген киши.

- Бул жакка келгендердин арасында ооруп-сыркоологондор жокпу?

- Бул жакка келгенде ооруп-сыркоолободук. Мында Ооганбек деген кишинин аялынын кан басымы жогорулап кетип, ушунда жыгылып калды. Дарыгер бар экен, шарт бир кыргыз машинеси менен Дароотко алып бара калды. Мына, сакайып келди азыр. Памирде болгондо өлбөсө да эмдигиче буту-колдон калат эле. Ошондуктан да биз бул жакка келдик да.

- Балдарыңызды эмне кылайын деп жатасыз?

- Балдарымды окутайын деп жатам. Майда балдарым окуса, бир-эки балам, чоң балдарым бар. Буларды үйлөнтсөм, кудалашсам деген ойлор бар.

- Буга чейин Кыргызстанга келген белеңиз?

- Бир жолу келген элем. Баламды алып, анда учак менен Кабулдан Дубайга учуп, Дубайдан Бишкекке келип, Бишкектен Нарынга келип, Нарында балдарды окутушкан экен. Ошондо 24 күн жүрүп кайра Бишкектен Дүйшөмбүгө барып, анан кеткем. Бул келишим экинчи жолу. Анда бир баламды алып, өзүм эле келгем. Баламды мамлекет алып келген. Өзүм Кыргызстанды бир көрүп кетейин деп өз акчам менен эле келгем. Азыр эми үй ичи бардыгы менен келдик.

- Кыргызстанда сизди эмне таң калтырды?

- Кыргызстанда жакшы таң калтырганы мында кыргыз, машине жолу бар. Баарынан да электр жарыгы жакшы. Бардык жерде жарык, шаарларга барсаң да жарык. Азыр үйдө 24 саат телевизор көрсөк, телефон чалсак да, нан бышырсак да болот. Анан ырдайт, комуз чертет. Анан тынччылык, бирөө менен бирөөнүн иши жок, согуш жок, талаш жок. Ошонусу жакшы экен. Таң калтырды. Ооганстанда болсо согуш, бирин бири өлтүргөн. Ал жакта коркуп жашайт элек. Шаарларга барсак жардыруу бар. Анда билбейсиң да. Кирип барсаң дүрс деп чыгып кетет. Канчалаган адам өлөт. Ошондон коркуп жүрүп, шаарларга барып, ылдам кайтып, түнү милициялар чыгарбайт. Мында түндө бассаң да жүрө бересиң, тынччылык.

Памирден келген кыргыздардын кыздары, аялдары бир топ уялчаак. Биз үч-төрт эркек сыртта турганда мектептен чыккан жаш балдар менен аялдар бизди айланып, жер карап өтүштү. Абдулнасир Эмин уулунун жубайы менен араң сүйлөштүм. 31 жаштагы Шаарбүбү Шажан кызы Сары-Моголдогу күнүмдүк турмушу, жасаган оокаты жөнүндө айтып берди.

- Келгениңиздерге эки ай болуп калды, көнүп калдыңыздарбы? Тамак-ашты кандай кылып жатасыздар?

Шаарбүбү Шажан кызы.
Шаарбүбү Шажан кызы.

- Жакшы, көнүп калдык. Тамак-ашты Памирдегидей казанга эле жасап атабыз. Күрүч бар экен, макарон бар экен, ошону казанга эле кылып жатабыз. Нанды электр мешке жасап жатабыз. Нан жасаганды бир эже келип үйрөттү. «Бул жерге койсоңор бышат, бул жерге койсоңор бышпайт» деп көрсөтүп берип кетти. Оңой эле, биринчи жасаганда эле шар үйрөнүп алдым. Памирде чоң табакка очокко шыбактан калап жасайт элек.

- Мектепке барып жатасыздарбы?

- Ооба, мектепке барып окуп жатабыз. Тамгаларды үйрөнүп атабыз. Жомок окуп, ыр окуп, үйрөнүп жатабыз. Жазууну, өзүбүздүн атыбызды, атабыздын атын жаздырып жатат. Тамгасы оңой эле экен, жазма кыйын экен.

- Жаш балдарды бул жерде караш кыйынчылык туудурбай эле турабы?

- Кыйын эмес, мында оңой экен. Кир-когун табакка эле, колго эле жууп жатабыз. Машине жок, бере элек. Памирде деле табакка жууйт элек. Памирдегидей эле болуп атат.

- Памирден эмнеси өзгөчө экен бул жерде, эмнеге таң калдыңыз?

- Нан жасаганы өзгөчө экен. Калганы ошол Памирдегидей эле. Өзүбүздүн билгенибиздей эле кылып жатабыз.

Эч нерсе таң калтырган жок. Таптакыр эч нерсеге таң калганым жок. Булар (Кыргызстандагы аялдар) кара кийет экен, ошого таң калдык. Биз кызыл кийебиз. «Эркектерге окшош кийинет экен» деп калдык.

Бир уулу менен келген жесил

Турдубек Шамиридин уулу.
Турдубек Шамиридин уулу.

19 жаштагы Турдубек Шамиридин уулу менен таанышкан соң ал атасы экөө жашаган бөлмөгө баштап барды. Бир жарым кулачтай караңгы, кадимки эски мектептин коридорунун аягындагы бөлмөсүнө бардык. Анда 40 жаштагы атасы Шамиридин Абдулазиз уулу олтурган экен.

- «Нарынга бардым» деп айтып калдыңыз, эмнеге барып келдиңиз?

- Нарынга Памирден келгенде бир-эки күн ушул жерде туруп эле анан бардым. Келгениме үч аптадай болуп калды. Ал жакта Памирден келген туугандар бар эле. Алардан кабар алып, эки аптадай жатып кайра келдим. Аларда жакшы экен, өкмөт үй бериптир. Бул жакка келгенде уулдуу болду го. Баласынын атын Алмазбек койду го, ошолорго барып келдим. Аларда кыйналыш жок экен, оокаттары жакшы экен.

- Памирдеги уулуңуз эмнеге сиздер менен келген жок?

- Ал жакта бир кичүү уулум калды, 13 жашар. Чоң уулум 19да. Кичүү уулумду акча жетишпей, таштап койдум. Памирден Кыргызстанга келгенче бир жарым ляк, ал 5-6 топоз, 9-10 койдун акчасы. Ал жол киреге, паспортко, визага, бирин-серин өзүбүздүн тамак-ашыбызга кетти.

- Нарынга көчүрүлүп келгендердин арасында кайра көчүп кетип калгандары болгон. Эмнеге кайтып барышканын айтышканбы, сиздерге?

- Алар «бул жерде бизди жалгыз коюп койду, зериктик, бизди кошо барган туугандар менен койбоду» деп барышты.

- А сиздер, зерикпей эле турасыздарбы?

- Биз зерикпей эле турабыз. Мына, кошуналарыбыз менен киребиз-чыгабыз, бирбиз. Кечээ айыл өкмөт телевизор алып келип коюп берди. Көрүп атабыз, кызык эле экен. Кыргызстан чыгат, ырлар чыгат.

- Сиз Памирде эмне иш кылат элеңиз? Эмне менен алек болдуңуз?

Шамиридин Абдулазиз уулу.
Шамиридин Абдулазиз уулу.

- Мен Памирде жүргөндө элге, байларга кызмат кылат элем. Ошондон акымы алат элем. Балам да ошондой эле. Кой, топоз, акча алат элек. Ошол жакта бир тууганыбыз бар, Молдоажы деген. Ажыга барып келген, өзү молдо. Тууганым болот, эки-үч жыл ошондо жүрдүм. Мурун аялым, ата-энем бар эле. Алар бар учурда биз да өзүбүз үй-бүлөбүз менен өзүнчө элек. Мал-жаныбыз да бар эле. Анан аялым, атам, апам да өтүп кетти. Анан мен эки балам менен калдым. Анан Улуу Памирге келдим.

Азыр кичүү балам Абдисалам деген агамдын үйүндө калган.

- Бул жактан жубай алайын деген оюңуз жокпу?

- Кырк жаштамын. Карап көрүп, табылса алам. Жакшы болсо, мусулман болсо, уялчаак болсо. Шым кийип, узун көйнөк кийбейт экен. Биздин көзүбүзгө сонун (таң калыштуу) көрүнөт. Биздин аялдарды көрдүңүзбү? Аябай уялышат, узун көйнөк, маасы-көлөч кийишет.

- Ууулуңузду эмне кылайын деп жатасыз?

- Уулум да эми бул жакта үйрөнүшүп калса, жашап, ушунда туруп калсак, бул да ушул жактан үйлөнуп калса, анан ушул жакта эле жашай беребиз деген ой бар. Үйлөнсөк ушул жакта эле жашай беребиз, ушул жакта калып калабыз. Анан үйлөнө албасак, бир жаңсыл болбосок, анда дагы бир жагы болот.

Балам да окуп атат, өзүм да мектепке каттап атам. Азыр тамгаларды таанып калдык. Булар жаш, окуп кетсе жакшы болот.

- Бул жерде кандай кыйынчылык болуп жатат?

- Кыйынчылык жок. Көмүр берген, аны калайбыз, ысык меш менен телевизор көрөбүз, чай кайнатып тамак кылып жеп олтурабыз. Ун, күрүч алып келип берген. Нанды кошуналарыбыз жасайт, башка тамакты өзүбүз кылабыз.

Памирде эт болот, күрүч болот, каттама, чабаты дейбиз, каймак, айран, ошолор болот. Бул жерде жаңы тамактарды жасап үйрөнбөдүк. Ошол жакта жасаганды эле жасап жейбиз. Макаронду да ошол жактагыдай бышырып жейбиз. Сууну азыраак куюп, демине бышырабыз.

Шамиридин Абдулазиз уулу интервьюдан сырткары уулу менен кир жуугандан кыйналып жатканын айтып, «башкалардын жубайы бар, жууп берет экен, бизге кир машине болсо жакшы болмок» деди.

Памирлик кыргыздардын дасторкону нан, кант жана чай менен гана чектелет. Бирок өкмөт макарон жана күрүч менен камсыз кылган.

Маектешкен эки үй-бүлө тең «Кыргызстанда жайгашып алышыбыз үчүн үй-жайлуу болуп калсак» деген мүдөө-максаттары менен жашап жатканын айтышты. Алар үчүн Алайдын Талды-Суу айылынан 1 гектардан ашык жер бөлүнүп, апрель айынан үйлөр курула баштайт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG